Тармактык комитет жайыттарды натыйжалуу башкарууга багытталган ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды

Бүгүн, 22- январда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде «2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Аталган маселе боюнча КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун максаты жайыт комитеттеринин кирешелеринин өсүшүнө жана жайыттарды натыйжалуу башкарууну жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.

Долбоор 4 компоненттен турат:

  1. Мал чарба продукциясынын кошумча нарк тизимин өнүктүрүү;
  2. Мал чарба продукциясынын кошумча нарк тизимин каржылоо;
  3. Кыргызстандын мал чарбачылыгынын санитардык системасын модернизациялоо;
  4. Долбоорду башкаруу.

Макулдашуунун шарттары:

Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду тарабынан берилүүчү кредитинин суммасы – 12,7 млн АКШ доллары, Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду тарабынан берилүүчү гранттык суммасы – 12,7 млн АКШ доллары. Кредитти төлөө мөөнөтү 40 жыл. Жеңилдетүү мезгили – 10 жыл, пайыздык ставкасы – жылына 0,75 %.

Талкууда депутаттар бул долбоорду жүзөгө ашыруучу тараптардын пландык иш-чаралары менен катар потенциалы дагы жетиштүү экенин такташты. Ошондой эле эл өкүлдөрү бүгүнкү күндө дыйкандар менен фермерлер  дыйканчылык же мал чарбачылыгы боюнча ар кандай окууларга муктаж эместигин билдиришти. Республика аймагындагы жергиликтүү уюмдардан зарыл болгон билимдерин ала алышаарын белгилешти. Андыктан, насыя алуу долбоорлоруна окутуу иштерин камтыбай эле, түз насыя алууга өтүү керек дешет эл өкүлдөрү.

Жыйынтыгында аталган ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *