Тарых музейинен 3 Ленин ордени, 2 эки төш белги, 20 мончок, 4 кылыч жоголду

Тарых музейинен жогол­гон экспонаттардын арасында үч Ленин ордени, эки төш белги, 20 мончок, төрт сак мезгилиндеги кы­лыч бар. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында Тарых музейинин директору Анаргүл Исираилова билдирди. Анын айтымында, 2012-жылы экспонаттарды инвентаризациядан өткөрүшкөн. Текшерүүдөн кийин, музейдин экспонаттарды сактоочусу жумуштан алынды. Проку­ратура тарабынан бул фак­ты боюнча үч иш козголду. Жыйында белгилүү болгондой, Тарых жана М.Фрунзе атындагы музейлерде экс­понаттардын мамлекеттик фонду жок. Аны түзүү үчүн 10 миллион сомдой акча талап кылынат…

Булак: “Фабула”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *