Ташболот Түлеевдин жаркын элесине

Меценат, эмгек сиңирген курулушчу Ташболот Түлеевдин жаркын элесине арналган шахмат оюну боюнча чоң мелдеш аяктады. Демилгени небереси Назгул Түлеева жана КР Шахмат федерациясы көтөрүп чыгып, жүзгө жакын кыргыздын мыкты шахматчылары күч сынашты. Спортту колдоп, анын ичинде шахмат оюнун пропаганда кылган Назгүл айымга федерация башчысы Милан Турпанов ыраазычылык билдирип, байгеге жетишкен жеңүүчүлөрдү кызуу куттуктап кетти. 7 жаштан 70 жашка чейинки акыл-эс оюнунун чеберлер арасында алдыга озуп келген мыкты оюнчулардын аттарын атап кетсек ашыкча болбос. 1 -орунду Элдияр Орозбаев, 2-орунду Адилет Аттокуров, 3-орунду Эсенбек уулу Илимбек ээледи.

 

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *