Ташиев шайлоого катуу даярданууда

Жакында HewTB каналында «Бийликке кандай тартип ке­рек?» деген темада түз эфир­деги көрсөтүү болуп, анда бийлик, саясат, мыйзам, парламент тууралуу ар кандай суроо-жооптор айтылып, көрсөтүүгө ка­тышканы келген Камчы­бек Ташиев берилген суро­ого: «азыр биз бирөөлөрдү камап, бирөөлөрдүн ар­тынан түшкөндү токтотуп, ан­дай саясат кыла бербей эң негиз­киси элдин көйгөйүн чечишибиз ке­рек» деди. Ал эми алдыдагы шайлоо тууралуу: «Учурда «Ата-Журт» партиясы алдыдагы пар­ламенттик шайлоого карата кызуу даярдык­тарды жүргүзүүдө. «Ата-Журт» партиясы кайсы шайлоо болсо да жеңип келген жана алдыдагы күтүлүп жаткан парламенттик шайлоодо дагы жеңет» деген оюн шарт эле айтып салды. Камчыбек Кыдыршаевич чылап оюн тарс айта албаган ашепке эле аристократ, «чи­стоплотный» көрүнгүсү ке­ле берген айрым саясатчы­мын дегендер жымыйып отургандай болгону ме­нен акырындап кыймыл­га келишип, практикалык жактан азырынча баштары бирикпесе да теориялык жак­тан «Барбарос планын» чийип, биригүү аракеттерин көрүп жа­тышканы жашыруун эмес. 2020-жыл. Ага деле анча алыс эмес убакыт калды.Чоң сая­сатта бул көз ирмемдик аралык. Анан калса чы­ны менен эле алдыдагы күтүлүп жаткан парла­менттик шайлоодо көпчүлүк мандатка кимдер ээ болсо бийликтин андан аркы контролдук па­кети ошол тарапта болот дегендик эмей эмне.

Булак: «Айгай-пресс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *