Ташкенттин гастрономиялык картасы түзүлөт

Ташкентте Мамлекеттик туризм комитети менен Өзбекстан ашпозчулар ассоциациясы баш калаанын гастрономиялык картасын түзүүнү талкуулап жатышат.

Гастрономиялык картанын негизги максаттарынын бири – гастрономиялык туризмди өнүктүрүүнү тездетүү, коомдук тамактануу жайларындагы кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирүү болуп саналат.

Гастрономиялык картаны түзүүнүн алкагында жыл сайын кулинардык фестиваль-сынактарды уюштуруп, ашпозчулук өнөрдүн сырларын шаар тургундарына жана конокторуна тартуулоого ниеттенишүүдө.

Гастрономиялык карта коомдук тамактануу жайларына добуш берүү ыкмасы менен түзүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *