Таза кишиге чаң жукпайт

Азыркы ажонун ооматы жанып, президент болуп калганына бозала болгондор не кыларын билбей кагазга күчүн чыгарып жаткан кези. Бир туруп Сокенин өзүнө үрүп, эси оогондо Асылбекке асылып калышканын байкап турабыз. Болбоду дегенде ажобуз мурунку бийликтин саркындыларын тазалай албай айласы куруп жатат деп соктурушууда. Эмнеси болсо да чыйрыгып, солкулдап безгек болгон азыноолак топтун кунары кеткен учур десек таарынбайт деле чыгар?

Ал эми депутат иниси Асылбектин дарегине болсо ар кандай “шилтемелерди” чаргытып элге тараткан шерлердин “фантазиясы” өркүндөп баратат. Башында “Ата Журт” партиясына жабыштырышса, кийинчерээк “Замандашка” чапташып таноосун ичке тартып туруп калышты. Эки партиянын чоңдору болсо бизге Асылбектин эч кандай тиешеси жок деп добулбасын кагышты. Азырынча ажонун көздөй болгон инисинен шыбыш чыкпай турат. Бир жагынан андай ишке себепкер болбосо не деп актанмак эле? Негизи бул киши агасы президент боло электе эле Жогорку Кеңештин спикери болгонун коомчулук унута электир? Ошол мезгилде парламентти чайпалтпай, баарына тегиз карап, мыктылыгын тастыктаганын кантип танабыз? Же ойнотмо көпүрөнүн үстүндө калгандардын эсине мындайда жара чыгып кетеби? Антишине деле шек жаралбайт.

Жээнбековдордун табияты өзгөчө дегенге негиз бар. Анткени алар атанын тарбиясына бекем сугарылышып, арам жолго баруудан жаманатты болорун көп угушкан бала кезде. Ошондуктан элдин кызматына жароого башкы көңүлдү бурушат. Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн талыкпаган эмгегин сарптоого Асылбек да бүткүл кудуретин чегерет. Агасынын кызматына жамынып, тескери иш кылуунун өзү арамдык болорун тереңден түшүнүп мамиле жасайт. Тигил сыңар өтүк кийген сынчылардын айткандары эч убакта суу кечпейт. Андайга жол берилбейт деп ынанууга болот.

Булак: Ачык сөз 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *