Тазабек Икрамов: “Пенсияга чыгып, үзүрүн көрбөй өлүп калгандар бар”

Учурда Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. Мындан тышкары, мамлекеттик бюджеттен 21 миң аскер кызматкери пенсия алат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 5401 сомдү түзөт. Жыл сайын 40-45 миң адам пенсияга чыгат. Айрым пенсионерлер бир-эки же үч-төрт жылдан кийин каза болуп калышат да, пенсиясы мамлекетте кала берет. Кечээ парламенттин жалпы жыйынында «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып, айрым эл өкүлдөрү «пенсия курагындагы жаран каза болуп калса, анын пенсиясынын топтомо бөлүгү мураскерине төлөнүп берилсин» деген маселени көтөрүштү. Депутат Тазабек Икрамов мындай сунуш киргизүүсүнүн себептерин түшүндүрдү.

– Тазабек мырза, пенсияга чыгып, каза болуп калган жарандардын пенсиясын мураскерине төлөп берүү ишке аша баштаптыр. Бирок, сиз пенсиянын төлөнчү жалпы суммасы көргөзүлүп, аны кандай алуу пенсионердин өз тандоосуна коюлушу керектигин сунуштап жатасыз. Мындай практика башка өлкөлөрдө барбы?

– Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарда иштеп, пенсияга чыккан ар бир жарандын пенсиясынын жалпы суммасын аныктап, «баланча миң сом пенсия аласыз» деп өкмөт иштеп чыгып бериши керек. Мен ушундай протоколдук тапшырма бердим. Антпесек, пенсияга чыккандан кийин бир-эки жыл жашап, каза болуп калгандар бар. Өмүр бою мамлекетке иштеп, социалдык фондго төлөм төлөп келген адам эмгегинин үзүрүн көрбөй, өлүп кетип жатат. Мен айткан сунуш боюнча, пенсиянын суммасы көргөзүлсө, аны ай сайын бөлүп алабы, бүтүн бойдон бир алып, балдарына турак жай сатып береби, ал өз иши. Сунушту өкмөт карап чыгат деген ойдомун.

– Буга чейин коопсуздук тармагында иштеп, пенсияга чыккандар пенсия да алып, мамлекеттик жумушта иштеп, маяна да алгандар тууралуу маселе талкуу болду эле. Алардын айлыгынан соцтөлөмдөр төлөнүүсү керекпи?

– Аскер, коопсуздук кызматындагылар эрте куракта пенсияга чыгуусу мыйзамда бар нерсе. Пенсияга чыккан адам пенсиясын сөзсүз алыш керек. Ал пенсияга чыгьпп үчүн убагында мамлекеттик салык, төлөмдөрдүн баарын төлөгөн. Ал эми пенсияга чыгып да иштей берүүсү чектелбейт. Бирок, бул учурдагы айлыгы толук өлчөмдө төлөнүшү зарыл. Анткени, ал пенсияга чыккан, экинчи жолу чыкпайт.

– «Коопсуз шаар» долбоору көптөн бери күн тартибине кирип, бирок улам артка жылып, каралбай жатат. Эмнеге кыргыз өкмөтү бул долбоорду ишке ашыра албай убара?

– «Коопсуз шаар» долбоорун россиялык «Вега» радиокуруу концерни ишке ашырганы турат. Россиянын «Коопсуз шаар» боюнча практикасы канчалык экенин айта албайм. Бирок, келишимге 12-ноябрда кол коюлуп калды. Менимче, Кытай сыяктуу өнүккөн башка мамлекеттерде коопсуздукту камсыз кылган видеобайкоочу камералар жакшы иштесе керек. Тендерден ошолор утса жакшы болмок. Практикасы көп мамлекеттердин фирмалары тендерден утса, коопсуз да жашайт элек. Ар бир жарандын өмүрү, коопсуздугу өлкө үчүн маанилүү.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *