Тажикстан банктары кардарларды эстрада жылдыздары аркылуу тартышууда

Тажикстанда «Арванд» деп аталган микрокредиттик уюм белгилүү аткаруучу Жонибек Муродовду бир күн каржы кеңешчи болуп иштеп берүүгө чакырды.

«Бул күнү силер белгилүү аткаруучу менен сүрөткө түшүп, ошол эле маалда депозитик эсеп ачып, насыя алып же акча которуу кызматтарын пайдалана аласыңар», — деп жазылган уюмдун социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында.

Лингвисттик кесипке окуган Жонибек Муродов өзүн биринчи жолу банк тармагында сынап көрүү үчүн атайын Украинадан Тажикстанга учуп келген.

Анын айтымында, ал уюм менен келишимге кол коюп, 5-июлда каржы кеңешчиси болуп иштеп берди. Ырчы мындай креативдүү ыкма «Арвандга» көбүрөөк кардар тартууга жардам берет деп ишенет.

Микрокредиттик уюмдун өкүлү Хусейн Туйчиев Жонибекти уюмдун Душанбедеги жаңы өкүлчүлүгүнүн ачылышына дагы чакыргандыктарын жана бул кардарлардын санын көбөйтүүгө түрткү болот деп үмүттөнүп жаткандыктарын билдирди.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *