Тажикстанда абактагы козголоңду басууда камактагылар каза болду

Тажикстандын Хужанд шаарында жайгашкан катаал режимдеги абактагы козголоңду басууда камактагы бир нече киши каза болду.

Маалыматка караганда, абактагы башаламандык 8-октябрга караган түнү башталып, аны токтотууга милициянын атайын даярдыктагы бөлүгү тартылган. Азырынча камактагылардын козголоңуна эмне себеп болгону белгисиз.

«Козголоңчуларда бычактар болгон. Азырынча каза болгондордун саны белгисиз. Мага жеткен маалыматтар боюнча камактагы бир нече киши качуу аракети маалында жарадар болгон. Айрымдары абактын аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Башаламандык токтулуп, учурда тергөө иштери башталды», — деп билдирди өз булак.

Кечээ кечки саат 10 жарым, 11лерде абактын аймагында ок атуулардын үнү угулганы кабарланган. Бирок Жазаларды аткаруу кызматынын шаардык бөлүмү бул маалыматтарды четке какты.

Күбөлөрдүн айтымдарында, шаардык бардык көчөлөрүндө, ошондой эле коңшу Кыргызстан менен Өзбекстанга барчу унаа жолдордо күч түзүмдөрүнүн атайын посттору орнотулган. Азырынча тажик бийлиги хужанд түрмөсүндөгү козголоң тууралуу маалымат бере элек.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *