Тажикстанда «Аймактык кызматташтык» машыгуулары өтөт

Кийинки жумада Тажикстанда Азиянын бир нече өлкөсүнүн жана АКШнын коопсуздук күчтөрүнүн катышуусунда эл аралык масштабдагы машыгуулар өтөт.

Дүйшөмбүдөгү АКШ элчилигинин маалыматына караганда, иш-чарага беш өлкөдөн 200дөн ашык өкүл катышат. Эки жума аралыгында (10-июлдан 23-июлга чейин) АКШ, Пакистан, Тажикстан, Кыргызстан, Монголия өлкөлөрүнүн аскерлери жана Казакстандын байкоочулары «Аймактык кызматташтык – 2017» деп аталган ар жылкы машыгууларды өткөрүшөт.

Бул БУУнун уруксаты менен тынчтык орнотуу операцияларына багытталган машыгуу болуп эсептелет. Анда негизги көңүл террорчулукка каршы күрөш, чек аралардын коопсуздугу, табият кырсыгы маалындагы аракеттерди координациялоо жана аймактагы туруктуулукту камсыздоого бөлүнөт.

Командалык машыгуулардын бир бөлүгү Дүйшөмбүдө өтөт. Андан соң 17-июндан 21-июнга чейин АКШ менен Тажикстандын аскерлери «Фахрабад» полигонунда эки тараптуу талаа машыгууларын өткөрүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *