Тажикстанда ажылык сапарга кеткендердин акыркы тобу бүгүн келет

Ажылык сапарга кеткендердин акыркы тобу бүгүн Мединадан Дүйшөмбүгө учуп келишет. Бул туурасында Дин иштери боюнча комитет билдирди. Зыяратчылар чак түштө учуп келишет.

Алардын саны 360 адам. Дүйшөмбүгө ажыларды Airbus тибиндеги араб авиакомпаниясындагы лайнер жеткирет. Зыяратчылардын 200 адамдан турган алгачкы тобу Сауд Арабиядан 18-сентябрда келген.

Дүйшөмбүнүн 55 жаштагы тургуну Илхом Аминжоновдун айтымында, зыярат 50 градус ысык менен коштолду. Баары эле мындай аптапка чыдай албайт. Бирок буга карабай, мусулманчылык парз аткарылды.

Быйыл ажылык сапар учурунда үч тажик зыяратчы каза болду. Алардын сөөгү Меккеде жерге берилди. Бул жылы исламдагы ыйык Мекке жана Медина шаарларына 6 миңден ашуун тажикстандык барды.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *