Тажикстанда «Барки точик» энергохолдингинин түзүмү өзгөртүлөт

Тажикстан өкмөт башчысы Эмомали Рахмон «Барки точик» компаниясын кайра түзүү тууралуу токтомго кол койду.

Токтом 16-майда өлкөнүн Юстиция министрлиги тарабынан жарыяланды. Маалыматка караганда, «Барки точик» компаниясынын базасында «Электр жеткирүү түйүндөрү» жана «Электр бөлүштүрүү түйүндөрү» деген эки жаңы акционердик коом түзүлөт.

Рахмон Энергетика министрлигине үч айдын ичинде «Барки точик» компаниясы жана Салык комитети менен биргеликте жогорудагы акционердик коомдордун мүлктүк укуктарын жана милдеттерин аныктап, Мамлекеттик мүлк фондуна берүүнү тапшырды.

Тажикстанда энергетикалык компаниялардын түзүмүн өзгөртүү планы өлкө өкмөтү тарабынан 2011-жылы бекитилген. «Барки Точик» компаниясын кайра түзүүгө 7 млн 231 миң 400 евро каражат жумшалат. Бул ишке Corporate Solutions эл аралык консалтинг компаниясы тартылган.

«Барки точик» энергохолдинги 2017-жылдын жыйынтыгы менен салык төлөө боюнча карызы көп ишканалардын катарында болгон. Февралда Салык комитети компаниянын мекемеге былтыркы карызы 101 миллион сомонини (11,5 доллар) түзгөнүн билдирген.

«Барки Точиктин» курамына 24 энергетикалык объект кирет, аларда жалпысынан 12 миңден ашык киши иштейт. «Барки точик» компаниясы ошондой эле коңшу өлкөлөргө электр энергиясы сатуу менен алектенет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *