Тажикстанда дагы бир көз карандысыз басылма жабылды

TojNews көз карандысыз агенттиги “Индем” коомдук уюмунун чечими менен жабылды. Агенттиктин жамааты окурмандарына коштошуу кайрылуусун жолдоду. Буга чейин “Индем” өзүнүн “Нигох” гезитинин жабылганын да кабарлаган болчу.

Кайрылууда жазылгандай, мындай чечим агенттиктин өзү үчүн дагы Тажикстан коомчулугу үчүн дагы күтүүсүз болгон эмес. “Нигох” гезити жабылгандан кийин кезек бизге келип жетерин күтүп жатканбыз. Тажикстандагы дагы башка эки-үч көз карандысыз басылманы ушундай эле тагдыр күтүп турат. Себеп белгилүү: өлкөдө көз карандысыз жана эркин журналистиканын өнүгүшү үчүн тиешелүү шарт жок”,-деп айтылат кайрылууда.

Жамаат мындай кырдаал Тажикстанда түбөлүктүү болбойт деп үмүттөнөт. “Индемдин” чечими менен TojNews агенттигинин бардык архиви улуттун менчиги деп эсептелет. Материалдарды жана атайын долбоорлорду автордук укукту сактабай деле колдонууга болот. Агенттик Тажикстанда 2002-жылдан бери иштеп келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *