Тажикстанда көйгөйлүү банктардын аманатчылары акчаларын ала баштады

Өткөн жылдын декабрында Тажикстан өкмөтү каржылык абалды жакшыртуу жана «Точиксодиротбанк», «Агроинвестбанк», «Фононбанк» жана «Точпромбанкты» банкроттон сактап калуу үчүн 3 млрд 850 млн сомони бөлө турганын билдирген.

«Точиксодиротбанктын» маалыматына караганда, аманатчылар учурда банкоматтардан күнүнө 100 сомониден алып, банктын соода борборлоруна орнотулган POS-терминалдары аркылуу 200 сомониден ашпаган суммага соода кыла алышат.

Кардарларга аманаттар 3-январдан тарта кайтарыла баштаган. Банк карыздарын бир жылдын ичинде төлөп кутулууну пландоодо. Ири суммадагы аманаттарды төлөп берүү үчүн банк өзүнүн кыймылсыз мүлктөрүн — турак үйлөрүн, кеңселерин жана транспорт каражаттарын да сатыкка койгон.

«Агроинвестбанк» кийинки жумада иштеп баштайт, ага чейин кардарлар үчүн таллондук система уюштурулуп, алар шейшемби жана бейшемби күндөрү күнүнө 500 сомониден ашык эмес акча алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мурдараак өлкөнүн Каржы министрлиги республикадагы көйгөйлүү төрт коммерциялык банкты капиталдаштыруу үчүн 3 млрд 850 млн сомони көлөмүндө мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаргандыгын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *