Тажикстанда түнкүсүн көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдүн ата-энелери жоопко тартылат

Тажикстандын Ички иштер министрлиги ата-энелерге 20 жашка чыга элек балдарынын оюн-зоок жайларга баруусуна тыюу салуусун өтүнүүдө. Эскертүүдөн кийин түнкүсүн чоңдордун көзөмөлүсүз көчөдө жүргөн балдардын ата-энелери жоопко тартылат.

ИИМдин маалыматына караганда, мекеме кызматкерлери күн сайын Дүйшөмбүдө ата-энесинин көзөмөлүсүз жүргөн 100гө жакын өспүрүмдү аныктайт.

Укук коргоо органдары мындай эскертүүнү өлкө президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбүнүн активдери менен жолугуп, жаштар арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли боюнча тынчсыздануусун билдирген соң жарыялоодо. «Бул абал ички иштер органдарынын, ата-энелердин жана коомдун өзгөчө көңүл буруусун талап кылат», – деген президент.

Өлкө башчы өспүрүмдөрдүн интернет-кафелерде көп жүргөнүн айтып, укук коргоо органдарынын акыркы текшерүүлөрү 5 жылда 14 миң баланын убакытты текке кетирип, пайдасыз иш менен алектенип жүргөнүн көрсөткөнүн белгиледи.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *