Тажикстанда жүргүнчүлөр жергиликтүү авиакомпаниялардын кызматынан баш тартууда

Тажикстан Көз карандысыз ММКлар ассоциациясынын төрагасы Нуриддин Каршибоев бир жылдан бери жергиликтүү авиакомпаниялардын кызматынан колдонуудан баш тартты. Себеби – билеттер кымбат, тейлөө начар.

«Акыркы жылдары Ташкент аркылуу тез-тез учуп жатам. Өзбек борборунан Европага эки эсе арзан учууга болот. Ал гана эмес “Түрк авиалинияларына” караганда да баасы төмөн», – деди ал.

Душанбе авиакассаларында мурун кезек арбын болчу. Азыр аларга кардарлар өтө сейрек келет. Жүргүнчүлөрдүн көбү билеттер кай жерде арзан экенин баамдап калышты.

«Бизде баалар асмандын башы, учактардын сапаты болсо начар. Тейлөө деңгээли менен баалар шайкеш келбейт», -деди душанбелик жашоочу Фарахноз Хакимова.

Суроо-талап жок болгондуктан, авиакассалардын көбү жергиликтүү компаниялардын билеттерин сатууну 70% кыскартты.

Бул арада жергиликтүү авиакомпаниялар билет баасынын кымбаттыгын күйүүчү майдын баасынын жогору экени менен түшүндүрүшүүдө. Негизги жүргүнчүлөр болгон эмгек мигранттары арзанына карап, коңшу өлкөлөргө барып, транзит менен учууга даяр.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *