Тегин билбеген – ​маңкурттук

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтен кеткенине бир жылга чукулдап калды. Бирок анын өзүм билемдик менен башкарган алты жылдык бийлигине азырынча толук кандуу баа бериле элек. А. Атамбаев алты жыл кыргыз мамлекетинин ички жана сырткы саясатын каалагандай калчады. Кыска аралыкта Кыргызстандын сырткы карызы эки эсеге чукул көбөйүп, ошол эле кезде өлкөнүн экономикасы сызга отурду. Мамлекеттин мүлкүн уурдоо кадыресе көрүнүшкө айланды. Мындай чектен чыккан уурулуктун башында экс-ажо өзү туруп, Кытай мамлекетинен алынган 2 миллиард АКШ долларына чукул карыздын дээрлик жарымы уурдалды. Сырттан карыз алууну атамбаевдик бийлик өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн жасаганы, мындай чектен чыккан уурулукту ишке ашыруу үчүн экс-президент өз айланасына жалаң алкымы бузулган шылуундарды топтогону да айкын болду. Эгер мурунку президенттер мамлекетти башкарууда үй-бүлөөлүк бийликти орнотсо, А. Атамбаев жалаң ууру-кескилерден турган ыйманы жок мафиоздук бийликти орноткон. Алар өздөрүн “реформаторлорбуз” деп, эл алдында «алтын шилекейлерин» чачыратышып, көмүскөдө өлкө казнасын каалагандай калчашкан.

Атамбаевдин бийлиги учурунда ишке ашырылган же башталган мамлекеттик маанидеги ири долбоорлордун баары эч бир техникалык, сметалык негиздемесиз эки эсе жогору бааланган. Маселен ошол эле Бишкек электр жылуулук борборун модернизациялоо К. Бакиевдин тушунда 150 млн АКШ долларына бааланса, Атамбаевдин бийлиги аны 386 млн долларга баалаган. Бул кыңыр иштин башында эки бийликтин тушунда тең келемиштин ролун аткарган, азыр убактылуу абакта отурган экс-премьер -министр Сапар Исаков турган. Бир эле адам бир эле маселени эки башка, эки эсе баалоого жол бергени таң калтырат. Ал ушул кыңыр ишин ишке ашыруу үчүн Кытайга бир канча жолу барганы да айтылууда. Мындан сырткары, Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун (850 млн доллар), Датка (208 млн доллар), Датка- Кемин (400 млн доллар) электр чубалгыларынын курулуштары, Тарых музейин реконструкциялоо сыяктуу иш-чаралар реалдуу сметалык баасынан эки эсе жогору бааланган.

Атамбаевдик бийлик алты жыл ичинде өлкөнүн калыптанып бараткан кадрдык саясатына орду толгус залакасын тийгизди. Жогорку бийликке Атамбаевдин жансакчылары, жардамчылары, айдоочулары, же айтканынан чыкпаган, уурдап- жулуп келгенди гана мыкты өздөштүргөн карөзгөй “жаш реформаторлор” топтолуп, алар өлкөнүн өнүгүп өсүшү үчүн эмес, өздөрүнүн, жакын туугандарынын жана Атамбаевдин жыргалчылыгы үчүн гана кызмат кылышты.

А. Атамбаев өлкөнүн ички регионалдык саясатына, элдин ынтымагына да өтө чоң доо кетирди. Ал бийликке жаңы келгенде эле өзүнүн ата теги түштүктөн, тагыраагы Кокон ордосунан качып келгенин айтып, аны беделдүү тарыхчыларга Алматынын архивинен изилдетип Арашандык айылдаштарын иренжитип алды. Ага чейин ал ата-теги кимдер экенин, кайсы жерди мекендегенин так билбей Таласка барса “кытай” болуп, Чүйгө келсе “солто” болуп, түштүккө барса “тейит” болуп миң кубулуп келген. Мындай айла-амалы менен Атамбаев түштүк элине жакшы көрүнгүсү келгендир, бирок калың журт аны ата-тегин билбеген тексиз, журтсуз адам катары баалап, ага бийлик бергенине өкүнүштү. Өлкөдөгү саясый абалга баа берип, өз акыл-насааттарын айткан аксакалдарды, “ак шакалдар”, Нарындыктарды “койчулар”, Таластыктарды Абыке, Көбөштүн тукумдар деп өз элине акараат айтып, ынтымагын бузду. Мындайды кыргыз эли эзелтен эле “Ханды Кудай ураарда өз элине кас болот” деп келген. Ал Манас баатырдын көзү өтөөрдө жубайы Каныкейге:

«Менин көзүм өткөндө

Бу, Талас сага жер болбойт…

Менин көзүм өткөн соң

Кең Талас сага эл болбойт…». (С. Каралаев. «Манас» эпосу. 953 жана 979- беттер. 2010-жыл.) деп миң жыл мурунку айткан жомок өңдүү насаат керээзин бүгүнкү күндүн чындыгына айлантып Талас элин бөлүп-жарууга аракет кылды.

Экс-ажо А. Атамбаев Кыргызстандын кең келечегине ишенбеген. Муну Таласта уулуу заттарды колдонуу жолу менен кен байлыктарды иштетүүгө каршы турган элге “Чоң кендерди, «Кумтөр» болобу, «Жер-Үй» болобу, минтип иштетпей отурсак, элүү жылдан кийин Кыргызстан бар болобу, ким билет? -деп айтканынан эле байкаса болот. Ошондуктан ал өзүнүн жан-жөөкөрлөрү менен эл байлыгын тез арада талап-тоноп калайын деген ниетте болгону көрүнүп турат. Бул жоромолун ал кандай максатта, эмнеге негиздеп айткан? Улуу журттун келечегин бүдөмүк ойго салган мындай сөздөрдү айтканы үчүн экс-президент жоопко тартылыш керек эле. Балким ал кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн биздин өлкөнүн келечегин аныктаган иш- пландарына аралашканбы деген күдүк ойлор жаралбай койбойт. Болбосо “кендерди бүгүн иштетпесек элүү жылдан кийин Кыргызстан бар болобу, жок болобу” деген ойду айтпайт эле. Эл ичинде Атамбаев Кытай мамлекетинин тыңчысы болгонбу деген суроо коюлуп келет. Бул албетте териштириле турган маселе. АКШ президенти Д. Трамптын шайлоо өнөктүгү учурунда Россия менен байланышы болгонбу деген маселе деле териштирилип жатпайбы.

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн жаңыдан калыптанып келаткан сырткы саясатын да олуттуу зыянга учуратты. Кыргызстан эгемендүүлүк алганда алгачкылардан болуп боордоштук колун сунуп, мамлекет катары калыптануубузга саясый, экономикалык, моралдык жардамдарын берип келген Түркия мамлекети менен болгон жылуу мамилебизди бузду.

Түркияда Гуленчилердин мамлекеттик төңкөрүш жасоого болгон аракетин айыптагандын ордуна тескерисинче аларды тымызын колдоп, айрым молдокелерди Океандын ар жагына жиберип Фетих Гулен менен жолуктуруп өзүнүн “салам-дубайын” айттырды. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан менен кылымдардан келаткан коңшулук жылуу мамилелерибизге доо кетти. Натыйжада Кыргызстан экономикалык, саясый изоляцияда калды. Өзбекстандын президенти И. Каримовду “жакында өлөт, анан мамилебиз жакшырат” десе, Казак президентин “Чингизид”, “кылыч көтөрүп келсең башың кетет” деп президент эмес көчөдөгү жөнөкөй адам айтпай турган оозго алгыс сөздөр менеи акарат айтып, натыйжада Кыргызстандын жолдору буулуп, экономикалык блокадага кабылды. Атамбаевдин эч бир этикетке сыйбаган заар сөздөрүнүн запкысын кыргыз эли куп эле тартты. Мындай кыянаттыктардын баарын Атамбаев кыргыз элине атайлап, карасанатайлык менен жасаган болуусу керек деген жоромолдор да бар.

Алмазбек Атамбаев өзүнөн башкаларды “сервант менен Сервантестин айырмасын билбегендер” деп шылдыңдады. Жазуучу менен жашиктин айырмасын билүү көп деле маанилүү маселе эмес. Сервант деген идиш-аяк салган жашик, Мигель Сервантес Испан элинин атактуу жазуучусу. Атамбаевдин бул сөзүнө териккендер “сервант менен Сервантести коюп сен өзүңдүн тегиңди билип алсаңчы” дешти. Демек сервантты билбегендер мебелди түшүнбөгөндөр, ал эми Сервантести билбегендер Испан адабиятын окубагандар. Ал эми ата-тегин так билбеген адамды маңкурт десек болот. Эң өкүнүчтүүсү ошол маңкурт адамдын алты жыл өлкө башында болуп, элди эзгени…

А.Жапаров

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *