Текебаевдин орбитасында кимдин планы ишке ашпай калды?

Жаңы жылдын алдында, 25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы С. Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн эле. Ал кайрылууда “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым кылуу жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып, мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген. Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги бардык фракциянын лидерлери да бир добуштан колдошкон. Ошол эле учурда дасыккан юристтер тарабынан аталган кайрылууга кайчы пикирлер айтылып, башкалар эмес Текебаев өзү гана президенттен ыйгарым сурап кайрылса мыйзамдуу болоорун айтып чыгышкан. Бул туурасында президент С. Жээнбеков өзү да жыл соңунда (19-декабрда) журналисттер менен болгон маалымат жыйынында Текебаев туурасында бардык соттук инстанция бүткөнүн, аны буза албаарын, мыйзам боюнча бир гана укугу бар экенин, ал мунапыс берүү экенин, эгер Текебаев мунапыс берүү өтүнүчү менен
кайрылса суранычын аткараарын айткан эле. «Башка жол жок» деген.

Ал эми бул кайрылуу боюнча экс-омбудсмен Турсунбек Акун Роза Отунбаева эмнени көздөп жатканын түшүнө албай турганын, Отунбаева юрист эмес экенин, юрист болбогон соң мыйзамдарды толук билбейт да деген маанайдагы пикирин билдирген. Ошондой эле Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу бийлигинин лидерлери өздөрү мыйзамды бузуу жолу менен Отунбаеванын кайрылуусун алтоосу тең колдошуп, алар да эмне үчүн мындай кадамдарга барып жатканына таң калып турганын, “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым кылуу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинде “соттолгон адам өзү кайрылышы керек” деп даана жазылып турганын, ошого карабай Роза Отунбаева менен фракция лидерлеринин мыйзамды бузганга кандай акысы бар? Демек бул жерде саясий соодалашуу болуп жатат» деген пикирин айтып чыккан эле.

Анан эле 5-январда «Азаттык» радиосуна президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү өтүнүч учурда президенттик аппаратта каралып жатканы туурасында айткан маалыматы тарады. Дагы бир кызык жагдай, мурагы күнү Текебаевдин адвокаттарынын бири Таалайкүл Токтакунованын айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине: «Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы баш болуп Өмүрбек Чиркешовичке келишти. Алар Роза Исаковна менен Жогорку Кеңештеги алты фракциянын лидерлери Текебаевге ырайым берүү кайрылуусун президенттик аппараттан бизге жибериптир. Биз да сиздин ырайым суроого укугуңуз бар экенин айтып коелу дегенбиз» деп айтышты. Тырмакчанын ичинде бааласак, алар ырайым суроо боюнча Текебаев өзү кол коюп, суранышын талап кылып жатышат» деген маалыматты айтып чыкты. Анан… ошол эле күнү Текебаевдин абалы дурус болуп калганын, ооруканага жатууга кажет жок экени, анын ден-соолугуна абакта деле кам көрүлөөрү айтылып 9-январь күнү Ө. Текебаевди Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунан кайрадан 47-коллонияга которуп кетишти. Ага чейин врачтардын оозу менен Текебаев дайыма дарыгерлердин көзөмөл алдында болуш керек экендиги айтылып, «инфарктка чейинки абал» деген, андан мурун «артмия»
деген жүрөктү түшүргөн диагноздор коюлуп, аталган Улуттук кардиология борборуна 13-декабрда жаткырылган эле. Андан көп өтпөй абактагы адамды өлкөнүн президенти туулган күнү менен да куттуктап да жибергени коомчулукту таңкалдырган.

Ал эми саясат талдоочу Марс Сариев Текебаевдин айланасындагы иштер боюнча «Президенттик аппарат “карап жатабыз” деп саясатка жараша мамиле кылып жатат. Анткени «жаз келери менен кандайдыр бир окуялар чыгып кетпесин» деген кооптонуу бар. Ошондуктан “Текебаевдин ишин кантип чечсек?” деп бийликтин башы катып турат. Азыр Өмүрбек Текебаев саясатта жок. Алмазбек Атамбаев да кетти. Өмүрбек Бабанов болсо чет мамлекетте жүрөт. Азырынча салмактуу саясатчылар жок. Эгер Текебаев чыгып, саясатка аралашса, Сооронбай Жээнбековдун саясаттагы салмагы өзгөрө түшөт.

Текебаев кандай кадамдарга барат – ал да чоң суроо» деген пикирди карманууда. Текебаевдин айланасындагы болуп өткөн калейдескоп сыяктуу ушундай аракеттерге карата бир божомолубуз: кимдир бирөөнүн же кимдир бирөөлөрдүн ойлогон оюну ишке ашпай калган сыяктуу туюм жаралып калды.

Күлчоро Кабылов

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *