Темике өзү тың болгону менен штабы артка тартууда

Шайлоо күнү жакындаганы Темир Сариевдин баштагы жүрүшү жанданып, катуу темине баштады. Мурда Кыргызстандын түндүк регионун кыдырса, кийинки учурларда Жалал-Абад, Ош аймагына буту жетип, эл менен жолугушууларды өткөрүүгө үлгүрүүдө. Бирок, башкы атаандаштарынын деңгээлине чыга алдабы. Өзгөчө шаң-салтанат, ырчы-чорчулары жок эле үгүт иштерин жүргүзүүдө. Дагы бир кызыгы, соңку убакта Темикеге бийликчил маалымат каражаттары катуу компроматтарды жаадырышууда. Ошол эле кезде оппозиция тарап дагы сын-пикир айтууда. Негедир Сариев оппоненттерине ынанымдуу жооп кайтара албаганы байкалат. Балхаш көлү бошобой аткандыр, а мындай шартта штабы эмнени карап отурат? Жообун берип, айбат жасаш керек болчу. А баса, Назира Ахмедовага окшогондор пиар-менеджерликти, дегеле идеологиянын «и» тамгасын түшүнүшпөсө кантишсин анан?..

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *