Темир Бирназаров, режиссер: Мааниси төмөн, жеңил-желпи кинолорго азгырылган эл, кызыкпай коюшту

-Темир мырза, “Кош келиңиз президент мырза” аттуу киноңузду театрларга коюп элге тартуулап баштадыңыз эле, көп өтпөй эле кайра киноңузду театрлардан алып салыптырсыз, себеби эмне?

– Менин тасмама кызыккан көрүүчүлөрдүн саны аз болду. Залга эл толбой койду. Ошол себептен киномду театрлардан алып салдым. Кинотеатрларга он төрт, он беш жаштан жыйырма эки, жыйырма үч жаштагы жаштар барат экен. Алардын көпчүлүгү кыз-келиндер. Менин кином алардын табитине туура келбей калды окшойт. Негизи көпчүлүк эс алыш үчүн жеңил-желпи темадагы киного барышат экен да.

– УКМК тарабынан тасманы көрсөтүүгө тыюу салыптыр деп уктук. Бул маалымат жалганбы?

– Эч ким, эч кандай тыюу салган жок.

-Тасманы эл көрүүсү керек го, эми элге кандай жол менен көрсөтөсүз?

– Азыркы тапта Ошко, Жалал-Абадга, региондорго алып чыгып көрсөтөлү деп турабыз.

– Киноңуз өлкөдөгү бардык театрларга коюлбаса, кетирген чыгымыңызды актабай калбайбы?

– Актап-акталбаганы маанилүү эмес. Негизгиси эл тасманы көрсө, түшүнсө, кичине да болсо менин кином элдин аң-сезимин өстүрүүгө таасирин тийгизсе деген тилек.

– Башка режиссёрлор сыяктуу эле жеңил-желпи кино тартсаңыз болбойт беле?

– Жеңил-желпи кино тартыш үчүн, ой жүгүртүүң да ошондой болуш керек го.

– Элдин жеңил-желпи кинолорго азгырылып жатышынын себеби эмне?

– Учурда коомдун деңгээли да өтө төмөндөп кетти. Маданияттын деңгээли түштү. Чыңгыз Айтматовдун, Султан
Раевдин, Кеңеш Жусуповдун, Кубатбек Жусубалиевдин чыгармаларын окуган окурман жок. Чыныгы чыгармалар, чыныгы искусство жоголуп бараткандай. Элдин жеңил-желпи тасмаларга азгырылышынын эң негизги себеби ушул.

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *