Темир Сариев, экс-премьер-министр: «Атамбаев менен жолугуп, сүйлөшүүнүн зарылчылыгын көргөнүм жок»

— Темир Аргенбаевич, 17-сентябрда мурунку ажо Атамбаев 62 жашка чыкты. Туулган күнү менен куттуктап кат жөнөттүңүзбү?

— Мен премьер-министрликтен кеткенден кийин 2–3 айдын ичинде СМС аркылуу бир же эки жолу ал киши менен жазышкам. Эки жылдан ашып кетти, ошондон бери байланышым жок.

— Президент саясатчылар менен жолугуп, өлкөдөгү саясий абалды, келечекке болгон прогнозду талкуулап жатпайбы. Сизге да президент тараптан сүйлөшүү сунушу түштүбү?

— Президенттин иш ыкмасында ар түрдүү форматтар бар. Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир топ коомдук ишмерлерди чакырып чоң форматта жолугушууларды өткөзүп жатат. Президенттин алдында түзүлгөн Улуттук кеңеш бар. Ага дагы бийликтин баардык бутактары менен кошо жарандык коомдун активдерин чакырып сүйлөшүп жатканын туура деп эсептейм. 31-августта эгемендүүлүктүн чоң майрамында борбордук аянтка мурунку өкмөт башчыларын, парламенттин, Жогорку соттун башында турган адамдарды, аскер башчысы болгон генералдарды, коомдук уюмдардын башчыларын чакырып, алар майрамдык кечеге катышып, президенттин сөзүн угуп кетишти. Бул элибизди биримдикке, ынтымакка чакырып, мамлекеттүүлүктү баалай билүүгө үгүттөгөн жакшы көрүнүш. Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылышына конок катары чакырылып, ал жакка да бардым. Бул дагы саясатчылар менен бийлик бири-бирин түшүнүүгө алып келет деп ойлойм. Экинчи форматы болсо, президент саясатчылар менен жолугушуп, алардын сунуштарын, пикирлерин угат. Андай форматтар болуп жатса керек. Бул формат ачык жарыяланбайт. Жеке өзүм президент менен жолуга элекмин.

— Сооронбай Жээнбековдун саясатчылардын, коомдук ишмерлердин көпчүлүгүн майрам күнү борбордук аянтка чогултканы жакшы демилге болдубу?

— Мамлекеттик кызматтарда жүрүп, ал жактан кеткен адамды эл гана эмес бийлик дагы оппозиция катары көрүп, куугунтуктап, ар түрдүү сындарды айтып жүргөн. Ушунун өзү туура эмес. Бийликке келген адам өзүнүн мөөнөтүндө иш билги экенин көрсөтүп, кетип жатканда жүзү жарык кетсе бийликтин туруктуулугу бекемделет. Жогорку бийлик башында иштеген адамдарды иштеп жатканда мактап, кызматтан кеткенден кийин жамандай берүү жакшы көрүнүш эмес. Бүгүн иштеп жаткан президенттин максаттарынын бири экс-президент институтун түзүп кетүү. Биз экс-президент институтун түзүп, алардын коомдогу ордун таап бербесек, бийлик алмашуу оор болуп, кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн. Акаевдин, Бакиевдин кетиши мисал болбодубу. Атамбаев өз убагында Отунбаеванын ордун таап берип, ага көмөк көрсөтүшү керек болчу. Тилекке каршы, 2016-жылы 31-август майрам күнү борбордук аянтта мамлекет башчынын оозунан чыкпай турган сөздөрдү айтып салды. Ошондогу айтылган сөздөр тирешүүгө алып келди. Ушул көрүнүш кайрадан кайталанып калбашы керек.

— Бүгүн экс-президенттин дарегине ар түрдүү сөздөр айтылып жүрбөйбү. Ал кишинин жакын адамдары коррупция менен шектелип, кылмыш иштер козголуп абакта олтурушат. Козголуп жаткан кылмыш иштер Атамбаевге барып такала турган болсо, экс-президент деген ордун кантип таап бере алат?

— Ал иштер мыйзам ченемдүү болушу керек. Тергөө ачык, таза, сапаттуу жүрүшү зарыл. Акыркы чекитти сот гана коёт. Эгерде азыркы иштердин баары далилденип, экс-президентке барып такала турган болсо, мыйзам чегинде күнөөсүн тартат. Күнөөсүн тартып жаткан адам дагы туура эмес мыйзамсыз иштерди кылган экенмин, жазамды көтөрүшүм керек деп айтат. Ак жеринен каралап, туура эмес тергөө иштери жүрүп, күбөлөргө басым жасалып, такталган фактылар жок эле үстүртөн карап койсо, коомду чыңалууга, нааразычылыкка алып келет. Биз дайыма туруктуу бийлик, өнүккөн мамлекет болсо дейбиз. Андай болуш үчүн ар бирибиз өз үлүшүбүздү кошушубуз керек.

— Саясатта кечээки касташкандар бүгүн дос, бүгүнкү достор эртең касташкандар болуп калат эмеспи. Сиз деле Атамбаев менен учурунда пикирлеш болуп жүрдүңүз, кийин Өкмөт башчысы болуп иштедиңиз. Азыр ал киши чакырып, бет маңдай олтуруп сүйлөшөлү десе барасызбы?

— Биз убагында оппозицияда чогуу жүрдүк. Андан кийин төрт жылга жакын Өкмөттүн мүчөсү болуп экономика министрлигин башкардым. Бул убакта бир топ эле жолугуп, реформа, багыт, мамлекеттүүлүк жөнүндө сүйлөшүп аттык. Мени эки жолу премьер-министрликке колдоду. 2015-жылы май айында парламентте менин фракциям жок болсо дагы КСДП сунуштап Өкмөт башчылыкка келгем. Анда алдымда экономиканы активдештирүү иштери, Бажы биримдигине кирүү үчүн келишимдерди толук бүтүрүү, октябрда өтө турган парламентте шайлоону жаңы биометрикалык маалымат ыкмасы менен өткөрүү милдеттер турган. Бул милдеттерди так, туура аткара алдык. Жаңы парламент шайланып келгенден кийин экинчи жолу менин талапкерлигимди колдоп берди. Ал убакта Атамбаев менен ортобузда түшүнүшүү бар болчу. Иш абдан жакшы кетип жатканына карабай 2016-жылы апрель айында өзүм кызматтан кетүү боюнча билдирүү жасадым. Себеби, парламент менен өкмөттүн ортосунда тирешүү пайда боло баштады. Бул тирешүү мен жактан болгон эмес. Атамбаев жактан атайын уюштурулган иш болгон. Муну ачык эле айтып коюш керек. Менин сапарым карыса, эки бийликти бири-бирине тирештирип, жумушка залакасын тийгизбей, атадан калган так жок, арызымды жазып кетейин деп президентке айткам. Президент экөөбүз сүйлөшкөндөн кийин кызматтан кеткем. Экөөбүз сүйлөшкөндө мага карата сын-пикирлери, дооматтары жок болчу. Президент тараптан Сариевдин активдүү иштеп кеткенине сын-пикир болсо керек. Тайманбай курч чечимдерди кабыл алганбыз. Өзбекстан колдонуп жүргөн 4 пансионат, Орто-Токой суусактагычы, 4 насостук станция жана башка баардыгы 19 объектини Кыргыз мамлекетинин менчигине өткөзүүгө жетишкенбиз. Бажы биримдигине кирип, чек араны ачып иштей баштаганбыз. Ипотекалык компанияны түздүк, азыр дагы иштеп жатат. Чоң ири ишканалар ачылды, Кыргыз-Орус фонду түзүлдү, жергиликтүү ички жолдорду оңдоону баштаганбыз. Ошол убакта Атамбаев мени чакырып, сүйлөшүп турса туура болмок. Андан бери көп убакыт өтүп кетти. Азыр Атамбаев менен жолугуп, сүйлөшүүнүн зарылчылыгын көргөнүм жок.

— Өкмөт башчылыктан кантип кеткениңиз тууралуу айтып, кечээги тарыхты айтып жатасыз. Мен дагы бир тарыхый учурду тактап коёюн деп атам. К. Бакиевдин учурунда оппозиция Бириккен Элдик кыймылын түзүп, бийликке каршы чыккан. 2009-жылы болгон президенттик шайлоодо Атамбаев менен сиз бир талапкерге токтой алган эмессиңер. БЭК лидерди тандап жатканда Атамбаев сизге “Темир, акчаң болсо ортого ташта, баарыбыз сага иштейбиз. Акчаң жок болсо мен ортого акча таштайм, баарыңар мага иштейсиңер” деп айтканы чындыкпы?

— 2009-жылы президенттик шайлоонун алдында турганбыз. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин эки тактиканы колдонмокпуз. Бакиев иштеп жаткан президент болгон соң күчтүү эле. Баардык жолго барып, шайлоону утуп чыкмак. Биз ага каршы салмактуу күч болуп турушубуз керек болчу. Биринчи сүйлөшкөнүбүздө БЭКке кирген саясатчылар ар бир жерден шайлоо учурунда мыйзамсыз ишке жол бербөө болгон. Экинчиси бир адамды колдоо эле. Мында талаш-тартыштар болду. Шайлоого барыш үчүн каражат керек да. Ким көбүрөөк каражат чыгарса ошону колдойбуз деген сөз болгон. Бул эми тарых болуп калды. Мени дагы “Ак шумкар” партия талапкер кылып көрсөтүп, өзүбүз президенттик шайлоого катышканбыз.

— Жакынкы күндөрү Темир Сариев, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев башында турган топ бийликке каршы оппозициялык блок экенин жарыялайт деген маалыматтар чыга баштады. Сүйлөшүүлөр болуп, жаңы оппозициялык блок түзүлүп калдыбы?

— Саясатчылардын ортосунда жолугушуу, сүйлөшүүлөр боло берет. Муну одоно түрдө кабыл албашыбыз керек. Мадумаров менен деле жакшы мамиледемин. Жолугуп калганда мамлекеттин келечегин, биримдик, көз караштар, башкаруу системасы тууралуу сүйлөшүп, кээде талашып калабыз. Экөөбүз 1991-жылдан бери эле таанышпыз. Өмүрбек Суваналиев менен деле жолугуп, учурашып калам. Ал экөөбүз дагы бири-бирибизге жаман сөз айткан саясатчылардан эмеспиз. Кээ бир маалымат каражаттар такталбаган маалыматтарды чыгарып жиберишет. Мен саясатчылар менен блок түзүп, оппозициялык күчкө айланалы деп сүйлөшө элекмин. Бул темада жолугушуу дагы болгон жок.

— Экономисттер мамлекеттин тышкы карызынын өсүп кеткенине тынчсызданып жатышат. Сиз дагы күчтүү экономисттердин бирисиз. Атамбаев өзү президент учурунда алынган карыздар боюнча билдирүү жасады. Ал кишинин билдирүүсүн сиз дагы карап чыксаңыз керек? Экс-президенттин билдирүүсү канчалык деңгээлде жөндүү болду деп айта аласыз?

— Мамлекеттин ичинде инфраструктуралык багыттарыбыз абдан кашаң болуп кечеңдеп жатат. Мурун жолдорубуздун абалы кандай экенин билесиздер. Бишкектен Нарынга барыш үчүн бир күн кечке жүрчүбүз, жол салына элек болчу. Бишкек-Торугарт жолу салынды, бул туура болду. Ошол өрөөндө жашаган элибиздин турмушу жол салуу менен кандайдыр бир деңгээлде жеңилдеди. Чыгашалары да азайды. Электр энергия тармагында бир топ иштер аткарылды. Өзүбүз электр энергияны өндүргөнүбүз менен диспетчердик пунктубуз Өзбекстанда болуп, өзүбүз башкара албай, бул жакка ташып келгенге электр чубалгыларынын күчү жетпей, жарыкты өчүрүп кыйын абалда турганыбызды айтышыбыз керек. Ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу мамлекеттин милдети. Буларды өзүбүздүн чакан бюджетибиз менен салабыз десек, анда дагы 25–30 жыл убакыт кетет. Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фондусу (МВФ), Азия өнүктүрүү банкы, кээ бир бизге жакын, өнөктөш мамлекеттерден акча алып келип, инфраструктуралык тармактарга салганыбыз туура. Эгер андай ишти аткарбасак акыбалыбыз мындан дагы кыйын болмок.

— Сиз Дүйнөлүк банк, МВФ, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы донорлорунан алган карыздарды айтып жатасыз. Тышкы карызыбыз 4 млрд доллардан ашса, анын 1,7 млрд доллары Кытай мамлекетинен алыныптыр. Башкача айтканда жалпы карыздын 42 пайызын бир эле өлкөдөн алыптырбыз. Ушул кооптуу болуп жаткан жокпу?

— Экономикабыз өспөсө, өзүбүз акча таппасак сөзсүз коркунуч туудурат. Алган акчаларды туура пайдаланып, жолдорду, каналдарды салып, элибиздин жашоосун жакшыртсак, экономикабыз өсө баштаса, бүгүнкү карызга алган бир долларыбыз кайрып бере турган убакта 30 цент болуп калат. Айыл жергесине барганда жашоочулар “Жумуш кылайын деп эле турам. Жерим, сарайым бар. Ишти алып кеткенге кредит болсо, мал сатып алып 2–3 жылдын ичинде кутулуп алат элем” деп айтышат. Биз “Сен карыз болуп каласың, сага кредит бербейбиз” деп койсок, ал олтура берет. Мамлекет дагы ошондой болуп жатпайбы.

Жол салганга, электр чубалгыларын тартканга, элибизди таза суу менен камсыз кылганга кредит алсак карыз болуп калабыз, муну 20–30 жылдан кийин кылабыз десек туура болобу? Маселени башкача коюш керек. Кээ бирөөлөр алынган кредиттерди эффективдүү колдонолу деп айтып жатышат. Ушул туура талап. Мындан сырткары экономикабызды өстүрүш керек. Элибиздин турмушун экономикабыз иштесе гана оңой алабыз. Элибиз бай болуп, анын артынан мамлекетибиз да байыганда коркунуч кетет. Биздин экономикабыз аябай эле чакан. ИДП киши башына 1300 доллар. Бул абдан аз. Россияда бул көрсөткүч киши башына 12000 доллар. АКШда болсо 56000 доллар болсо, Катардыкы 102000 миң доллар. Катардын элинин жашоосуна жетиш үчүн экономикабызды 100 эсе, АКШга теңелебиз десек 50 эсе, Россияга жетебиз десек 10 эсе экономикабызды көтөрүшүбүз керек. Түз инвестицияларды алып келүү жолдору бар. Биз бул боюнча ишти баштаганбыз. Өкмөт башында турганда Ала-Бука районундагы “Бозумчак” алтын комбинатын ишке киргиздик. Биринчи жылы эле 200 млн сомдон ашык салык төлөдү. Кийинки жылдары 500 млн сомго чейин салык төлөйт. Миңден ашык киши жумуш менен камсыз болуп, орточо алган айлыгы 40–50 миң сомго чейин чыгат. Бул айыл жергесинде жакшы айлык да. Ушуга окшогон ишканаларды ачуу керек. Премьер-министр кезимде ар бир райондо жыл сайын ондон кем эмес ишканалар түзүлсүн деген демилге көтөргөм. Бизде 55ке жакын район, кичи шаарлар бар. Жыл сайын 500 ишкана түзүлүп калмак. Анын бирөөсү жакшы иштесе, бирөөсү иштей албай калышы мүмкүн. Бирок, бул аракет, аларга коюлган тапшырма болуп жатпайбы. Өнүгүү тепкичи деп 17 шаардын программасын жазып жатканбыз. Мен кеткенден кийин Өкмөт аны кабыл алды. Азыр анын иштөөсү чабал болуп жатат.

— Кытайдан алынган карыздар сиз айткан өндүрүшкө салынбастан, коррупциялык схемалар менен жеке адамдардын чөнтөгүнө түшүп калганы белгилүү болуп жатпайбы. Карызды алган учурда талаш-тартыш жаралса Кытайдын мыйзамы менен Гонконгдо каралат дегенге биздикилер макул болуп кол коюп бергени тынчсыздандырып жатат да?

— Мамлекет кепилдик берип алып жаткан кредиттер стандарттуу түрдө эле келип жаткан. Келишимди эл аралык кылып, парламент ратификациядан өткөзүп, ага мыйзамдын күчүн берип жатабыз. Кытайлар бизге 2 пайыз менен узак мөөнөттүк, 7 жылдан 11 жылга чейин жеңилдик мөөнөт менен кредит берди. Мындан төмөнкү пайыз менен Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы гана берет. Кытайлар акчаны берип жатканда эртең кандайдыр бир талаш-тартыш болуп калса кепилдик болсун дешет. Өзүбүз дүйнөгө жар салып “Биздин сотторго эч ким ишенбейт” деп кыйкырып жатсак, мурунку мамлекет башчылары да “Мен сот системасына ишенбейм” деп айтып жатса, алар чоочубай коймок беле. Гонконгдо илгертен эле дүйнө жүзү кабыл алган таза, ачык соттор бар. Биз мыйзамды бузбасак, өз учурунда милдетти аткарсак эмнеден коркобуз?

— Сиз Балыкчы-Корумду жолун баштаганыңызда “Сариев жолду кымбат салып жатат” деп чыгышкан. Бирок, ал жол Кытайдын акчасы менен салынып жаткан түндүк-түштүк альтернативдүү жолунан арзан салынганы ачыкталбадыбы. Бишкек ТЭЦге келген каражат кайда кеткени белгисиз болууда. Өлкөнү башкарган адамдардын алкымы негизги маселеге айланбадыбы?

— Биз салып баштаган жол баардык жолдорго салыштырганда 2–3 эсе арзан болгон. Бул туура мисал болду. Сен айтып жаткан өлкө жетекчилеринин белгисиз иштеринде маселе бар. Азыр текшерүү болуп жатпайбы. Текшерүүдөн кийин катышы бар адамдар жооп берсин. Муну туура деп эсептейм. Мен кээ бирөөлөрдүн кредит албашыбыз керек деген сөзүнө өз көз карашымды айтып жатам. Чоң-чоң ишканаларды салып койгонго мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жылына 3–4 ири ишкананы эле ишке киргизсек экономикабыздын өскөнү байкалып калат. Өзүбүз инвесторлорду коркутуп жатканыбыз туура болбой жатат.

— Бул үчүн Аткаруу бийлиги күчтүү болушу шарт да. Бүгүнкү Өкмөт өз алдынча болуп, демилге көтөргөнү байкалбай, президенттин көлөкөсүндө калып кетип жатканы сын-пикирди көбөйтүп жатпайбы?

— Өкмөткө сын-пикир айтыла берет. Көпчүлүгү туура айтылган сын болот. Айтылгандардан жыйынтык чыгарып иштеш керек. Бирок, бизде катуу иштеп жиберсең таскак, жай иштейин десең аксак дейт. Көп учурда ич күйдүлүк, көралбастык өйдө болуп кетет.

— Өткөн жумада президент ишкерлерди кабыл алып, жолугушуу өткөрдү. Ишкерлер менен президенттен мурун премьер-министр сүйлөшүү өткөзүп, алардын сунуштарын угуп, өзүнүн айтчу сөзүн айтса жакшы натыйжа болот беле?

— Өкмөттүн алдында ишкерлер, донорлор менен жолугушуу үчүн атайын аянтчалар бар. Мындан сырткары инвестициялык кеңеш иш жүргүзөт. Мамлекет башчынын ишкерлер менен жолугушканы туура болду. Өкмөт башкы прокуратураны, сот бийлигин координация кыла албайт. Улуттук банк менен өнөктөш болуп иштейт. Президент бийликтин баардык бутактарын координациялап турган фигура. Ушундай кеңешмелер өткөндөн кийин сөзсүз жыйынтыгы чыгып, сөз бойдон кала бербеши керек. Ишкерлер орчундуу маселелерди көтөрдү. Ошол маселелер кыска убакытта чечилип кетсе жакшы болот. Ал жакка инвестицияны, бюджеттик каражатты тартуунун кажети жок. Болгону мыйзамдын так аткарылышын, чектен чыгып кетпөөнү көзөмөлдөсө жетиштүү.

— 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болбодуңузбу. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев “Ош окуясынын алдында орус генералдары, ФСБнын бир канча адамдары ушул жакта жүрүшкөн” деген сөздү айтып, түштүктөгү кандуу тополоңду орустар уюштурган дегенди кыйыткандай сөздү айтып салды. Сиз орус генералдары жүргөнүн көрдүңүз беле?

— Бир гана орустардын адамдары эмес, башка өлкөлөрдүн дагы адамдары келип жүрүшкөн. Биз өзүбүз убагында “Ачык эшик” саясатын жарыялап албадык беле. Андан кийин ким гана келген жок. Европа өлкөлөрү, АКШ, Россия, Казакстан, Өзбекстан өзүнүн кызыкчылыгы деп жүрүшкөн да. Ар биринин кызыкчылыгы болгон. Өзгөчө 2010-жылдагы революциядан кийин бул жерде кимдер гана жүргөн жок. Бирок, мен кайсыл бир өлкөнүн генералы келип чалгынчылык жүргүзүп, кандуу окуяны чыгарган деген фактыны билбейм. Чыгып кеткен улут аралык жаңжалдын терең себептери бар. Ошол себептерин жоюшубуз керек. Ош, Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү мамлекеттик дирекция түзүлгөндө, аталган шаарлардын генералдык планын иштеп чыгып, көп кабаттуу үйлөрдү салып, шарты жок, абдан тыгыз жайгашкан жерлерди көчүрүү тапшырмасы берилген. Тилекке каршы, Батыш өлкөлөрүнүн саясаты менен ал тапшырма ишке ашпай калды. Алардын ою, түшүнүгү башкада болсо керек.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *