Темир Сариев, экс-премьер-министр: «Сариев трайбалист эмес, мекенчил адам»

 

-Темир Аргембаевич, сиз дагы кыргыз саясатында төбөсү көрүнүп калган саясатчылардын бирисиз. Андыктан азыркы саясий абалга анализ жүргүзүп, өзүңүздүн жыйынтыгыңызды чыгарып жатсаңыз керек. Саясий абал улам курчуп баратат. Кыйын кырдаалга барып такалбайбы?

— 2017-жыл кыргыз эли үчүн өзгөчө жылдардын бири болуп, мамлекет башчысынын шайлоосу өтөт. Өлкөдө биринчи ирет мамлекет башчысы өзүнүн алты жылдык мөөнөтүнүн аягына чейин отуруп, кызмат ордун мыйзамдын чегинде, шайлоонун жыйынтыгы менен жеңишке жеткен адамга өткөрүп бергени жатат. Ачык айтыш керек, бул үчүн да күчтүү эрк керек. Буга чейин 2005-жылы андан кийин 2010-жылы мамлекет башчысын шайлоо курч маселелердин негизинде келип чыккан. Андыктан бул жолку шайлоо баарыбыз үчүн маанилүү. Шайлоону тынч, мыйзам чегинде, эл берген добуштун жыйынтыгы менен бийликти алмаштырып, бир колдон экинчи колго өткөрүп берсек, өлкөдөгү туруктуулукту, бийликти түптөө маданиятын бекемдей алабыз. Шайлоого баратканыбыздан кийин сөзсүз саясий абал курчуйт. Азыр эле бири-бирине компроматтар согушу жүрүп баштады. Бул жөн маселе эмес. Азыркы президенттин “Кызматтан кеткенден кийин Парламентке, Өкмөткө да барбайм” деп айткан сөзүн эрдик катары кабыл алсак болот. Мындан кийин да ушул тартип улануусу керек. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы шайлоо жакындаган сайын саясий айдыңда шайтан оюндар күч алат. Кыргызстан үчүн элдин ынтымагы, биримдиги, өлкөдөгү абалдын туруктуулугу биринчи орунда болушу керек. Бийлик органдары мыйзам чегинде иштеши зарыл.

— “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынганы да абалды курчутуп жиберди. Парламенттеги оппозиция лидеринин камакка алынганын укканда кандай ойго келдиңиз?

— Өмүрбек Чиркешовичтин камалышы өлкөдөгү саясий абалды аябай курчутту. Ага тагылып жаткан күнөөлөр абдан олуттуу болуп турат. Бирок, укук коргоо органдары айтылып жаткан күнөөлөрдү далилдүү фактылар менен тактап, андан кийин сотко өткөзүп бериши керек. Бул иш мыйзамдын чегинде териштирилип, кандайдыр бир тирешүүлөргө алып келбөөсү кажет. Баары ачык-айкын болуп, таза иликтөө иштери жүрсө тирешүүлөргө жол берилбейт. Мен Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши козголуп, аны камакка алган күнү эле өз оюмду билдиргем. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, бирөөгө жагабы-жакпайбы бул иште саясий боёк бар. Ошон үчүн абдан дыкат иликтөө жүрүүсү зарыл. Парламентте ушул маселени караганда бир топ суроолор пайда болду. Ал суроолорго УКМК, Башкы прокуратура так, ачык жооп бериши керек.

— Мына азыр Өмүрбек Текебаев камалды деп ызы-чуу болуп жатат. Буга чейин да Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков сыяктуу саясий лидерлерди камакка алуу, аларды сындыруу аракеттери болуп келген. Муну менен бийлик соттордун колу менен өзүнө күчтүү атаандаш болчуларды саясат айдыңынан чыгарып коюу оюнун жүргүзүп жаткан жокпу?

— Саясатта күчтүү жүргөн адамдарга кылмыш иши козголгондо, албетте саясатка айланат, саясий боёк берилет. Көп тармактарда реформа жүрүп жатат. Тилекке каршы, сот системасындагы реформа таптакыр аксап калды. Ошондуктан, саясий атаандаштарды мыйзамсыз ыкма менен алсыратып, саясат айдыңдан четке сүрөт деген сөздөр болуп жатат. Буга өлкөдөгү окуялар күбө болууда. Бирок, Камчыбек Ташиев соттон акталып чыгып, азыр саясатта өзүнүн орду бар. Ахматбек Келдибеков да өзүнүн мыйзамдуу укугун колдонот болуш керек деп ойлойм. Бул саясий буйрук болсо эртели-кечпи ачыкка чыгат. Мындай абалды укук коргоо органдарына, сотторго саясий кийлигишүүнү токтотуу жолу менен чектей алабыз.

— Сиз президенттик жарышка чыгам деп эң алгачкылардан болуп жарыяладыңыз. Учурда президенттин мураскери тууралуу кызуу талкуу жүрүп жатат. Мураскер тууралуу кандай пикирдесиз?

— КСДПдан көрсөтүлгөн талапкер түз эле мураскер болбойт. Баардык саясий партиялар өзүнүн талапкерин алып чыгууга укуктуу. Анын ичинде КСДП да бар. Андай укукту аларга чектеп коюу туура эмес болуп калат. Көрсөтүлгөн ошол талапкер өтүп кетет дегенден да алыс болушубуз керек. Биз мураскер эмес эл тандаган, өз добушун берген адамды президент кылып шайлашыбыз зарыл. Шайланып келген адам туруктуулукту сактап, элибиздин жашоо шартын көтөрүүгө өбөлгө түзгөн, калыс, акыйкат бийлик жүргүзүүгө милдеттүү болууга тийиш. Мен партиялык конференцияда мураскер деген сөздөн кетишибиз керек деп айткам. Президенттин мураскер калтырбайм деген сөзүнө ишенишибиз керек. Бизди сынаган негизги күч бул-элибиз.

— Шайлоо деп жүрүп элди түндүк-түштүк кылып бөлүп бүтпөдүкпү. Канчалык жокко чыгарбайлы тилекке каршы бул шайлоодо дагы атаандаштык түндүк-түштүк болуп жүрөт.

— Элди түндүк-түштүк, урууга бөлүү маселесин көтөргөндөр негизинен саясатчылар. Саясатчынын өзүнүн деми, ою жетпей, кылган ишин көрсөтө албай калганда акыркы аргумент катары ушул маселени көтөрө баштайт. Мен “түштүктөн болгонум үчүн же тескерисинче түндүктөн болгондуктан куугунтуктап жатат, түндүк түндүктүктү, түштүк түштүктөн чыккан лидерди колдош керек” деген саясатын жүргүзөт. Карапайым элдин ичинде түндүк-түштүк деген бөлүнүү сөзү жок. Мен өзүм көп жыл депутат, андан кийин Өкмөт мүчөсү болдум, Өкмөт башчысы болуп иштегенимде көп жерди кыдырдым. Барган жеримде эл менен сүйлөшкөнүмдө алардын ою таптаза, туптунук. Тескерисинче, бизге иштерман, тартипти катуу кармаган адам керек дейт.

— Түндүктөн чыккан саясий лидер түштүктөн добуш алуу үчүн түштүктөн чыккан тыңчыкмалар менен биригүүгө аракет жасап жатышпайбы. Сизди дагы түштүктөн чыккан саясатчылар менен биригүүгө аракет жасап жатат деп айтып жатышат. Биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканыңыз чындыкпы?

— Кыргызстанда туруктуу саясат болсун десек өзүбүз ич ара сүйлөшкөндү билишибиз зарыл. Ошонун ичинде жаңыдан саясий айдыңда көрүнүп келаткан жаш саясатчылардан тартып, эл ичинде аброю бар күчтүү инсандар менен да сүйлөшө билүү керек. Мен ушул максатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам.

— Сизди түштүктүн элин жактырбаган трайбалист саясатчы деп жазып да, айтып да жатышпайбы. Түштүктүн элин жактырбаган көз карашыңыз барбы?

— Бул маалымат карандай калп. Сариевди жамандоо үчүн башка аргумент таба алышпагандан кийин ушул нерсени ойлоп табышкан. Депутат болуп турганымда элдин таламын талашып, курч, ачуу сөздөрдү айтып жүргөнүмдө ошол кездеги Өкмөттүн мүчөсү болуп иштеген адамдын айткан сөзү дагы деле эсимде. Ал киши “Темир, катуу сүйлөп жатасың” дегенде, “Эмне сөөгүнө жете турган сөздөрдү сүйлөп жатамбы?” деп сурасам, “Жок, сөөгүнө эмес, чучугуна жеткизип айтып жатасың” деп айткан. Ошол учурда эле Темир Сариевди элге жек көрсөтүү үчүн ар кандай сөздөрдү жармаштырышкан. Түштүккө барганда “Сариев трайбалист, Оштуктарды жаман көрөт” деп чыгышкан. Мен өзүм көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөм. Биздин Төш-Булак деген айылыбыздын жарымы орус, жарымы кыргыз болчу. Көп улуттуу элдин арасында чоңойгом. Мындан сырткары биринчи класстан баштап спорт интернатта окудум. Классыбызда өлкөнүн ар тарабынан келген 32 бала бар болчу. Баарыбыз бирге жатып, чогуу жүрүп, бир жерден тамактанып чоңойгонбуз. Ал жерде бөлүнүү дегенди эч ким билбейт. Андыктан, менин тарбиям, маданиятым таптакыр башка. “Сариев трайбалист” деген сөздөрдү таратып жүргөн адамдар чоң жаңылышат.

— 2005-жылы революциядан кийин Бишкектин тегерегиндеги жерлерди эл басып албады беле. Ошондо Сариев “Оштуктар Чүйдүн жерин басып алды. Сарттарды кууп чыгыш керек” деп айткан деген сөздөрдү өзүңүз деле угуп жүрсөңүз керек. Бул сөз сиздин оозуңуздан чыкканбы?

— 2005-жылы революциядан кийин кээ бир шылуундар акча жасайбыз дешип элди үгүттөп жерлерди басып алышкан. Негизинен Сокулук районунун тоо этегиндеги жерлер болчу. Ал жер адамдарга берилген, колдорунда тийиштүү кызыл китеби бар үлүш жерлер эле. Ушундай өзүм билемдик, ээн баштыкка бийликке келген Бакиев, анын жанында жүргөндөр ушулар бизди колдойт деп түрткү берген. Жерлерди басып алып жатканда мени ошол округдан шайланган депутат катары “Биздин жерибизди басып алып жатышат, коргоп бериңиз” деп чакырышкан. Ал жерде бир гана Оштон келгендер эмес, Кыргызстандын баардык булуң-бурчунан келгендер басып алган. Депутат болуп туруп “тийбегиле, бул жер анын менчиги, мунун да оокаты” деп коргобосом, айтпасам, элдин бетин кантип карайт элем? Мени депутат кылып шайлаган эл “Темир, сага ишенип, депутат кылып шайладык эле. Жерибизди тартып алып жатса сен эмне үчүн унчуккан жоксуң?” деп бетиме түкүрмөк да. “Оштуктар кеткиле” деген сөз оозумдан чыкмак турсун, ал оюмда дагы болгон эмес. Жерлеринен ажыраган эл чогулуп, борбордук аянтка келип, Бакиевди чакырып, аны менен жолугушуп, ызы-чуу болгон. Бакиев ошол жерге барып “Мен мыйзамды сактайм, бул жерди басып алуучуларга бербейм” деп айтып, 15 мүнөттөн кийин эле төмөнкү жактагы жер алабыз дегендер менен жолукканда “Бул маселени чечем, жерди таратам” деп айткан. Анын карама-каршы сөзүнөн улам жерди басып алам дегендер менен жергиликтүү элдин ортосунда кагылышуу чыгып кеткен. Жетинчи кабатта ушул маселе боюнча жыйын кылганбыз. Премьер-министр, Президенттик администрациянын башчысы, ИИМ министри, губернатор, шаардын мэри катышкан. Ал жерде мен Бакиевге “Сиз туура эмес кылып жатасыз. Менчик жерди эч кимге бербеш керек. Эгер жер бере турган болсок ФПСтин жерин трансформация кылып, андан кийин берели. Аны да таратып жибербей, план иштеп чыгып, көп кабаттуу үй салып, андан кийин бериш керек” деп айткам. Ал киши экөөбүз катуу айтышып кеткенбиз. Менин Бакиевге каршы болуп жүргөнүмдүн башкы себептеринин бири ушул болчу. Тыйын кылабыз деген адамдар элди ызы-чуу кылыш үчүн “Сариев каршы болуп жатат” деген сөздү чыгарышкан. 2005–2007-жылдар ичинде 2800 гектар жер трансформация болду. Ошол жерди 5 сотыхдан деп бөлүп эсептегенде 40 миң участок чыгат. 40 миң участокту 3 миң доллардан сатканда 120 млн доллар болуп жатат. 40 миң участоктун 5–6 миңи бекер берилип, калганы жең ичинен сатылды. Ким пайда көрдү? Ким ошол участокторду сатты? Ызы-чуу болуп жүргөн эл “Эмне үчүн жер албай калды?” Өздөрүнүн кылган кылмышын жашыруу үчүн сиз айтып жаткан сөздү чыгарды. Өздөрү капчыктарын толтурду дагы, Сариевге жалаа жабышты. Трайбалист деген сөздүн пайда болушу ушундан улам. Сариевди түштүккө жаман көрсөтүү үчүн ушул сөздү айтып жүрүшөт.

— 2009-жылы болгон президенттик шайлоодо талапкер болуп чыккансыз. Баткенге эл менен жолугушуу үчүн барганыңызда аксакалдар ушул маселени көтөрүшкөнү чынбы?

— 2009-жылы президенттик шайлоого катышып, эң биринчи жолугушуумду Лейлектин Кулунду деген айлынан баштагам. Биз пландаган жерди бийлик бербей койгондуктан базардын жанына эл чогулган. Мен барганда бизди коштоп жүргөн балдар “Атайын адамдарды даярдап коюшуптур. Чепкендин үстүнөн жоолук менен кур тагынып, башына ак калпак кийген 3–4 аксакал турат. Сиз сүйлөгөнү чыкканда эле ошолор ар нерсени айтышып, сүйлөтпөй коюуга аракет жасайт” дешти. Саламдашып, сөздү баштаганда “Эл менен жолугушууну Кулундудан баштайын деп атайын келдим. Араңарда 3–4 аксакал турат. Ии, Сариев келдиңби? Биз сага эми керек болдукпу? Убагында оштуктарды минтип айттың эле?” деп айтканы даярданып турушат. Ошолорго суроо бердирбей өзүм жооп берейин деп даярдалган суроолордун жообу деп болгон чындыкты айтканымда “Ой бали, Азамат экенсиң!” деп кол чаап жиберишти. Ошондон кийин жолугушуу башка нукту өткөн. Аягында бир аксакал “Көзү түз, сөзү да курч экен. Ушул баладан бир нерсе чыгат. Батаңызды бериңиз?” деп башында сүйлөйм деген аксакалга “Тилегиңе жет, президент бол” деп бата бердиртип жөнөтүшкөн. Мындай жолугушуулар түштүктө абдан көп болду. Ош менен Жалал-Абад облустарында Бөдөш Мамырова аял болсо да эч нерседен коркпой мени менен чогуу жүрдү. Бакиевдин айылына чейин бардык. Ал жерде дагы тартынбастан, баардыгын ачык, так айтып бергем.

— Сиз Өкмөт башчысы болуп турганда Аксы районундагы телемунара жайгашкан Уңгар-Тоону Өзбекстанга таандык делген протокол чыккан. Анда сиздин койгон колуңуз да көрсөтүлгөн. Уңгар-Тоону биздики дебестен өзбектердики деп тааныганыңыз ыраспы?

— Бул карандай калп. Асман менен жерди алмаштырып салгандай. Мен Өкмөт башчысы болуп тың иштеп жатканда кимдир бирөөлөр саясий боёк беребиз дешти. Унгар-Тоо боюнча, башка документтер бар, эң акыркысы К. Бакиев президент болуп турганда кабыл алынган, убагында көчүрмөсү гезиттерге чыккан. Биздин өкмөт көтөргөн маселе, Унгар-Тоонун жанында кошумча станция куруу боюнча берилген тапшырма болчу. 2010 жылдан бери бир дагы сантиметр жер берилген эмес. 2016-жылы 22-мартта Аксыга барганда мен элдин астына чыгып ушуну айткам: «Бир да сантиметр жер берилбейт деп». Тескерисинче Өзбекстан колдонуп келген 19 объектти Өкмөттүн токтому менен кайтарып алдык. Анын ичинде Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы, 4 насостук станция, Баткендеги кампалары, Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты. Мунун баарына мен Премьер-министр катары кол койгом. Кантип анан Сариев Унгар-Тоону Өзбекстанга берди деп айта алабыз. Бул бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай эле кеп.

— ЕАЭБге кирүү үчүн көп иштер сиздин учурда жүрдү. Азыр ал биримдикке киргенибиз менен пайдасын жакшы көрө албай жатабыз. Бул маселе учурдун талабы болгондуктан көп сөздөр айтылып жатат. Бул уюмга кирүүдө кандай эркиндиктерге ээ болгонбуз?

— Биз эмне үчүн ЕАЭБге мүчө болуп кирдик? Анткени, Казакстан, Россия, Белоруссия үчөө биригип, өздөрү үчүн атайын эреже кабыл алышкан. Анда үч өлкөнүн жарандарынын жүрүшү, товарлардын, тейлөөнүн, капиталдын жүгүрүүсү ич ара эркин болот деп каралган. Башка өлкөлөрдөн келген товарлар болгон болсо, алар биздин шарттын негизинде гана киргизе алат дешкен. Алар биринчи Бажы биримдигин түзүп, эрежесин кабыл алып, чек араларын бекемдеп коюшту. Кыргызстан ЕАЭБге кирбесек алардын койгон шарты менен иштешибиз керек болчу. Анда абдан чоң чектөөлөргө дуушар болмокпуз. Андыктан, биз да ошол уюмга кирип, алардын эрежесин кабыл алышып, төрт эркиндикке ээ болушубуз керек болгон. Мунун баарын терең изилдеп, өзүбүзгө ыңгайлуу шарттардын баарын сурап, өзүбүзгө керектүү жеңилдиктерди алып, андан кийин биримдикке мүчө болуп кирдик. Муну менен биз туура саясий чечим кабыл алдык. ЕАЭБге киргендин натыйжаларын келечекте сөзсүз көрөбүз. Бул интеграциялык биримдикке бүгүн кирип, эртең жыргап кетпейбиз деп баардык жерде айтып келатам. Парламенттин сессиясында, Өкмөттүн жыйынында дагы айткам. Россиянын өзүндө эле 600–700 миң элибиз иштеп жүрүшөт. Азыр Россиянын атуулдары кандай укукка ээ болсо, биздикилер да ошондой укукка ээ болуп калды. Казакстанда дагы ошондой. Мен Москвага барып мигранттар менен жолукканымда, алар “Темир Аргембаевич, абдан туура чечим кабыл алдыңар. Биз бул жакта биринчи сорттогу адамга айланып калдык” деп айтып жатышат. Бул биримдиктен көрө турган пайдабыз али алдыда. Бүгүнкү күндө жашылча жемиштерди ташып чыгууда эч кандай маселе жок. Фитосанитардык көзөмөл кылуучу лабораториялар бар. Биздин сертификаттар таанылат. Сүт менен этти чыгарууда маселе жаралууда. Анткени, ветеринардык лаборатория толук бүтө элек. Мен премьер-министр болуп турганда тийиштүү чараларды көрүп, мөөнөттөрдү койгонбуз. Учурда мөөнөтү бир аз узарып жатат, аны тез арада жасап койсо болот.

— Түштүк аймагыбызда жашылча жемиштер эрте бышат. Дыйкандар товарларын учурунда Казакстан менен Россияга чыгарып калса жакшы пайда табышмак. Фитосанитардык лаборатория Бишкек менен Ош шаарларында гана болууда. Мындай лабораторияларды көбөйтсө, атаандаштык жаратса болобу?

— Азыр Бишкекте жана Ош шаарында бирден лаборатория бар. Келечекте булардын саны өсөт. Бул жерде атаандаштык бизнес бар. Лабораториялар жеке менчик да боло алат. Бир адам акчасын салып, лаборатория куруп, аккредитациядан өткөзүп алса, ошол жерден сертификат берүүгө толук укуктуу болуп калат. Ушунун өзү бизнес. Албетте, бул иш кечеңдеп жатат. Өкмөт бул боюнча ыкчам иштерди алып барышы керек.

— Президент болом деген дымак менен жүрөсүз. Азыр өлкөдөгү орчундуу маселе чек ара болууда. Эгер сиз президент болуп калсаңыз чек ара маселесин чечүүдө коңшулар менен теңата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биздин пайдабызга чечкенге эрк жетеби?

— Мен депутат болуп учурда чек ара маселеси каралганда “Биз үчүн эң оор, кыйын маселе түштүктөгү чек ара болот. Ал жерде тирүү нерсени кезебиз” деп айткам. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен элүү бешке жакын талаш жер бар. Миң километрден ашык чек ара такталып, жумушчу топтордун колу коюлган протоколдор турат. Аларды ратификациялап, андан ары кетишибиз керек. Бирок, Өзбек Өкмөтү такталган протоколдон баш тартып, аны кыскартып “Биз 700 километрге гана макулбуз, калганын дагы бир жолу тактап чыгалы” деген сунуштарын берген. Биз ал сунушка макул болбогонбуз. Коңшуларда бийлик алмашты. Менин кабарым боюнча ал жакта жакшы жумуштар болуп жатат. Биз чек араны канчалык эртерээк макулдашып, такташып, кол коюп алсак, элге да жакшы болот болчу. Көп учурларда чек араны да саясатка айлантып жиберип жатышат. Чек ара эч убакта бир жактуу чечилбейт. Эки тарап тең бир пикирге келиши кажет. Ушундай эле акыбал Тажикстан менен да бар. Бул маселени чечүүдө албетте эрк керек. Мындан сырткары ушул маселени терең түшүнгөн адамдардын эмгегине муктаж болобуз. Кудайга шүгүр, бизде андай адамдар да, эрк да бар.

— Ош шаарын экинчи борбор дейбиз. Бирок, министрликтердин, Өкмөттүк кызматтардын, комитеттердин баары Бишкекте жайгашкан. Кээ бир министрликтерди, кызмат-комитеттерди Ош шаарына көчүрүү демилгеси, ал тургай борборду Ошко которуу боюнча сөздөр да чыккан. Буга кандай көз караштасыз? Өлкө башчысы болсом Ош шаарынын потенциалын көтөрөт элем деген пландарыңыз барбы?

— Өкмөт башчысы болуп турганда 25 жылдын ичинде биринчи жолу Ош шаарында Өкмөттүн көчмө жыйынын өткөздүм. Ага чейин Өкмөттүн расмий жыйыны болгон эмес. Ушундай расмий жыйындар Ош шаарында өтүп турушу керек. Премьер-министр бир айда бир жума ошол жерге барып иштесе да болот. Президенттин түштүктөгү резиденциясы Ош шаарында. Ал дагы ошол жерге барып бир жума иштеп келсе неге болбосун? 2–3 министрликти Ош шаарына көчүрүп коюу менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көйгөйлөрүн чече албайбыз. Эң негизгиси Ош шаарын келечекте ири өндүрүш, каржылык, соода борборуна айлантуу керек. Мисал катары Россияны алып карасак, Санкт-Петербург азыр чоң финансылык борборго айланып баратат. Экономикалык саясий форумдар ошол жерде өтөт. Казактар деле Астананы борбор шаар кылып кеткени менен Алма-Ата соода борбору бойдон калды. 2010-жылы мен Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп турганымда кандуу кагылышуудан кийин Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүүнү мен сунуштап чыккам. Буга азыркы экономика министри Арзыбек Кожошев күбө. Мамлекеттик дирекцияны түзгөндө Ош шаарынын генералдык планы тез арада иштелип чыгып кабыл алынсын деген тапшырма койгонбуз. Тилекке каршы ар түрдүү себептер менен иш башка нукта кетип калды. Биздин максат боюнча Ош шаарындагы Ак-Бууранын жээктерин бошотуп, шаар туризм, ири финансылык, соода борбор болмок. Ушундай программалар бар, келечекте мунун баары ишке ашат деп ойлойм.

— Сиздин дарегиңизге Балыкчы-Корумду жолунан 6 млн долларды сол чөнтөккө солоп койгон деген сөздөр айтылууда. Өзүңүз да ушул чуудан кийин Өкмөт башчылыгынан кеткенсиз. Жол салуу боюнча тендерге аралашканыңыз ачыкка чыгып калат деп коркпойсузбу?

— Парламентке барганымда бул маселе боюнча өзүмдүн жообумду так, ачык айткам. Жолду шылтоолоп, атайын чыр кылышып, Сариевди кетирүүнүн жолун издешкен. Мен кызматтан эмне үчүн кеттим? Анткени, парламентте менин фракциям жок болчу. Өкмөт менен парламенттин ортосунда тирешүү күчөй баштады. Өкмөттүн негизги маселелери парламент аркылуу чечилет. Эгерде Өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосунда тирешүү болгон болсо эч кандай жыйынтык болбойт. Мен бийлик ортосунда тирешүү болбосун деп отставкага бердим. Мени кызматтан алуу үчүн жол шылтоо болсо, себеп башкада болчу. Көпчүлүгүн Сариевдин иш стили, ыкчамдыгы тынчсыздандырып жатты. Балыкчы-Корумду жолун баштаганым үчүн мени күнөөлөсө, мен ал күнөөнү көтөргөнгө даярмын деп айттым. Бул жолдун салынышы үчүн кошумча каражаттарды таап жатканбыз. Келечекте дагы тапмакпыз. Чечим кабыл алып, баары менен макулдашылып башталган жол. Президент менен да бул маселе боюнча бир нече жолу сүйлөшкөнбүз, баштай берели деп кеңешкенбиз. Ошонун негизинде башталган. Тендерди транспорт министри өткөрөт. Бул алардын түздөн-түз укугу. Эгерде тендерде кандайдыр бир мүчүлүштүк кетсе транспорт министри, комиссиянын төрагасы жооп берет. Премьер-министрдин тендер өткөрүүгө эч кандай тийешеси жок. Мен бүгүн да айтам, жол туура башталды. Тескерисинче, биз кечигип баштадык. Сариев кетти башка эч нерсе өзгөргөн жок, ошол эле компания иштеп жатат. Мен ачык айтып коёюн, бул жолдон 6 млн доллар эмес 6 тыйын да алынган жок. Менин принцибим таптакыр башка. Баардык министрлерден ачык, таза иштегиле деп талап кылчумун. Отставкага кетип жатканымда Өкмөттүн жыйынын өткөрүп, баарыңардын көзүңөргө тик карап айта алам, бирөөңөрдөн тыйын сураганым жок, муну жасап кой дебедим, баарыңарды таза иштөөгө чакырып, таза иштейли деп талап кылып турдум деп айттым.

— Президенттикке талапкер болуп чыгам дегенден бери Кремлге бат-бат каттап жатканыңыз тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Москвадан колдоо табам деп аракет кылып жатасызбы?

— Экономика министри болуп турганымда Бажы биримдиги тууралуу, андан кийин Өкмөт башчысы болгонумда ЕАЭБ жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, баардык сүйлөшүүлөргө катышып, көп учурларда чечимдерди кабыл алып жүрдүм. Ошондон улам мени алар жакшы билип калышкан. Сүйлөшүүлөр учурунда менин принципиалдуулугумду, катуулугумду, маселени терең изилдеп чечим кабыл аларымды билишчү. Мен баардык жакка эле каттап жүрөм. Казакстанга деле барып жатам. Тааныш болгондон кийин чакырышса барат экенсиң да. Ар түрдүү маселелер боюнча талкуулар болуп жатат. Россияга дагы барып жатам. Бирок, биздин президент ким болорун кыргыз эли чечет. Элдин добушуна ээ болсок шайланабыз.

Булак: “Жаңы ордо”

3 comments

  • Кыргыз says:

    Сиздин мекенчил экендигинизди Сокулукта далилдеп койгондугунузду эл билет.

  • кыргыз says:

    Мырза Темир Сариев сиз президенттикке кандидатуранызды койордон мурда озунузду кузгудон жакшы карап анан чечим кабыл алсаныз болмок, себеби кишинин жузунон билсе болот кандай адам экенин . Сиз чындыгында президенттикке татыктуу эмессиз и сиз настоящий трайбалистсиз , сиз туштук элине жакшылык кылбайсыз . Сиздин ушундай экенинизди кыргыз эли жакшы билет. Ошондуктан азыр деле кеч эмес ,башкаларга жолтоо болбонуз сизден суранабыз.

    • Салима says:

      Сенин не көзүң ачыкпы? Түштүк элине жакшылык кылбайсыз деп сен өзүң даана трайбалист болуп атасын го. И так түштүктө эле жүрүп жатканын көрүп атпайбызбы. Бир нерсе болсо эле түштүк деп чыгасынар өзүңөр, силердин оюңардай болсо туштүктү эле тиктеп жатыш керек го баары, түндүктөгүлөр кыргыз эмес бекен, түштүктүгүңөр келсе ал түндүккө жакшылык кылбайт да андай болсо. Бул түштүк түндүктү көтөрбөйт, бул түндүк түштүктү жакшы көрбөйт деп отурасыңар кыйратып койгонсуп, анда эки жактан тең эмес айдан келчү кишини күтөлү. Качан бир объективдүү карап үйрөнөбүз бир нерсеге? Бирөөгө антип шестерка болбой эле кой, Сариев мыкты саясатчы экенин эл көрүп эле турат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *