Темир Сариевдин намысы болсо өзүн “коррупционер” деп айыптап, кызматтан кетирген Канат Исаев менен жолугуп, чайлашып, кечирим сурабайт эле…

“Ийри таяктын көлөкөсү түз болбойт”

Президенттик шайлоо жакындаган сайын амбициясы ашынган аткаминерлердин уйкусу бузулду. Айрымдар азыртадан камылга көрүп, күйгүлтүк түшүүдө. Минтип “чабал өрдөк эрте учат” болгондордун көч башында мурунку өкмөт баш­чысы, Темир Сариев турат. Өткөн жуманын этегинде “Ак шумкар” партиясынын съездин чакырып, президенттикке aт салышаарын жарыя кылды. Өз сөзүндө Сариев өлкөнү туңгуюктан сууруп чыгууга мүмкүнчүлүгү жетээрин, “экономикалык секирик” жасоого боло турган программасы барын айтып уккан кулакты сүйүнттү.

Албетте, жакшы ниет-максатында кеп жок. Ылайым, өлкө башына мамлекетти саздан сууруп чыкчу көсөм келсин деп тилек кылалы. Тилекке каршы, биздин эл-жер деп күйүп-бышкан аткаминерлердин сөзү менен иши айкашпай, элди жалкытып бүтүрдү. Карапайым калк курсак тойгузбаган куру убадаларга ишенбей калган. Кооз сүйлөп, тил эмизген учур өттү. Демек өлкө башына мамлекеттин кызыкчылыгын керт башынан жогору койгон, жерин сатпаган, элин атпаган, чет өлкөнүн жетекчилерине тизе бүгүп кошомат айтпаган, коомду жик-жик кылып аймакка, уруу- урууга бөлбөгөн, арканды алыс таштаган, ички-тышкы эл аралык алаканы ырааттуу жүргүзө алган илим-билимдүү, чыныгы эл мүдөөсүн көздөгөн улуттук лидер келиш керек. Чырлуу иштерден төбөсү көрүнгөн, кызарган жерден кыя өтпөгөн сук, мурда-кийин жаманатты болуп аты булгангандар жарабайт. Дал ушул критерийден алганда Темир Сариевдин ишмердигине көлөкө түшкөн учурлар арбын. Өкмөт башчы болуп турганда болгон дараметин, потенциалын көргөздү.

Мына “экономикалык секирик” туурасында кеп козгоп жаткан Сариев мамлекеттин социалдык- экономикалык жактан туңгуюкка кептелишине үлкөн салым кошкондордун көч башында турат. Экономика министри болуп турганда Кыргызстан ЕАЭБге (Евра­зия экономикалык биримдиги) кирүүгө даяр эместигине карабай, Кремлдин көзүрлөрүнүн көзүнө түшүш үчүн өлкөнү зордоп аталган уюмга киргизүүгө жан үрөдү. Жогорку Кеңеште ЕАЭБ­ге киргенде уюмга мүчө өлкөлөр чыгарган продукцияга атаандаш жаратууга Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жоктугу, тиешелүү лабораториялар, логистикалык борборлор курула электиги айтылган. Бирок ошол кездеги эко­номика министри Сариев Кыр­гызстандын биримдикке кирүүгө даярдыгын айтып ынандырган. Натыйжада баары тескери чыкты. Ички-тышкы соода азайды. Эт-сүт, жашылча-жемиштерди экспорт кылууда кыйынчылыктар жоюлган жок. ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон Кыргыз­стандын соода алакасы Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүндө 16,7 пайызга төмөндөгөн. Кыргызстандын мындай абалга кириптер болушуна Те­мир мырза түздөн-түз жоопкер. Өкмөт башчысы деле болуп иштеди. Көйгөйлөр чечилдиби? Албет­те, жок. “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов айткандай “күнөсканалардын лентасын кескен” деңгээлден көтөрүлгөн жок. Ошондой иш билги болсо Өкмөттү жетектеп турганда эле лабораторияларды, логистикалык борборлорду курат эле. Колунда турган ишти жасай алган жок. Убактысынын көбүн “күнөсканаларда” өткөрдү. Анан уялбай “экономи­калык секирик” туурасында ооз ачса төбөсүнөн көк буу чыгат. Эми президент болгондо кыйратат беле?..

Кыскасы кооз сүйлөп, популисттик кылгандан маселе чечилбесин жакшы эле далилдеди. Учурда мамлекет Темир мырзанын өкмөт башчы болуп турганда жасаган иштеринин пайдасынан зыянын көбүрөөк тартып жатат. Буга ЕАЭБ эле эмес, Балыкчы-Корумду жолу да ачык мисал. Бул жолду куруудагы коз боёмочулуктун кесепетин мамлекет азыркыга дейре тартып жатат. Бюджетке киргизбей, каржы булагын көрсөтпөй туруп “алма быш, оозума түш” дегендей эле жолду баштап салып, бүгүнкү күндө каражат жок жол салынбай, ара жолдо токтоп калды. Жумушчулар айлыгын ала албай зар какшап отурушат. Эгер Сариев чындап көрөгөч болуп мамлекеттин кызык­чылыгын ойлосо, тендерди 20дан жаңы ашкан кытайлык студент балдардын жол салууга лицензиясы жок “Лонг Хай” компаниясына берет беле? Таза болсо, кытайлык компаниядан 6 миллион доллар пара алганы туурасында айтылып кызматтан кетип, сурак берип жүрмөк эмес. Бул жол чырын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Канат Исаев бекер жеринен парламентте “жол курууга 1 жарым миллиард сомдон ашык каражат ашыкча көрсөтүлгөн” деп айтпаса керек. Демек Сариевге мамлекеттин казынасына суук колун салган эмес дегенге ишенүү кыйын. Бир эле жолдон миллиарддап өөнөсө, «көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» дегендей, өлкө башчысы болсо дүңүнөн мойсобойт дегенге кепилдик жок. Анан ушундай куйругунда калбыры калдырап турганына карабай өлкө башкармакчымын деп чамынып, былгытмаларын танып, өзүн миң жолу «ак карга» көргөзгөн менен ага эч ким ишенбейт. Оозун куу чөп ме­нен аарчыган менен пайда жок. Ырасында “сүттөн таза, кардан ак болсо” өзүн  “коррупционер” деп айыптап кызматтан алып түшүп, жаманатты кылган Канат Исаев менен жолугуп чайлашып кечирим сурабайт эле…  Мындай кадамга күнөөсү бар адам же жеке керт башынын кызыкчылыгын баарынан жогору койгон намысы жок адам барат. Кайсы жагынан алганда да бул көрүнүш Сариевге абийир алып келбейт…

Буга окшогон “чудолору” жаза берсең түгөнбөйт. Арийне Сариев өкмөт башчысы катары жокту бар кылбастан, бүтүндү жок кылып бүлдүргөнү менен да эсте калды. Сөзүбүз куру болбош үчүн фактыга токтолуп өтпөсөк болбойт. Алсак, Москвадагы мамлекеттик жана коомдук маанидеги маданий, социалдык, бизнес жаатындагы иш-чаралар, улуттук көргөзмөлөр өткөрүлүп, элдин сыймыгына айланып 2010-жылдан бери ийгиликтүү иштеп калган ВДНХдагы кыргыз павильону таптакыр талкаланып, жабылып калганына быйыл экинчи жыл болот. Убагында бул Москва шаарында кыргыздын улуттук павильонун курууга бюджеттен акча бөлүнбөй, Россиядагы мекенчил кыргыз ишкерлер инвестор катары 2 миллион дол­лар сарптап курушкан. Ал жерде кыргыз экспортунун көлөмүн кескин түрдө көбөйтүүгө да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн болчу. Анан ушул жакшынакай иштеп жаткан мекемеге көз арткан Са­риев Россия өкмөтүнө атайын даттануу кат жөнөтүп жаптырып тынды. Бул боюнча павильонду “Кыргыз коньягынын” кожоюну С.Ибрагимовго өткөрүп берүүнү убада кылган деген кептер айтылып, жазылып келе жатат. Бирок ал убадасын аткара албай калган Сариев болсо ак же көк дебей тымпыят. Эми болсо талкаланган павильонду Кыргыз өкмөтү бюд­жет эсебинен кайрадан курганы жатат. Мына Сариевдин кыргызга кылган жакшылыгы. Текке кеткен мекенчил ишкерлердин 2 миллион долларына, мамле­кеттик бюджетке түшпөй калган миллиондогон доллар каражатка президент болсом “экономика­лык секирик” болот деп күпүлдөп жаткан Сариев жооп берген жок. Анан кантип бар нерсени бүлдүрүп жок кылган адам өлкөнү оңдойт деп ишенич артууга болот?

Арийне, Сариев башынан эле акча дегенде алкы бузулуп, көзү тумандап, өзүн кармай албай ка­ла турганын бийликтин жытын искей баштаган 2010-жылы эле далилдеп койгон тура. Револю­ция болуп Бакиев Белоруссияга качканда финансы министри бо­ло коюп, 7-апрелде аянтта атылган балдардын аза кайгысы бүтө электе, 10-июндагы коогалаңда кайтыш болгондорду жоктогон калктын көз жашы кургай элек­те банк кутучаларынан табылган 1 миллион долларды жымырууга болгон телефондук сүйлөшүүсү ачыкка чыгып, уккан кулакты үркүтпөдү беле. Көрсө ошондо эле шойкомдуу экенин айгинелептир. Ошол миллион доллардын кайда, кантип жумшалганы туу­расында Сариев отчёт бердиби? Берген жок. Ал эми Сокулукта Оштон келгендерди жерибизди басып алды деп, “сарттар кеткиле” деп кубалаган деген жомок болуп айтылып жүргөн жоругун айтпай ак коёлу. Ансыз да ошондон кийин Сариев тар аймактын кызыкчылыгын көздөгөн трай­балист катары сыпатталып жүрөт. Анан ушундай сүйлөгөн сөзү менен иши айкашпаган, ишмердүүлүгү күмөн жараткан, чуулгандуу иштерден кулагы чыккан, жасаган иштеринде пайдасынан зыяны көп Сариев өлкө башкарса оңбой калганыбыз ошол эмеспи?..

Алмаз Темирбек уулу

Булак: “Фабула”

1 ой-пикир

  • Райымбек Усупжанов "ЖАҢЫЛЫКТАР КМ" гезити says:

    Албетте ,автор олуттуу маселени көтөргөн. Ар бир президенттикке талапкерлердин жасаган иштери боюнча, элди далилдүү факт менен камсыздандырып турса,”Эл тараза, эл сынчы”-дегендей убагы келгенде эл өзү тандап алат. Анткени, талапкерлердин баары эле эмес, дээрлик көпчүлүгүнүн “көчүк”торү, абийирлери таза эмес. Байлык, бийлик үчүн бала-чакаларын садага чаап жибергендер дагы да болсо, бийликке умтулуп жаткандары өкүндүрөт.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *