Темирбек Дөлөтбаков: “Тогуз коргоол оюну – комуз сыяктуу кыргыздын улуттук символдорунун бири”  

Кыргыздын улуттук спорту дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган патриот азаматтарыбыз көп. Анын бирөө Темирбек Дөлөтбаков мырза. Жайыл районунун өспүрүмдөр спорт мектебинин улуу машыктыруучусу, тогуз коргоол боюнча устат, “КР спорт ардагери” төш белгисинин ээси.

— Темирбек ага, тогуз коргоол оюну кыргыздын энчисине, кыргызга гана таандык дегенге кошуласызбы?

— Чыны менен тогуз коргоол оюну керек болсо шахматтан да байыркы оюн экени, тарых-санжырасы гундар доорунан бери ойнолуп келе жатканы боюнча ар кандай божомолдор бар. Андан бери жакты алсак:

Чараларын оюшуп,

Бир жагына бир тогуз,

Бир жагына бир тогуз,

Үй чыгарып коюшуп,

Ою менен олтуруп,

Ташын салып толтуруп,

Тогуз коргоол ойноду”- деп “Манас” эпосунда айтылып келет эмеспи. Кыргыздар оюнду ойлоп чыкканда нагыз сандардын бирден тогузга чейинкиси колдонулган. Тогуз саны кыргызда бир санды гана эмес, көп сандардын жыйындысын түшүндүрөрү бизге белгилүү. Мисалы, “тогуз токоч таратып, тогуздап мал айдап, тогуздап торко кийип” деген сыяктуу. Мына ушунун баары өзүнөн-өзү эле тогуз коргоол кыргыздын маңдайына бүткөн энчиси, кыргызга гана тиешелү улуттук оюн экенин далилдеп турат.

— Бирок, казак бир туугандар “тогуз кумалак” деп, бизден озунуп кетти го?

— Кечээ жакында эле кыргыздын улуттук оюну көкбөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилди. Бул өтө кубанычтуу жышаан. Ушу сыяктуу эле комуз, тогуз коргоол кыргыздын улуттук символдорунун бири экенин кантип тана алабыз? Өзүңөр билгендей, учурда тогуз коргоол оюнун бери дегенде 30дан ашык мамлекет ойноп, дүйнөлүк, азиялык биринчиликтер өтүүдө. Өзгөчө эки жолку Көчмөндөр оюнунда тогуз коргоол  биздин такта, биздин эрежелер менен өткөнү ого бетер кубандырды, бул биринчиси. Экинчи жагдай, тогуз коргоол оюнунун өсүп-өнүгүшүнө, калайык-калкка жайылышына мурдагы КР Тогуз коргоол федерация президенти Абдисалим Чылымовдун салымы өтө чоң экени баарыбызга белгилүү. Мына ушу киши оюндун санжырасына кызыгып, тарых-таржымалын иликтөөдө 2006-жылы Чыңгыз Айтматов менен жолугушуп, жазуучу агабыз далилдүү фактылар менен тастыктап “тогуз коргоол оюну кыргыздыкы” деген. Ошого карабай боордош казак эли “тогуз кумалак биздин оюн” деп көрүнгөн жерге каттатып, элден биринчи озунуп кеткени ичти ачыштырбай койбойт экен. А чын-чынына келгенде тогуз коргоол оюну Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда гана катуу тиреш болуп, бирде кыргыздар, бирде казактар жеңишке жетишип келет.

— Кечиресиз, акыркы кездерде биздин коргоолчуларга караганда, казактар жеңишти көбүрөөк багындырып атканын байкайбыз же андай эмеспи?

— Бул айтканыңдын жүйөлүү жактары да бар. Ошол эле улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште көпчүлүк байгелүү орундарды казактарга берип койдук. Эркектер арасында Анарбек Жамакеев 1-орунду алган менен күмүш, коло медалдарды казактар алды. Кыз-келиндер арасында алтын, күмүштү казак кыздары, коло медалды биздин Жаңыл Сагынбекова багынтты.

— Сиздин оюңузча, биздин коргоолчуларга эмне жетишпей жаткан сыяктуу?

— Менин оюмча, биздин улуттук курамдагы оюнчуларга эл аралык деңгээлде оюн тажрыйбалары жетишпей жаткан сыяктуу. Оюнчуларыбызга жакшы шарт түзүп, чет жакка, анын ичинде мелдештерге бат-бат алып чыгып турса сонун болот эле. Бизде мыкты оюнчулар жок эмес, бар. Аларга тиешелүү деңгээлде каражат жагынан жардам кылып, сүрөп, болбоду дегенде моралдык колдоо кылып турса, эң негизгиси, мыкты оюнчуларга мамлекет тарабынан стипендия карашса, коргоолчуларга стимул болот эле.

Сурат Жылкычиев

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *