Темирлан Аскеров: “Эгер Асилбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшыра турган болсо анда кийинки бутага Сооронбай Жээнбеков илинет” – Кайрылуу

Жарандык активист Темирлан Аскеров КР Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго кайрылуу.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Эгерде  “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин талабы боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаты Асилбек Жээнбеков өзүнүн депутаттык мандатын тапшыра турган болсо анда белгилүү бир саясый топтун кийинки бутасы жеке сиз өзүңүз болосуз.

Сизди өлкөдөгү коомдук тартипти камсыз кылуучу мамлекет башчысы, Конституциянын гаранты катары бардык керектүү коопсуздук чараларды көрүүңүздү суранам. Жарандарга өлкөнүн стабилдүүлүгү, эртеңки күнгө ишеним керек, Ошондуктан өзүн “коомдук” деп атаган айрым бир уюмдардын аракеттерин тез арада кескин токтотушуңуз зарыл. Депутаттык мандатты тапшырууну соттон жана депутаттын өзүнөн башка эч ким талап кыла албайт. Депутаттарды эл шайлайт!

“Айкөл Ала-Тоочулар”,  силер каза болгон баатырлардын жаркын элестерин өзүңөрдүн  тар кызыкчылыктарыңар үчүн пайдаланбагыла жана булгабагыла. Силердин бир адамдын кызыкчылыгы үчүн саясат менен ойноого эч кандай укугуңар жок. Эл өлкөнүн дестабилдешине жана дегерадациясына мындан ары чыдабайт.

Темирлан Аскеров, жарандык активист

1 ой-пикир

  • кыргыз says:

    Темирлан Аскеровдун кайрылуусуна толук кошулам. Кошумчам Сооронбай Шарипович Айкол Ала- Тоо жана Мекен шейиттери Бирикмесинин 2010 жылдан кийинки ишмердигин текшерип кылмыштуу иштери боюнча чара коруунузду анын ана башчысы Мискенбаевдин ишмердуулугун текшерип озуно ыйгарып алган акчны аныктатып беруунузду сурайбыз. Бул эки уюмдун чагымчыл иштерине богот койуп элди алдаганы боюнча жооп беруулору абзел. 2010 жылы куралдарды тартып алып милицияларды ур тепкиге алгандары суроттордо турат аларды табуу кыйынга турбайт. Мындай уюм кыргыз элин тынч жашоосуна коркунуч алып келуусу мумкун .Ошондуктан тез аранын ичинде чара корбосонуз кийн кеч болуп калышы мумкун.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *