Терең тамырлап кеткен системаны сындыруу оңой эмес

Союз кулаганга чейин сот тармагына асылуу анчалык болгон эмес. Ал кезде биздеги эң гумандуу тармак сот делип турган. Кандай өкүм чыкса да ошого макул болуп туруп берчибиз. Анын үстүнө абдан резонанстуу кылмыш иштерине өтө салабаттуу соттор башчылык кылып, акыйкат чекит коюуга жанын үрөчү. Эч убакта ошол мезгилде азыркыдай болуп соттор иш бөлмөсүнөн пара алганын, шектүү кишилердин жакындары менен жолугушканын, коңгуроо аркылуу маселе чечкенин уккан эмеспиз. Коомчулуктун да көз карашы, аң-сезими, билими бүгүнкүгө салыштырмалуу салабаттуу эле. Сот болууга умтулган жаштар оболу чынчыл кызматкер болууга ниет кылчу. Алардын ички туйуму, билимге ынтызарлыгы, тилегинин актыгы азыркыларга салыштырмалуу бийик туйулчу. Ошол кезде адал иштери аркылуу персоналдык пенсияга татыктуу болгондордун таржымалын барактап көрсөк көзүбүз ачылат. Көрсө алар өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан жогору койгон тура.

Балээнин баары эгемендик алгандан кийин өөрчүдү. Мамлекеттин байлыгы катары бааланып келаткан стратегиялык мааниси бар заводдор, башка таасирлүү тармактар күлгө чабылган өпкөдөй болуп таланууга, тонолууга кабылды. Ак жакалуу билермандар элдин ырыскысына беш колун матырып аскердик учактардан бери соодалап тындым кылышты. Төрт түлүк малды эш туткан элеттиктер нан табуу үчүн жер кезип кетишти. Ал тургай интеллигенциянын каймактары өз кесибин кызыл кулактыкка айырбаштоого муктаж болушту. “Прихватизацияны” көрүп турса да ошол учурдагы соттор арачалап калууга жарабады. Керек кезинде рэкетчилердин, криминалдык элементтердин арыгын чаап, “кара коңуздарды” аппак кылып таштаганына маашырланышты. Көмүскө иштер соттордун кабинетинен эле ийге келтирилип, алакан чабышуу, акчанын амири менен бүткөрүлүп жатты. Батирлеп жүргөн шылуун соттор кыска мөөнөттө байып алууга жетишишти. Ушундай заман улана берсе керек деген ойдо бала-чакасын, жакын туугандарынын уулдарын юридикалык окуу жайга акчанын күчү менен өткөрүп жатышты. Азыр ошол кезде дипломдуу болгондор күрдөөлдүү иштеп жатышат. Көрсө өлкө кризистин сазына батканда өзүм билемдиктер арбып, акыйкаттын шатысы авада калкып калаарын жон терибиз аркылуу сездик го?

Арийне, тунгуч президентибиз Аскар Акаев бийликке келгенде соттордун телегейи тегиз болгон десек жаңылышабыз. Маселен, биринчи жолу Жогорку Соттун төрагасын иш бөлмөсүнөн ызылдатып каарданган адамдар кубалап чыгышкан. Ошондо Курманбек Осмонов бозала болуп кыйлага чейин “тактысына” отура албай кыйналып калган. Анткени шайлоонун шайтан оюндарына тескери мамиле жасалып, ажонун Айдарына, Берметине мандат берилип, соттордун кылыгына эл каарданып турганы анык болчу. Так ушул соттордун “ийкемдүүлүгүнөн” улам коомчулукта нааразычылык күчөгөн. Андан кийин келген соттордун деле тигилерден айрымасы болгон жок деп кесе айтып коюуга милдеттүүбүз.

Экинчи төңкөрүштөн кийин сот тармагынын жетекчилигине негедир айымдар дайындала баштады. Башында Феруза Жамашева келип өз аракетин жасап, колдон келишинче иштеди. Андан кийин төрайым болуп дайындалган Айнаш Токбаеванын келгенине кыйла убакыт болуп калды. Башкы жаңылык катары ак үйдүн жака-белине журт которгонун айтууга болот. Кантсе да мурдагы ажобуз Алмазбек Атамбаевдин жеке салымы аркылуу азыркы конушуна Жогорку Соттун көчүрүлүп келингени туура жыйынтыгын берди. Каражатты да жеткидей кылып таап бергенин неге айтууга болбосун? Бүгүнкү күндө бул жерге баш баккан адам башкача сезимдерге чулганат. Анткени ар бир кабылдоочу бөлмөлөрдөн заманбап жабдууларды көрүүгө болот. Эл күтүүчү, сот өткөрүлүүчү жайлардын ыңгайлуулугу, кышкысын жылуулугу, жарыктыгы бөтөнчө пикир жаратат. Кыскартып айтканда зарыл жабдыктар, эмеректер менен толук камсыз болгону дурус табылга десек аша чапкан болбойбуз.

Макул, шарттын жакшырганы оң көрүнүш дейли. Ал эми жалпы соттун абалы азыр кандай деген суроо берилбей койбойт. Сыдыргыга салгандай эместигин неге айтпайбыз? Кырдаалга жараша ар кандай соттук иштерде талаш-тартыштар жаралды. Айрыкча саясаттын капшабында калгандар боюнча кыжаалат кылган суроолор түптөлдү. Соттолуучунун тарапташтары тарабынан жасалган албуут кысымдарга кабылган соттордун нервине, ден-соолугуна доо кеткен жок деп кантип айтууга болсун? Эмдигиче ызырынып, муштум кезеп, кагынып какыс-кукус кылгандар соттордун мээсине зак кетерин, кан басымы чыңаларын деги ойлонуп коюшту беле? Балээниби. Эми мындай чыңалуулар эртең эле басылып калат дегенге ким ишенет? Эч ким. Себеби, соттор өз чечимдери менен бир тараптагыларды күйүнтсө, экинчи жактагыларды сүйүнтөөрү жалганбы? Негизи дайыма эле ушундай да, бирөө капаланат, экинчиси туура чечилди деп жыйынтык чыгарат. Эки жактын тең көңүлүн табуу соттордо болбойт.

Азыркы убакта абдан талылуу соттук иштердин болуп жатканы коомчулукту түйшөлтүп турат. Соттор өзүлөрү да мындай кырдаалга териси чыйрыккан кези. Көрүнүктүү кишилердин соту менин маңдайыма жазылбаса экен деген тиленүү жок десек буйтап кеткен болобуз. Бул чындык, азыр соттор деле заарканып калышты. Канткен күндө да бүйүр кызыткан соттук иштердин ичинде боркулдап кайнаган “ысылык” жатканын тана албайбыз. Шектелгендердин эч кимиси мен күнөөлүмүн деп жасаганын мойнуна алгысы келбейт. Баары бир дөңгөчтүн оор жагы сотторго түшөт. Актаса да, соттосо да аларды күнөөлүү деп табууга ынтызар болгондор бар. Эмнеси болсо да соттор бул күндөрдө баштагыдан да жооптуу милдетти моюндашты десек дал келет. Саясат жыттанган маселени жайгарууда сөзсүз жаңылуулар да, таландыга калуулар да болорун бүгүнкү абал тастыктоодо. Мурдагы өлкө башчынын убагында соттолгондор азыркы ажонун “жылуу чечимине” илинип каламынбы деген “кыялдар” менен алек болгону деле чын. Тилекке каршы буларды таптаза кылып актап жиберүү мүмкүнчүлүгү жок. Мына ушул омоктуу маселенин түймөсүн жандыруу сотторго оор болгонун байкоого анча акылдын кереги тийбейт. Антсе эле ошондой чечим чыгарган сотторду тытмалап жатып калышаары турган иш. А бирок, талаштуу кылмыш иштеринин баарына сот гана чекит коёруна көзүбүз жетип турса да ак, же көк деп натыйжа чыгарууга даабай турабыз.

Ошентсе да сот тармагында чыныгы реформалар болбогону менен жылыштар бар. Алыскы Чаткал, Токтогул райондорундагы соттордун жайлары мурда талапка жооп берчү эмес. Бүгүнкү күндө таптакыр башка көрүнүшкө чулганды. Балыкчы шаарындагы соттун имараты да иретке келтирилди. Дагы башка жерлерде курулуштук, реконструкциялык иштер аракетте. Кадрлардын жоопкерчилигин арттыруу, ротациялоо багытына маани берүү, семинар, тренингдерди жандандыруу боюнча иштердин калыпка салынышы эч кимди кайдыгер калтырбайт. Ошентсе да бир жактуу кылып сотторду чампалап жиберүүлөр токтобой келет. Жаман жери- фактыларды бурмалап салуу, ашепке асылуулар, болбогон жерден өксүк табууга жанталбастоолордун чагылдырылганы реалдуулук жаратпайт. Ооба, биротоло түптөлүп, тамырлап кеткен системаны сындыруу оңой эмес. Акырындык менен тереңдеп кеткен тескери өңүттөгү кемчиликтерди жоюга карата кадамдар ташталганын деле айта кетели. Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын калпыстыгынан оң сапаттары арбын экендигин калыстык иретинде кыстара кетсек кошоматтык болбойт. Анын ачыктыгы, адилеттиги, жөнөкөйлүгү соттун келбетине жарашып турат десек айрым ичине таруу батпагандар чыйрыгып кетишээри маалым. Антсе да адал жактарын чагылдырып койгонду ашыкча көрбөдүк. Таламайга туш болгон тармакты жаман дей бергенден оңолуп кетпейбиз. Андан көрө реалдуу сунуштарыбызды айтып, чыйралталы, кара тактарын кетирүүгө салымыбызды кошолу. Кандай болгон күндө да сот тармагы өлкөгө зарыл, демек реформаларды жүргүзүүгө жалпылап көмөк көрсөтсөк алдыга карай чечкиндүү кадамдар ташталат деп ынаналы.

Жора Сулайманов

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *