ТЭЦ маселесинин тескейин карап көрбөйлүбү?..

«Кыштын кыштай болгону жакшы» деген сөз туура. Бирок, ошол кычырап турган кышта жылуулук, ага кошулуп электр жарыгы да өчүп жатса эмне болот? Болгондо да килтейген мамлекеттин борбор шаарында… Эмне болоорун эл жон териси менен сезди. Дегеним, 4-5 күн удаасы менен болгон суук, шымыбыздын жыртыгын көргөзүп, так ошол жерден муздак шамалды үйлөтүп койду. ТЭЦте авария орун алып, Бишкектеги жылуулуктун өчүшү шаардыктарды бир топ убайымга салды. Ооба, бул өттү, кетти. Бирок, али бүтө элек жагдай бар. Бүтүндөй шаарыктарды үшүтүп, элди дүрбөлөӊгө салган кырдаалга эми ким жооп берет?! Учурда коомчулукта, «Жоопкерчиликке тартылса дагы катардагы жетекчилер жазаланып калбайбы?» деген собол курчуп туру. ТЭЦке барып, абал менен жеринде таанышып келген Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков айтпадыбы: «ТЭЦте иштегендерга мактоо гана айтсак жарашат, ал жерге барганда биз 15 мүнөт чыдай албай койгон жердеги адистер 4 сутка күнү-түнү иштеп баарын калыбына келтиришиптир, биз аларга сыйлык берсек жарашат. ТЭЦтин жетекчисин иштен алуу менен маселе чечилбейт, маселени башка жол менен чечишибиз керек» – деп. Абдан туура айтты. Аныгында 30-январь күнү премьер-министр Сапар Исаков ТЭЦтин жетекчисин иштен алууну сунуштады. Иштен алып коюу оӊой, бирок ошол кырдаалга жеткирген маселенин тамырын карап көрө алыштыбы? Ушул жерден ойлонуп көрбөйлүбү, балким ТЭЦтин жетекчисинде күнөө жоктур! Аныгында ТЭЦтеги аварияга учураган жылуулук таратуучу насос 1964-жылы салынган экен. Бул насос мындай эсептегенде 54 жыл бизге кызмат кылыптыр. Насостун эскилиги жеткенин жогору жакка эскерткен кайрылуу ТЭЦтин жетекчилиги тарабынан бир нече ирет айтылса дагы, биздин үлкөндөрдүн кенебестигинен ушул абалга кептелген жокпузбу? Себеби, эскилиги жеткен насос боюнча кайрылуу жасалганы 30-январь күнү Жогорку Кеӊештин депутаттарынын ТЭЦке болгон көчмө жыйынында ТЭЦтин жооптуу адистери тарабынан айтылды. Ошол эски насос иштен чыккандан улам Бишкекте көйгөй жаралды, ал эми ал насосту кайрадан оӊдоп ишке берген адистерге алкыш айткандан башка эч нерсе дей албайбыз. Алар чыныгы өз ишин билген адистер экен. Арийне, ким бирөөнү иштен алып, анын ордуна башка бирөөнү олтургуза коюу менен эмес, ошол жаралган кырдаалдан сабак алуу менен маселени чечсек болот беле?..

Каныбек Кадыралиев

Булак: Де-Факто 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *