Тибиртке эмес, чыйкан. “Таня” хватит!

Мурдагы күнү Кыргыз парламенти 13- сентябрдагы жалпы олтурумунда “Таня революционерка” – Карамушкина. И. буга чейинки шовинистик адатын дагы карматты. Жумушка орношууда кыргыз тилин билбегендиктен анын көптөгөн тааныштары кыйналып атканын айтып, Кыргызстанда кыргыз тили менен кошо орус тили да ошол мамлекеттин мамлекеттик тили болуусун, антпесе орус тили кыйын абалда калгандай пикирин айтып чыкты. Бул айым буга чейин Кумтөр маселеси боюнча митингге чыккан баатыр энелерди, кыргыздын улуттук баш кийми болгон калпагын, улуттун салт-санаасын уялбай, коркпой этпей эле мазактаганы бар. Андайлар унутулмак беле, көпчүлүктүн эсинде.

Бу, Ирина Карамушкина деген ким өзү? Кайдан чыккан машаяк? Эгер чын-чынын айтканда өзүнүн сый тамагын, жумшак төшөгүн балдарына бербей конгуна сактап койгон меймандостук кы­ргыз элинде гана бар болуш керек. Ушундай улуу меймандостукту карап деле уялса боло. Тескери­синче мамлекеттик тилди- эне тилди өнүктүрүү боюнча Кыргызстан СССРдин курамынан тараган мурдагы 15 союздук республикалардын ичинен жана да Орто Азиядагы кошуналардын да эң ар­тында калганыбыз факт! Анан эле Карамушкина сыяктуулар бийик трибунадан түшүнүп-түшүнбөй туруп акыл айтып чокчолоңдогондо күйбөгөн жериң күл болот экен. Деги бул катынды тартипке салып койчу жан жокпу, КСДПда? Мындайлар партияга, керек болсо жалпы мамлекетке “минус” эле алып келбесе “плюс” алып келбейт. Парламенттин төрагасы Ч. Турсунбеков ошол жыйында “кыргыз тили кыргыз элинин эне тили гана эмес, ар намысы” деп айтканы жөн гана публика үчүн айтылган “шоу-моусу” болбосо, Карамушкинаны кайра кынына киргизип койо болмок. Андайды кыргыз “темирди ысыгында чап” деп коет. Спикер анте албады.

Булак: “Айгай пресс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *