Тилек Усупов: “Сумодо салмак эле эмес, күчтүүлүк да талап кылынат”

Сумо Кыргызстанда кеңири таралган эмес. Ошентсе да анын популярдуулугун арттырууга Айбек Чекошов башында турган Сумо ассоциациясынын жигиттери бар күчүн жумшап келишет. Алардын бири Тилек Усупов бизде мейманда болду.

Тилек мырза, бул спорт башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

Сумодо  кимдин биринчи колу, чыканагы же башы, тагыраак айтканда “үчүнчү таяныч чекити” жерге тийсе, ал жеңилет. Катуу соккуга, көтөрүп чабууга тыюу салынат. Бүткүл  денең менен күрөшүп, атаандашыңды килемден түртүп чыгарышың керек. Түртүп чыгаруу үчүн, албетте, күчтүү гана эмес, салмактуу да болушуң керек.

Мисалы, күрөштө спортчулар килемге чыгуу үчүн салмак кууп, ташташат. Ал эми сумодо тескерисинчеби?  

Элде сумоторлор толук адамдар деген стереотип калыптанып калган. Мени деле көрдүңүз, анчалык семиз эмесмин (күлүп). Салмагым 130 кг. Бул спортто ким чо-оң болсо, жеңиш ошонуку деген түшүнүк туура эмес. Ким күчтүүсү жеңет. Салмакты тамакты туш-келди жей берип эмес, чеберчилик менен кошуш керек. Мисалы, биз дайымкы жеген бир тамагыбыздын рецебин айтып берейин: уйдун же тооктун этин алабыз дагы, сууга салып жай отко кайнатабыз. Кайнап аткан сууга пияз, картошка, сабиз, капуста ж.б. салып дагы 12 саат бышырабыз. Бышкан боткону аз-аздан, бат-баттан жейбиз. Негизи сумо менен мурда-кийин күрөш, самбо, дзюдо ж.б. спорттун түрлөрү менен алектенген адам машыкса жеңилирээк. Себеби мында аты аталган спорттун бүт ыкмалары колдонулат. Мисалы, мен эркин күрөш, грек-рим күрөшү менен машыкчумун. Азыр да балдарга эркин күрөш, сумо боюнча тренермин.

Балдар арасында сумого кызыккандар көппү?

Бишкекте төрт-беш машыктыруучу зал бар. Акыркы алган тизме боюнча Бишкекте 200 бала машыгып жатат. Ошто 50, Жалал-Абадда 40, Баткенде 25, Ысык-Көлдө 80, Нарында 30 бала үйрөнүп жатышат. Сумо бизде 1995-жылы жанданганы менен эми-эми “ойгоно” баштады. Буюрса баары алдыда деген ойдомун.

Өзүңүз буга кантип кызыгып калдыңыз?1434347585_img_3174

Күрөштө адам белгилүү бир куракка чейин күрөшөт. Мисалы, күрөш боюнча универсиадаларга 28 жашка чейин чыгасың. Олимпиадага 40 жашка чейин катышсаң болот. Менин 45 жаш курагым күрөш боюнча ири мелдештерге катышканга жол бербейт. Ал эми сумодо салмакка чек коюлбагандай эле куракка да чектөө жок. Ошондуктан мен күрөш боюнча  билгенимди жаштарга тренер катары үйрөтүп, ал эми өзүм сумо боюнча  мелдештерге чыгып келем. Менин атам дагы балбан.

Эмне үчүн  спорттун бул түрүн Японияда өтө баалашат?

Сумо алар үчүн биздин эркин күрөш  сыяктуу. Жана айткандай бизде сумого ышкыбоздор гана алектенсек, Японияда буга өтө олуттуу маани берип, баланы  кичинесинен тартып машыктырышат. Аларда бул спорт улуттук болуп эсептелинет. Биз Японияга 1997-жылы барганыбызда ал жактын жаңыдан сумого баш-оту менен кирип аткан спортчусу 2 миң доллар стипендия алчу. Ал эми чемпиондору 19-20 миң доллар стипендия алчу. Ошол кездеги ченем менен ал абдан чоң акча эле. Андан бери алардын деңгээли, дарамети ого бетер өйдөлөп, ошого жараша алган акчасы да асман чапчыса керек. Япондуктар 2020-жылы Японияда өтө турган Олимпиада оюндарына сумону киргизүүгө аракет кылып жатышат. Негизи кыйын сумоисттер Монголиядан чыгышат, бирок Японияда тарбияланышкан болушат же ошол жакта жашагандар болот. Мисалы, дүйнө жүзүнө белгилүү сумоист Хакухо Се өзү моңгол, бирок япон кызына үйлөнүп, учурда Японияда жашайт.

Сумонун ыкмаларын көчөдө тийишкендерге колдонуп койгон учурлар болобу?

“Солдат баланы таарынтпайт” деген принцип менен жүрөбүз. Көчөдөн тийишкендерге жооп бербегенге аракет кылабыз. Себеби кийин ага да, бизге да жаман болуп каларын билебиз. Ошондуктан бул абалдан өйдө болгубуз келет. “Сенин жооп кайтарбаганың коркоктугуңдун белгиси эмес” деген япондордун макалы бар. Ал эми килем үстүндө жоопту татыктуу берип келебиз.

Айке Аданбекова

Булак: Де-Факто 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *