Тилектеш Бегалиев КР Судьяларын тандоо боюнча кеңештин мүчөлүгүнө жактырылды

Кечээ, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына жаңы мүчөнү бекитүү жөнүндө (Т.И.Бегалиев жөнүндө) маселе каралды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Галина Скрипкина Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына Тилектеш Бегаливдин талапкерлиги сунушталгандыгын маалымдады.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына Тилектеш Бегаливдин талапкерлигин жактыруу тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *