Тилектеш Ишемкулов, профессор: Биздин журналисттердин ынтымагына, тилектештигине купулум толбойт

Белгилүү болгондой бүгүн Басма сөз күнү. Бул майрам 25 жылдан бери салтанаттуу турдө белгиленип келатат. ЖМКны бекеринен төртүнчү бийлик деп атабайт. Анткени, мамлекеттин күзгүсү. Коомдо эмне жаңылык болсо, мына ошол жаңылыктардын чып-чыргасын коротпой, жалпы элге күндөп-түндөп жеткизип турат. Биз журналистиканын жүгү, коомдогу ролу, күңгөй-тескейи тууралуу карыя журналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Тилектеш Ишемкулов агайыбыз менен баарлаштык. Баса, журналисттерге сүйүнчү! Агайыбыз аз күн мурун журналисттерге аба менен суудай эле керек боло турган “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын энциклопедиялык сөздүгү” деп аталган көлөмдүү китеп жазып, жарыкка чыгарган экен. Кеп оролун мына ушул китептен баштадык.

Тилектеш агай, биринчиден сизди майрамыңыз менен куттуктайбыз!

—Чоң рахмат! Силерди да куттуктайм!

 —Сиз 2-3 жыл чоң эмгек коротуп, “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын энциклопедиялык сөздүгү” деген чоң китеп жазып чыгарган экенсиз. Мындай эмгек буга чейин чыга элек эле. Чынында мындай китеп журналисттер үчүн өтө керек. Ушул эмгегиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

—Биздин Улуттук энциклопедиянын 7 томдугун даярдап жатышканда мени чакырышкан. Президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы менен улуттук энциклопедиясы мени мезгилдүү басма сөз, радио уктуруу, телекөрсөтүү жана басма иши боюнча жооптуу редактор кылып шайлашып, мага 545 термин беришип, ушуну эле жазсаңыз энциклопедия болуп калат дешкен. Мен тереңирээк карап чыксап, журналистикага байланышпаган деле эч нерсе жок экен. Мага берилгенди жазып бердим. Алар 7 томдугуна киргизип чыгарышты. Андан кийин бул ишти дагы улантып, иликтеп энциклопедиялык сөздүктөр-жалпысынан 2500ге чыгып кетти. Ошентип эки жыл эки ай дегенде ушундай көлөмдүү китеп болуп жарык көрдү. Албетте, эки жыл күндө эле олтурганым жок, ортосунда эки китеп чыгарууга үлгүрдүм. Ондогон макалаларды жаздым. Бул китепте терминдерди ушунчалык тактоого аракет кылдым. ТВ деген, радио, басма сөз деген эмне, редколегия, редакция, редактор, публицистика, макала дегенден баштап дармандын жетишинче чечмеледим. Орус тилинен, башка тилдерден кирген сөздөрдү колдон келишинче кыргызчага котордум. Буга чейин мындай сөздүк Карцев дегендики чыккан, аныкы 345 термин, Жапаровдуку, 450, Орунбековдуку 456 термин. Ушундай үзүк-үзүк болуп чыккан. Меники болсо алардыкынан 3 эсеге көп болуп жатпайбы. Мен бул китепти басып чыгаргандан кийин журналистикага тиешелүү дагы 78 жаңы атоолорду таптым. Айта кетчү нерсе, бул китепти “Алтын принттен” басып чыгардым эле. Бирок техникалык ката болуп, “жараян”, “Комсомолец Киргизия”, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген журналисти” карыя журналист Стамбек Усапаев тууралуу жазганым , айтор жалпысынан кийин жазып кошуп берген 48 термин кирбей калыптыр. Бул эми басмакананын көңүл бурбай койгону. Көрсө, ал жерде жалаң орус балдар иштейт экен.

—Кимдер демөөрчү болду?

—“Ысык-Көл” коому 50 миң сом акча беришип, “Агай эки жылда кайра кайтарып бересиз” -дешти. “Бербейм” – деп тамашаладым. Мыкты банкир болуп жүргөн Мурат Мукашев 30 миң сом акча берди. Азыр басмаканага 15 миң сом карыз болуп калдым. Бул китеп сатыкка чыкса, ошондон түшкөн акчаны төлөйм. Китептин бет ачаарын кылайын десем, ага жок эле дегенде 50 миң сом керек экен. Ошон үчүн бет ачаарын кылбайм.

—Кыргыз журналистикасынын сапат маселеси сиздин көз караш боюнча кандай болуп жатат?

—Сөздүн чынын айтыш керек. Мен сапат маселесине жогору баа бере албайм. Себеби, кыргыз журналисттеринин баары эмес, бирок көбү орфографияны билишпейт, жаңылык же чоңураак макала жазылса да тыныш белгилерин талаптагыдай коё алышпайт. Бир жолу бир гезиттен 227 ката таптым. “Фабула” гезити азыр жабылып калды деп жатышат. Мурун бул гезиттен да көп ката кездешчү. Анан гезитте болобу, сайтта болобу, теледе болобу, айтор баарында эле бирин-бирин кайталоо көп болуп жатат. Гезиттердин биринчи бетин карасаң баягы эле: “Эки автобус кагышты”, “Бирин -бирин бычактаптыр”, “Сайрагүлдү зордуктап кетиптир” – деген жаңылыктарды бадырайта басышат. Мындай көңүл чөгөрө турган маалыматтарды көп жазып жатышат. Бирок журналисттер кайсы темада көп маалымат жазса ошону эл да бир тажап, бир тажабай окуй беришет. Коомчулук да ушундай жеңил-желпи, терс маалыматтарды окуп жатышып, экономикалык, аналитикалык чоң макалаларды окубай калышты. Мунун өзү жакшы эмес. Гезиттердеги дагы бир кемчиликти айта кетейин. Азыр көпчүлүк гезитте жамаат деген жок. Көбүнчө эки-үч эле адам жазып толтурат. Редколлегия, аймактык кабарчылар деген да жок. Кээ бирөөлөрдү макташса, тим эле ракета менен космоско учурушат. Жамандаса тим эле тумшукка коюшат. Негизи журналистиканын орду коомдо чоң болушу керек.

Мына мен 9 жыл “Советтик Кыргызстан” деген гезиттин Башкы редактору болдум. “Кыргыз-Туусу” деген атты мен койгом. Биздин учурда журналистиканын орду, деңгээли башка болчу. Гезитке макталып чыккан колхоздун башкармалары жогору жактан грамота алышчу. Же кемчиликтери менен чыкса дароо сөгүш алышчу. Мактанчу эмес, ошол кезде биздин алдыбызда мен кыйынмын дегендердин далайы Ирандын эмирлериндей бийлеп турушчу да. Ушунчалык жоопкерчиликтүү болчу. Так эмес, туура эмес маалыматтар чыгып кетсе, катуу айтканда “атууга” кетчүбүз да. Азыр болсо жоопкерчилик аз. Калп маалыматтар деле аз эмес. Бирок журналисттер коомдогу курч, тескери көрүнүштөрдү тынбай эле жазып жатат. Коррупция, мафия, сойкулук, криминал дегендин баарын эле ачык жазып жатасыңар. Бирок тиешелүү тарап, бийлик көңүл бурбай жатат. Бир да министрлик жооп берип койбойт. Жооп берсе да сейрек да. Мына мен билгенден сен деле укмуш коррупциялык макалаларды көп жазып келесиң. Ошого ким көңүл бөлдү? Эл окуду. Үшкүрдү. Жини келди. Тиешелүү тарап окуп жатышса да, “жабылуу аякты жабылуу бойдон калтырып” коюп жатышпайбы.

—Кыргыз журналистикасынын ынтымак, тилектештигине кандай баа бересиз?

—Мен Журналисттер союзунун төрагасы болуп турганда 117 гезит-журналист бар эле. Кийин жалпы саны 2300гө чыгып кетти. Арасында чабалдары, ара төрөлгөндөрү өтө эле көп. Азыркы учур да чыгып жаткан гезиттер ашып кетсе, 85-95ке жетет. Мунун ичинде чабалдары да, курчтары да бар. Курчтарына: Азия-ньюс, Багыт, Фабула, Де-Факто сыяктуу эле гезиттерди киргизсек болот. Кыргыз журналисттеринин айрымдары өзүнө тагылган милдетти так аткарбай жатышат. Жарык кайда күйсө ошол жарыкты кубалап эле жүрө беришет. Сен айткан ынтымак, тилектештик маселеси менин купулума толбойт. Алыртып, жапырткандар, өзүн кыйын сезген, атаандаштыкты биринчи орунга койгон, эрежени бузуп жазган, бир эле стилде жазган журналисттер көбөйүп кетти. Бүткүл дүйнөдө журналисттердин тилектештиги бар. Бизде айрым учурларда кайсы бир журналистти сабап кетсе, же миллиондоп сотко берип жатса, ошого тилектештик билдирбей жатпайбы. Бул жакшы эмес. Ушинтип олтурса, кайдан ынтымак болот. Бул маселеге ар бир журналист көңүл бурушу керек. Антпесе болбойт.

Басма сөз күнүнүн түзүлгөнүнө бүгүн 25 жыл толуп жатыптыр. Бул мезгил бир карасаң өтө аз эмес, бир карасаң өтө көп да эмес. Кыргызстанда деги эле майрам толтура. Бирок журналисттердин майрамына жалпы коомчулук көңүл буруп карап турат. Эмнеге дегенде журналисттер дайыма, ар бир мүнөттө, ар бир саатта жалпы элди жаңы маапыматтар менен камсыздап жатпайбы.

Мен кыргыз журналисттеринин калеми курч болушун, ынтымагы бекем болушун, сапат маселесине көңүл бурушун тилейм.

 Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *