Тилемчи болуп эл бакпай эле койсоңор кантет?

Президенттикке чыгам дегендер саясий салмагы, калк арасындагы кадыры, билими, иш тажрыйбасы, капчыгынын калыңдыгы менен бири-биринен өзгөчөлөнөт. Баары эле такка отуруп өлкө башкарып, өкүм жүргүзгүсү келет. Өкүнүчтүүсү өз керт башынын арабасын тың тарта албагандар кайырчыдай мага каражат чогултуп бергиле деп элге кайрылып жатат. Булардын логикасына таянсак, эл акча берип, анан кара башын тыңгылыктуу бага албаган немени президент кылып шайлашы керек экен. Анан ошолор элди май көл, сүт кол жашоого жеткирет имиш. Буга Рита Карасартова менен Кубан Чороевдин кылыгы далил. Же булар президенттикке чыгымыш болуп элден акча топтоону бизнес көрүп жатышабы?

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *