Тилла Текебаева: уулум Өмурбек трибунадан сүйлөп чыкканда сүйүнгөм…

Саясый куугунтук менен мыйзамсыз, негизсиз камалып, учурда абакта жаткан «атамекенчи» лидер Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева менен маек.

– Тилла апа, «келиндин келгендегиси эстен кетпейт» дешет. Чиркеш ага менен кантип баш кошуп калдыңыз?

– Өзүм Кара-Дарыядан элем, бир акебиз Акмандан келин алып, ал жеңебиз бизди көрүп-билип жүрүп, мени төркүнү тарапка келин кылып бергиси келчү экен. «Балан күнү коңшубуздукунда той болот, ошо күнү келгиле» деп чакырып коюшуптур. Ошо тойдо мени алакачтырып ийген. Башыма терини жаап, байлап, атка учкаштырып, ала качышты. Ээн жерге, адырга жеткенде чечишти. Азыр ошондой болсо, чуу чыкмак. «Каякка алып баратасыңар, кимиңер мени атканы жатасыңар?» деп деле унчукпаптырмын. Коркконумдан калтырап, баёо да экенмин. 16дан 17ге караган кезим. Үйгө жеткенде «кетем» деп чатак салдым. Жанагы жеңем, акемдер келишип, кетем дегениме болбой, «эшик аттадың, кал, отур» деп таштап кетишти. Ошентип, келин болуп калдым. Кетким келип, көпкө көнө албай жүрдүм.

– Кантип көнүп кеттиңиз анан? Көп балалуу болгон экенсиздер…

– Жолдошум менден 9 жаш улуу эле. Ал да, кайненем да жакшы кишилер болуп чыкты. Ошолордун жакшылыгынан бара-бара көнүп кеттим. 10 бала төрөдүм, 7 уул, 3 кыз. Улуусу эки кыз, андан кийин эгиз балдарды төрөдүм. 3-4 айлык кезинде көз тийдиби, чарчап калышты. Анан абышкамдын түшүнө кирип, журт котор деген аян болуп, Өмүрбек боюмда кезинде бул жерге көчүп келдик. Жаңы жылга жакын калган, топурап, эл кеткенден кийин эле толготуп калдым. Доктурга барып төрөш деле жок анда. Маруся деген орус аял бар эле, ошону чакырып келишти. Буга чейинки төрөттөрүм жеңил болчу. Бул баламда бир күн кечке кыйналдым, кечинде буту менен төрөлдү. Ошол орус аял «жаман болсо мендей болсун, атын Өмүрбек кой» деди. Ачык-айрым, бетке айткан, орус болгону менен кыргыздай болуп калган аял эле. Ошентип, бир топ күн өтүп, бала тороло баштаганда кайненем баланы мага көтөртүп алып, молдого азан чакыртып ат койдурганы жетелеп барды. Молдо китепти ачса, үч уйкаш: Абдыкапар, Абдыжапар, Абдраим деген аттар чыгыптыр. Үчөөнү тең жактырбай, атасы да «Өмүрбек болсун» деди.

– Балдардын ар биринин өз-өзүнчө кыял-жоругу, мүнөзү болот эмеспи. Өмүрбек уулуңуз кимди тарткан?

– Өмүрбек балам көбүрөөк мени тартты. Эс тартканча үйдөгүлөрдүн баары көзүн карап өстүрдүк. Жылда сүмөлөк жасап, Кудайга сыйынып, балабыздын өмүрүн тилеп жүрдүк. Жылда туулган күнүн өткөрүп берчүбүз. Кежир, кыялы чатак эле, айтканын кылдырчу. Мектепке баргандан кийин туулган күнүн өткөрттүрбөй койду. «Кереги жок, эч кимди чакырбагыла» дей баштады. Чоң энеси мектепке алып барып, биринчи эле күнү «баламдын курсагы ачып калды» деп, ысык нан жапсам аны салып, дагы майда-чүйдөлөрдү салып, мектепке барып, чакырып алып берсе, Өмүрбек чоң энесине «экинчи алып келбе» дептир. Мектепте жакшы окуду. Кичинесинен эле билим алганга ынтызар эле. Китеп кармаса, таң атканча деле тамак ичпей окучу.

– Абышкаңыз канчасында көзү өттү?

– Балдарымдын атасы 55инде каза болду. Анда Өмүрбек Бишкектеги окуусун жаңы бүтүп келген. Келген күнү атасы менен сүйлөшүп, «ата, эртең Базар-Коргондон хром өтүк, плащ алып берейин, сизге ылайыктуусун көрүп келдим» десе, атасы «балам, сен али мага бир нерсе алып бере турган боло элексиң, керек эмес» деп жаткан. Ошондон эки күндөн кийин эле курулушта кокустук болуп, өтүп кетти.

Усталыгы бар эле, там салчу. Мен келгенде комсомол бригад экен. Андан кийин репкомиссия болду. Керээли-кечке жаны тынбай иштечү. Балдары чоңойгону мураб болуп иштеп жүрдү. Өзү сөөктүү, бою узун, чоң киши эле.

– Уулуңуздун саясатка кадам койгон учуру мектепте мугалим болуп иштеп турганда окуучуларды пахта талаасына чыгарбоо демилгесин көтөрүп чыккандан кийин башталган. Эмнеден улам бул демилгени көтөрүп чыкты эле?

– Өмүрбек окуусун бүтүрүп келип, Кайырмадагы мектепке мугалим болуп ишке кирди. Ошондо балдарды пахтага барбайт деп, Базар-Коргондун райкому болуп иштеген аял менен талашып-тартышып, ал куугунтукка алып, кийин Ошко кетти. «Жаман көрүнбөй, жөн кой, сага эмне, балдар пахта терсе тере беришсин, терип эле келишкен» десек, «жок» деп, беттегенин бербей, акырына чейин тырышты. Көрсө, анын окуучуларды пахтага чыгарбоо аракетинин жөнү бар экен. Көлдүн боюнда жалгыз баласы менен жашаган  кемпир бар эле. Тамагынан акча артпай  баласынын кийим-башы жүдөө, айрык экен. Он күн окууга келбегенинен Өмүрбек үйүнө барса, бала уялып алыстан качат. Энеси чыгып, «пенсиям чыкса, шым менен батинке алып берейин, анан окууга барсын, Өмүрбегим боорукер, кыйналганга кол сунбай коё албайт.

– Депутаттыкка талапкерлигин коюуга да себептер болду беле?

– Мугалим болуп жүргөндө коллективи депутаттыкка талапкерлигин көргөзүштү. Кудай жалгап, мугалимдердин жанагы демилгесин кубаттап, шайлап беришти. Ага чейин шайлоочулар менен жолугушууларда сүйлөгөн сөздөрүнөн корккондор да болду. Баягы райком аял үйгө келип, «балаңыз кайсы жерде чогулуш болсо, менин ишимди сындап жатат, сындаба деңиз» дейт. «Уулумдун да билгени бардыр. Атасы азыр болгондо уулун колдойт эле. Мен эч нерсе дей албайм» дедим. Тигиндей барып, «кыйын аял экен, алдана турган эмес» дептир. Аны кийин уктук. Ошентип Өмүрбегим депутат болду. Борборго кетти. Акаевдин маалы эле. Бир күнү саар менен эки эркек, бир келин болуп, үйгө келишти. «Сизден интервью алат элек» дешет. Макул болгон жокмун. Көрсө, атайын жиберишиптир. «Текебаев апасын айылга жалгыз таштап, баса берди» деп гезитке жазышмак экен. Балдарым «акыл таапсың, апа!» деп калышты.

– Телевиздордон чыкканда кандай болдуңуздар?

– Уулум Өмүрбек трибунадан сүйлөп жатканын телевизордон көргөн күнү майрамдагыдай сүйүндүк. Саар менен айыл-ападагылар «балаңдын телевизорго чыкканын майла» деп топурап келишиптир. Бара-бара уулум тез-тез телевизорго чыга баштады. Ачуу сындарды айтканда, «ушуну бекер айтты» деп ичимден кейип калчумун. Келген сайын «балам, жаман көрүнүп эмне кыласың, башкаларга окшоп, гезит окуп эле отура бер да» дечүмүн. Анда балам «апа, мени тескери жолго баштаба, мен көрүп турган чындыкты айтпай коё албайм, айтышым керек» дечү.

– Камакка алынганын кантип билдиңиз, кимдер айтышты сизге?

– Камалаар түнү тынчым кетип, жүрөгүм сезген. Эмнегедир уйкум келбей, бирөө менен урушкум келип, чегирткелер чаккансып, турам, кайра жатам. Намаз окуйм, таң атпайт. Эртең менен эрте  синдим келди. «Эмнеге келдиң? Сени ким чакырды? Келип кеткениңе үч эле күн болбодубу?» десем, «сизди көргөнү келдим» дейт. Артынан эле чоң кызым келди, өңү купкуу, көздөрү шишигендей. Эч кимисин сүйгөн жокмун. Бири-бирине ымдап, кирип-чыгып жатышты. Телевизордун пультун жаныма кыстарып жатам. Жаңылык көрөйүн деп телевизорду койсом эле, милициялар адамдарды кармап, машинелерге салып жатышат. Бир маалда уулум Алмаз менен неберем Айбекти таанып калдым. Анан эшиктеги шыбыранып атышкандар жаныма киришип, «текшерип, кайра коё беришет» деп мени жооткотуп киришти. Мен энемин, эненин жүрөгү сезип турат баарын…

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *