Тиллерсон: АКШ Пхеньянга тынч жол менен басым жасоону улантат

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түндүк Кореянын соңку жума ичинде жүргүзгөн ракеталык сыноолорун АКШга карата жасалган чагым деп атап, расмий Вашингтон маселени тынчтык жолу менен чечүүнү карап жатканын айтты.

– Бул нерсени биз Кошмо Штаттарга жана биздин ынтымакташтарга каршы жасалган чагымчыл аракет деп эсептейбиз. Биз тынчтык жолу менен Пхеньянга басым жасап, союздаштар жана Кытай менен кызматташуу аркылуу Түндүк Кореяны сүйлөшүүгө келтирүүгө аракет кылабыз, – деди Тиллерсон Fox News телеканалына 27-августта курган маегинде.

Түндүк Корея 26-августта жакынкы радиустагы үч ракетасын учуруп, алар Жапан деңизине түшкөн. Сеул ракеталар болжол менен 250 чакырым аралыкка учканын маалымдаган.

Жалпы үч ракета кое берилген. Бири учурулгандан кийин эле жарылган. АКШнын Коргоо министрлиги ракеталар Түндүк Америка же Гуам аралдары үчүн коркунуч туудурбайт деп билдирген.

Буга чейин Пхеньяндын Гуам тарапка ракета кое берүү тууралуу опузасына Трамп болуп көрбөгөндөй “от жана каар” менен жооп кайтарыларын эскерткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *