Тимур Саралаев, “Жаңы муун” кыймылы: “Сапар Исаков коомчулуктун жаштарга болгон ишенимин жок кылып, жаштарды девальвация кылды”

Азыркы күндөрү элдин назарынын борборунда болгон экс-президенттин айлана-чөйрөөсүндөгү жансакчылыранын, маалымат ташыгычтарынын жана портфель көтөргүчтөрүнүн бирин артынан бири “отставкага” кетип бара жаткандары талашсыз. Ошону менен бирге, учурунда Атамбаев тарабынан “ставка” кылынган жаш өкмөт башчы Сапар Исаков дагы жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан жаңылыктардын чордонуна түшчүдөй болуп калды.
Сапар мырза кызматка келип, өзү менен кошо жаш чоңдорду алып келген мезгилден баштап, ага жана анын командасына түркүн сындар айтылды. Ал сындардын айрымы объективдүү, айрымдары болсо субъективдүү болду.
Айтаарым дегеним, Исаков өзүнүн оксфордчул-гарвардчыл планшетүү кеңешчилери менен кошо Бишкектиктерди тоңдуруп сала жаздагынында эмес, Чехиядан алдамчыларды алып келгенинде эмес, деги койчу “Таза коомду” түзө албай калганынын сынга алууда эмес.
Айтаарым дегеним, Сапар Исаковдун эң негизги саясий катачылыгы, коомчулуктун жаштарга болгон ишенимин жок кылганында. Абактагы социалист Өмүрбек Текебаев Исаковдой кезинде такшалган саясатчыга айланган, Адахан Мадумаров Исаковдун курагында колтойгон мамлекеттик ишмер болуп калган, Исаковдун жашында Акматбек Келдибеков эң маанилүү чөйрөнү чайкатпай кармап, туура жолго салып турган. Совет мезгилинде дагы Исаковдон жаш журт башчылар болгон, мисалы Жусуп Абдрахманов, мындай мисалдар толтура. Өзүнүн жаш командасы менен кошо, Сапар мырза элге кызмат кылбай бир адамга кызмат кылды, Кудай берген колтойгон Өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрүн туура колдоно албады, пайда алып келбей зыян алып келди. Ошону менен кошо анын эң баалангыс зыяны көп жылдар алдыга жаштардын деңгээлин түшүрүп салды. Эми Сапар Исаковдон кийин элибиздин улуу мууну жаштарга оңой менен ишеним арта ала албайт, ал ишенимди алыш үчүн кийинки жаштарга бир топ иш кылуу керек.

Тимур Саралаев, “Жаңы муун” кыймылынын лидерлеринин бири

1 ой-пикир

  • Ырысбек says:

    Окмот бул чон жоопкерчилик, чон милдет ошол милдетти аткарып алып баруунун озу чон жетишкендик. сындын да чеги болот. Элдин жаштарга болгон ишенимин жок кылып девальвация кылды дейт Саралаев деген курук кыйкырык ушул да созбу. окмотту кой айыл окмот боло аласынбы же кочоого чыгып кыйкырсан эле укмуш коруно бересинби мен С.Исаковду коргобойм тааныбайм дагы бирок 23-25-27-жаштагы жаш билимдуу жигиттер бар экенин билем чет олкодон окуп келген бул жерден деле буткондору бар абдан билимдуу балдар бар окмотто аппаратта министрликтерде а сен жана сакга эл ишенбейт курук кыйкырык менен кочодо маселе которуп журо беришине тилектешмин анткени сенин адамдык сапатын томон экенин эл билсе керек койрондугунду ошон учун активист болуп эле журо бер кылтындабай…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *