Дүйшөн Керимов: Ааламдык калемгер Айтматов тууралу тогуз кайрык

12-декабрда ааламдык калемгер, анткенибиз, адегенде эле айжаркын чыгармалары, маселен, «Асма көпүрө», «Түнкү сугат», «Ботогөз булак» аңгемелеринде жер айдап, үрөн сээп алектенген жөнөкөй адамдардын жашоо көчүнөн тарта соңкулардан «Кассандра тамгасы» романында космос бийиктигинен ааламга абай салып, адам турмушунун не бир адам акылы аңдай алгыс көйгөйлөрүн көркөм иликтей, жер балдарына коңгуроо кага же азан айткандай өчпөс мурас калтырып кеткең улуу ойчул, элибиздин оозеки адабий шедеври «Манас»тарыхий дастаны менен биргеликте маңдайга бүткөн куттуу рухий кенчи, намыс, сыймык, нарк байрагыбыз болгон боордошубуз, киндиктеш агабыз Чыңгыз Айтматов 90 жашка толмок, аттиң…

Толгон жок. Улуу Жараткандын жазмышында мындан туура он жыл мурда 80 жаш курагында толуп-болуп, берчүсүн берип, көрчүсүн көрүп, а мүмкүн алчусун да алып… дегендей, өзү да эргип, муңайып, кубанып жазган сапарда – улуу жолдо баратып арабыздан түбөлүккө өтүп кете берди.

«Ар пенде Кудайды өзүнчө аңдап, өз деңгээлине жараша кабыл алат» деген жалпы түшүнүк бар. Ошол сыңары, Айтматовдун турмуш жолу, таржымал-тарыхы өзүнчө, ал эми жазып, айтып калтырган чыгармалары өзүнчө кенч, өзүнчө мектеп, өзүнчө үлгү, жол-жобо болуп чалкып жатканы… Ар бир аң-сезимдүү, окумал, шык-жөндөмгө эгедер пенденин жеке Айтматову болуу керек. Айтматов эми биздин тепеңдей, теңатасынып, билгенсип, жакынсынып, жарамазан айткандай кайталап, майдалап, залкардын өз оюна да келбеген олчойгон китептерди жаза бергенибизге муктаж да эмес. Ал бүткүл адамзаттын орток рух дөөлөтүнө эбак айланып кеткен. Демек ал – Айкөл агабыз биз кембагалга бүкүлү бүтүн бойдон, кандай болсо ошол нукура бойдон керек, келечек урпактарга андан да абдан керек, жол көрсөтөөр зарыл маяк. Биз Айтматов ааламына эсеби маселен, такыба мусулман ыйык Куранга, христиан Библияга, береги кыргыз «Манас» тарыхий дастанына аяр мамиле жасагандай деңгээлде болгонубузда гана ал бизге жакындайт, колдой, жолдойт, жандүйнө күлазыгына айлана берет.

Кудай буюрса, эртеңдерден 90 жылдык юбилейи белгиленет, анан 100 жылдыгы келет, андан арыга да ушинтип улана береринде эч шек жок. Кеп тойдо эмес. Ансыз да биздин элде тойлорду обу жок топуратып, маанисин майдалап, курулай дүңкүлдөккө айлантып алганыбызга бир далай болду. Кечээ Айтматовдун 90 жылдыгына Таласта 30 жылкы союлганын уктук. Ылайым аш болсун дейли. Бирок биз, айрыкча кыргыздар бүт дүйнө эли тамшанып окуган, окуп жаткан жана окуй бере турган улуу жазуучунун мурастарын өзүбүз окуп, андап, түшүнүп, үйрөнүп, аш кылганга даярбызбы, деңгээлибиз жетеби? Кеп ушунда, кеп биз баардыгыбыз материалдык муктаждыкка байланып же ашказан толтурууну гана алдыңкы планга койгонубуздан алыстабасак, рухий бийиктикке кол сермебесек, жандүйнөбүз сенек тартып, ышкы оту, демилге, ынтызарлык ындыны басаңдай берер, өзүбүздөн Айтматов да кол жеткис бийик болуп алыстай берер.

Ошондон  ойлоп-ойлоп отуруп, адаттагыдай төтө жолго салып, «Тогуз кайрык» сөз ыкмасында улуу агабызды эскерели дедик, мааракесин белгилейли дедик.

1-кайрык

Сөз жок, болочок улуу жазуучунун эки асыл эрди-зайып үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгени, ааламдык жаангер колбашчы Чыңгызхандын атына үндөш ысымдын азан чакырылып коюлушу але алдын ала жышаналуу болгонун мезгил тастыктады. Нагима апа… Каныкей энебиз кыргызга кандай кызмат өтөсө, Нагима апанын Чыңгыздай уулду төрөп тарбиялаганы бир баа санжыргалуу санат болсо, кайран Төрөкул абабыз 1937-жьшкы каардуу репрессия капшабында калып, зор империя СССР борбору Москванын темир жол вокзалынан жандалбастай үй-бүлөсүн поездге салып, алыскы Ала-Тоого жөнөтө аргасыз кала бергенде Нагима апа үч суткелик жолдо нени ойлонду?.. Улуусу Чыңгыз тогузда, жөжөдөй төрт бала. «Эри жокто зайыпка төркүнү жакын болуучу…». Атасы Хамза касиетүү Көл башындагы караколдук оокаттуу татарлар уркунан эле, ал жакка барса чиедей төрт бала менен жаны кыйналбайт эле… Жок антпеди, акылман апа асыл эринин айтканын аткарды, өз башы канчалык мүшкүлгө кептелерин сезип турса да наристелерин жетелеп Маймак станциядан түшүп калды. Көчөт Чыңгызды ата журттун асыл кыртышына алып келди! Кийин жазуучу өзү да «Шекер – менин негизги капиталым, а калган нерселерди башка жактардан алдым» деп жазды.

2-кайрык

1957-жылы «Бетме-бет», 1958-жылы «Жамийла» повесттери жарык көрүп, Айтматов жазуучу катары адабият айдыңында «жарк» этип жанды. Бирок, «өздөн чыккан жаттар» жаш калемгердин жаңы алоосун аз жерден «жалп» эттире өчүрүп коё жаздады… Ошондо дагы бир улуу боордошубуз, андан мурдарак эле «Манаска» кол сунган Мухтар Ауэзов жандүйнөсү чырылдап турган Чыңгызга кол сунду. Анан Луи Арагон, анан андагы союздун эң абройлуу Лениндик сыйлыгы, анан албетте «Абыке, Көбөш, Көзкаман…» көчүгүн ташка коюп отуруп калды…

3-кайрык

1966-жылы кадимки эле жөнөкөй жылкычынын тагдырын баяндаган «Гүлсарат» повести жаралды. Бул анын алгач орусча жазган олуттуу чыгармасы эле. «Гүлсарат» менен Айтматов ал кездеги «темир чеңгел» тоталитардык коомго анча ыңгайсыз эркин ой жүгүртүүнүн өзүнчө чыйырын салды, устаты, орустун орошон акыны Твардовскийдин нускоосунда авторитардык бийликке каяша сын айтуунун жаңы ыкма айдыңына көтөрүлүп чыгып кетти.

4- кайрык

1973-жылы баралына келип, ооматы артып турган Айтматов айжаркын аруу махабатынан айрылды. Мага айрыкча ушу саптарды жазып отурганда да кыргыздын дагы бир улуу урпагы, атактуу бийчи Бүбүсара эжебиз менен Чыңгыз агабыздын дээрлик 14 жылга созулган купуя «жабык» арзуу ашыктык алакасы, акыры келип ал улуу баян жол береги опера-балет театрынын фойе-астанасында эки ашыктын бүткүл адамзат турмушунда өтө сейрек кездеше турган трагедиялуу кырдаалдагы коштошуусу менен аяктаганы кайгыртат, толкутат. Андагы Айтматовдун эл адындагы көз көрүнөө (публично) аракеттеги эрдиги баардык чыгармаларынан да артык сезилет, ов!

5- кайрык

Алланын акыркы пайгамбарынын хадисинде «Билгиниң, кыйынчылыктан кийин жеңилденүү, кайгыдан кийин кубаныч, жаманчылыктан соң жакшылык келет» деген ой айтылат. 1980-жылдын башталышы менен калемгерлик өнөрдүн проза жанрындагы франциялык Виктор Гюго баштаган, Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык», Михаил Шолоховдун «Тынч Дон», Мухтар Ауэзовдун «Абай жолу» эпопеялык романдарынын канондоштурулган же пресстелген дейбизби, айтор, кыска жана нуска формат үлгүсүндөгү «Кылым карытар бир күн» романы жарыяланды. Ушундан тарта бүткүл дүйнөлүк адабиятта «маңкуртчулук» термин түшүнүгү пайда болду. Тарам-тарам адам тагдырынын айлампа акыл ой берметтеринин үлкөн жыйындысы болгон бул романды Айтматовдун чыгармачылыгынын «Хан Теңири чокусу!» десек адилеттик болор…

6- кайрык

Дээрлик чейрек кылымдан арбын республиканын кино тармагын жетектеп келген Айтматовдун арка-жөлөгү менен андагы союз алкагынан ары дүйнөнү таңкалтырган «Кыргыз керемети» жаралганы да чындык. Ошентип Айтматовдук таасир кино сыяктуу эле жалпы кыргыз искусствосун көкөлөтүп, көрктөндүрдү.

7- кайрык

1986-жылдардагы «Кайра куруу» желаргысы менен Айтматовдун жазуучулуж өнөрүнөн сырткары коомдук саясый ишмердигинин жаңы барактары ачылды. Бүткүл дүйнөлүк интеллектуал дөө-шаалардын алгачкы жолу башын коштурган «Ысык-Көл форумун» өткөрдү. СССР империя башчысынын кеңешчилик кызматына чейин барды, Европада элчилик кызматты аркалады.

8-кайрык

Албетте, Айтматов да адам, пенде катары биздей эле каталыктарды кетирди, жаза басты, жабыркады… Кайран киши алгачкы президент Аскар Акаевди бийликке апкелип, кыргыз элин кыйчалыш жолго салып, бүлгүнгө учуратып, өзү качып баса берген Акаевге келгенде оңбогондой жаңылганын кейип-кепчип айтты, жазды. Бирок, кандай болгондо да мунун баардыгы улуу жазуучунун өнөр туундулары дүйнөгө желдей тарап, 180 расмий тилге которулуп, рекорддук нускада жарыяланып, ошончо окурмандын сүймөнчүгүнө ээ болгон, болуп көрбөгөндөй аброюна кылдай көлөкө түшүрө албастыгы да акыйкат чындык болуп калды.

9-кайрык

Айтматовдун артында опол тоодой рухий байлыгынан сырткары да урпактары Аскар, Санжар, Ширин, Элдар бар. Атактуу атасынын юбилейи менен аларды купуктайлы! Арабызда жүргөн бир туугандары Ильгиз байкени, Роза эжени куттуктайлы! Негедир анча көп айтылбай жүргөн өмүрлүк жары Мариям эжени куттуктайлы жана да атын ааламга тааныткан ак калпак кыргыз элин куттуктайлы! Айтматов биздики, бизден чыкканына шүгүрчүлүк, каниет келтирели, түздөнөлү, дем байлайлы жана улуу Жараткандан улуу агабыздын жаны жаннатта болушун тилейли!

Автор: Дүйшөн Керимов

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *