Тогуз-Тородогу алтын кенинде жазында чыккан баш аламандыктар боюнча депутат камакка алынды

Тогуз-Торо районунда  жаз айларында алтын кен иштетүүчү ЖЧК “Джи Эл Макмал Девелопинг” комбинатында болгон окуя боюнча Тогуз-Торо РИИБнүн Тергөө кызматы тарабынан КРнын КЖКнин 234-бер.(бейбаштык) 3-бөл. жана 174-бер.( Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) 2-бөл. көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жалал-Абад ОИИБнын Тергөө кызматынын өндүрүшүнө алып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иштери боюнча окуя болгон жерде массалык тартипсиздике катышкан 21 адам соттолууда. Алар  Кылмыш Жаза Кодексинин «Массалык тартипсиздиктер», «бейбаштык», «Жерлерди өзү билип ээлөө же басып алуу», «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» беренелери менен айып тагылууда.

Кылмыш иши боюнча 19 шектүү үй камагында. Алардын арасында Көк-Ийрим айыл аймагында жергиликтүү кенештин депутаты да бар.

Калган кылмышка шектүү адамдарды анын ичинде активдүү лидерлерин, негизги уюштуруучуларын аныктап жоопко тартуу максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп 2 жаран камакка алынган.

Жекшембиде, 7-октябрь күнү Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын жергиликтүү кенештин төрагасы 1973-жылы туулган Ш.У. Жалал-Абад ОИИБна алып келинип, кылмышка шектүү катары жактоочусунун катышуусунда сурак кылынып, төрага 7-октябрь күнү убактылуу кармоо изоляторуна киргизилип, 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары уланууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *