Тойбос “Тойота Ленд Крузердин” жана тойгон курсактын акысы кантип кайтарылууда?

Экс-президенттин эң жакын адамы, анын мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязовдун “K-news” маалымат агенттигине берген орусча интервьюсу “Менин абийирим таза. Атамбаев менен Жээнбековдун биримдигин колумдан келишинче сактаганга аракет кылдым” деген аталышта кыргызча да жарыяланды.

Адегенде негизгисин айтсак, интервьюда бири экинчисин жокко чыгарган карама-каршы пикирлер, көз караштар арбын, аларга төмөндө кеңири талдоо жүргүзөбүз, мында алгач “серый кардинал” да шефине окшоп актанам, мактанам деп жатып, бирок өзү байкабай “Форумдагы” сырлардын айрымдарын ачыкка чыгарып жибергендигине көңүлүңүздөрдү бургубуз келет. Алар кайсылар?

Биринчиси, Атамбаевдин эң жакын адамдары Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгени жатканда ага “…экс-президент мамлекет башчысынын кызматынан кеткенден кийин эки жыл бою Коопсуздук кеңешинин төрагалык кызматын сактап калат” деген беренени киргизүүгө аракеттенишкен экен. Андай аракеттер мамлекеттик курулуш жөнүндөгү рационалдуу логикага ылайык келбейт, анткени дүйнөдө калыптанган салт боюнча, ким өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы болуп эсептелсе, адатта ошол адам Коопсуздук кеңешин да жетектейт. Антпесе баш аламандык келип чыгат. Маселен, өлкөнүн тагдырына байланышкан татаал учурларда күч органдарынын эки адамга бирдей баш ийгендигин элестетип көргүлөчү! Мында Фарид Ниязовдун (албетте, андай идеяны сунуш кылган андан башка ким болмок эле) кийинки мамлекет башчысын кош башкарууга тушуктуруп, баш аламандыктарды жаратып, андай кырдаалды өз кызыкчылыктарына пайдалангысы келгендиги көрүнүп турат. Кызыкчылыктары эмнеде болушу мүмкүн эле? Албетте, бийликтин бир бучкагын колдон чыгарбоодо болгон.

Экинчиси, “серый кардинал” экс-президентти аракеттеги президентке кайраштырып, анан экөөсүн элдешкиске айландырган да өзү болгондугун кыйыр түрдө мойнуна алган. Ал баштагандар: “Качанга чейин улам бир жаагыңызды чапсын деп тосуп бересиз? Эмнеге мизин кайтарбайсыз? Эмнеге эл менен жолугушпайсыз? Айыптоолордун агымына кантип чыдап жатасыз?-” деп экс-президентти шыкактап көкүтүп жүрүп, билдирүүлөрдү, анан 19-ноябрдагы интервьюну уюштурушкан экен. Эгерде анда рационалдуулук, жөн эле реалдуу кырдаалды адекваттуу баалагандык болгондо андайга бармак эмес. Бир жагынан аны түшүнүүгө болот: Ф.Ниязов орусча тарбияланып, Чүйдөн чыкпай жүрүп өлкөдөгү реалдуу абалдан алыстап, батыштык, россиялык түшүнүктөрдүн учкундары менен жашап калган адам. Сөзсүз, анын кесепеттерин бир күнү тартат. Анткени, өлкөдөгү реалдуу абалды жакшы билген адам патронуна “Эмнеге эл менен жолугушпайсыз?”- деп айтмак эмес. Эгерде экс-президент анын тилине кирип, эл менен жолугушам деп, сасыган жумурткалардын, помидорлордун, бадыраңдардын гана эмес, батинкалардын “жамгырында” калса эмне болот эле?

Үчүнчүсү, азыр экс-президент катуу ойлонуп, кемчиликтерин, жаңылыштыктарын сыдыргыдан өткөрүп, сарсанаага батып жаткандыгын айтыптыр. Бул да экс-президенттин инсандык жана саясый облигине таптакыр коошпогон, ага жасалма имидж жасоо үчүн гана айтылган кооз сөздөр. Анткени, ушул убакка чейин АША эмнелерди гана жасабады, кимдерди гана оозго алгыс сөздөр менен боктободу, бирок бир жолу да мен “баланчадай ишти туура эмес кылган экем” деп элден же башка бирөөлөрдөн кечирим сурагандыгын эч ким уга элек. Ал кандай иш жасабасын, оозунан нелер чыкпасын бардыгын туура, акыркы инстанциядагы чындык катарында эсептейт, кээде гана каматкандарына, куугунтуктагандарына келгенде гана “ошондо аша чаап кетсем керек” деп коёт. Эгерде анда өз иштерине сын көз менен кароо болсо, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо кетирген жаңылыштыктарын (эң эле жумшак айтканда) толук болбосо да жарым жартылай мойнуна алат эле го! Анда ЕРСтик келишим деген Кыргызстандын капиталдык курулуш, насыяларды алып пайдалануу, тендерлерди өткөрүү, мамлекеттик сатып алуулар сыяктуу ж.б. аракеттеги мыйзамдык актыларына карама-каршы экендиги кат тааныгандардын бардыгы билип турушат, жабдуулардын бардыгы өз бааларынан 3-4 эсе кымбатка сатып алынгандыгы кайталана берип дүлөйгө деле белгилүү болуп калды. Бирок аны экс-президент гана моюндагысы келбей жатат. Сыягы, аны убагы келгенде укук коргоо органдары гана моюндатат окшойт. Шефине кошулуп, Фарид Ниязов да өз интервьюсунда мамлекетке 150 миллион долларлык зыян келтирип, 30 пайызы гана жаңыланган ЖЭБ үчүн өлкөнүн мойнуна 500 миллион долларлык карызды илгендерди саясый куугунтукка учурагандар катарында көрсөтүүгө аракеттениптир.

Биз буга чейин 2010-жылдын апрелинен кийин мамлекетти Убактылуу Өкмөт деген коллегиалдуу орган жетектеп, андан кийин Роза Отунбаева деген айым 1,5 жыл президент болуп иштеген деп жүрчүбүз. Ал эми Фарид Ниязов 2010-жылдын апрелинен бери мамлекетте Алмаз Атамбаевдин бийлиги үстөмдүк кылып келгендигин же анын мыйзамдуу ыйгарымы жок кезде эле бийликти биротоло узурпациялап алгандыгын мойнуна алыптыр. Ошону менен бирге А.Атамбаев президенттиктен биротоло кеткенден кийин да мамлекетти башкарууга одоно түрдө кийлигишүүгө аракеттене берип, акырында азыркы президентке жаман көрүнүп алгандыгын да ачык айтыптыр. Актанам деп жатып – аласалып кетти, тактайм деп жатып – тайгаланып жыгылды деген ушул болот. Фарид Ниязов байкабай шефинин узурпатор экендигин жарыялап жиберди.

Бардык жарандардай эле экс-президенттин да мамлекет башчысына сунуштар, сындар менен кайрылганга укугу бар, бирок жолуккан жерде эле бир кезде жакын мамиледе болгондугун милдет кылып, док урунуп, анын майда-чүйдө ички иштерине кийлигише берүү саясый этикага, цивилдүү инсандык мамилелерге ылайык келбейт. Экс болуп кеткен адам аракеттеги бийликтен убагындагы Борис Ельциндей дистанцияда, калыстыкта өз абийирин, намысын сактап жүрүүсү керек. Мураскорунун катчыларына чейин деле кийлигише берген экс бардыгынан ажырайт, ал дүйнөлүк тажрыйбада эбак ырасталган. Экс-президент айткандардын канчасын кабыл алат, канчасын кулагынын сыртынан кетирет, ал аракеттеги президенттин өзүнүн иши. Ага экстерсиз деле квалификациялуу кеңеш берүүчүлөр ашыгы менен жетишет.

Александр Ким 2015-жылдан бери “Вечерний Бишкек” басма үйүн андан рейдерлик жол менен тартып алгандардын артында Фарид Ниязов, Икрамжан Илмиянов тургандыгын, А.Рябушкин алардын колундагы тактеке экендигин кайталап келаткандыгын жакшы билебиз. Турмуштук гана эмес, саясый да аябагандай чоң тажрыйбасы, маалыматтарды тактоочу ишенимдүү булактары бар андай адамдар башкасы болбосо да өзүнүн эң башкы душмандары кимдер экендигин, кимдер анын мүлкүнө, байлыгына көз артып жатышкандыгын сонун билишет. Мында Фарид Ниязовдун Александр Ким менен эки-үч жолу эле жолугушкандыгын, аны жакшы билбегендигин айтып, “рейдерлик тартып алууга тиешем жок”- дегени эч кимди ынандырбайт. Маселе, Ф.Ниязов менен И.Илмияновдун А.Кимди билген-билбегендигинде эмес, экөөсү тең “Вечерний Бишкектин” майлуу-сүттүү обьект экендигин билгендигинде, ал А.Рябушкиндин колуна өткөндөн кийип алар да кол акыларын алышкандыгында болуп жатпайбы. Мүмкүн, акыркы убактарга чейин алып келишкендир, биз бул жерде А.Кимдин айткандарын гана кайталадык.

Анын быт-чыты чыккан өлкөнү экс-президент өнүгүүнүн ишенимдүү жолуна салып кетти дегени чындыкка таптакыр жакындабаган демагогия. Андан көрө жылына 16,4 пайыз менен (2010-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы) өнүгө баштаган өлкөнүн ким быт-чытын чыгарып, 4-5 жылдык коллапска киргизип салгандыгын, андай соккудан мамлекет азырга чейин оңоло албай жаткандыгын айтып, ал үчүн шефи үчүн кечирим сурашы керек болчу.

Фарид Ниязов “Апрель”фондусу “Форумдун” сөзүн сүйлөгөн ЖМКларды каржылагандан сырткары көп адамдарга жардам көрсөтүп жаткандыгын айтат, бирок ал жөнүндө укпаптырбыз, айрым чет элдик фонддордой, ар жылдын аягында кимдерге кандай жардамдар көрсөтүлгөндүгүн жарыялап турушса, ынанымдуу болмок. Анан КСДПны толугу менен реконструкциялоодон өткөрүп, жаңылаганы жатышкандыгын айтыптыр. Мында партиянын ичиндеги элдешкис карама-каршылыктарды кантип чечишкендиги жаткандыгын да кошумчалай кетсе болмок экен, бирок айтпаптыр. Албетте, алар өздөрүнүн ички иши. Иши кылып кезексиз курултайда өздөрү КСДПдан сырткары калышпаса гана болду, андай коркунуч бар, ал канчалык деңгээлде ишке ашарын убакыт көрсөтөт.

Эң акырында Фарид Ниязовдун Алмаз Атамбаевдин жардамы менен “Тойота Ленд Крузер” деген жол тандабас машинеге ээ болгондугуна көңүлүңүздөрдү бургубуз келет. Аны өзү айтыптыр, биз ага аппетити аңырайган машинеге челек-челек май керектигин, курсак да куйбасаң болбойт деп жаңжал кыларын, башка тиричиликтик толгон-токой чыгымдар бар экендигин кошумчалагыбыз келет. Алардын баары АШАнын эсебинен болуп жаткандан кийин, аны мактап, жактамак түгүл “серый кардиналыбыз” жат десе, аны деле аткарат да. Кептин баары ушуда болуп жатпайпбы…

Аэлита САТЫНДИЕВАААэАэлита СатындиеваАэлита

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *