Токон Мамытов: башка өлкөнүн жараны Бахадыр Сулаймановго отчет бербейм

-Токон аба, сиздин учурдагы кош кызматыңыз депутаттардын кызуу талкуусуна чейин жетти окшойт. Эки кызматтан айлык алганыңыз, ага удаа генералдык пенсияңыз да бар эмеспи. Коомчулуктун талкуусуна чыккыча кичине шүгүрчүлүк келтирүүнү ойлонгон жок белеңиз?

– Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун парламенттеги ар кайсы маселелер саатындагы талкуудан «Токон Мамытов өкмөттө премьер-министрдин кеңешчиси болуп мындан айлык алып, ага удаа Кыргызстан элдеринин ассамблеясын жетектеп андан айлык алат. Бул кандай?» деп маселе көтөрүптүр. Мен 2013-жылы генералдык пенсияга документтерди толтургам. Ошондон тарта беш жылдан бери пенсиямды алам. Бул менин 30 жылдан ашуун убакыт күч органдарында эмгектенген бийик тажрыйбамдан улам тапкан мээнетимдин акыбети, аскердик пенсиям. Аскер адамы катары мен мыйзам боюнча пенсия алганга укуктуумун. Сулейманов туура белгилегендей, өкмөттүн аппаратынан премьер-министрдин кеңешчиси катары айлык алам. Бирок, берки Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы катары айлык албайм. Бул коомдук уюм! Депутат Сулейманов бирөөгө сын айтардан мурун мыйзамды кичине окуп койсо дурус болмок. Парламент депутаты катары мамлекеттик казынаны бекитерде өлкө бюджетинен Кыргызстан элдеринин ассамблеясы каржыланбастыгын билип койбойбу? Депутат болуп мамлекеттик казынаны бекитет да, ассамблея акча албасын билбей калганбы? Өңгөнү коюп, ушул депутат өзүн биринчи карасынчы? Бахадыр Сулейманов эл өкүлү катары айлык алат да, ошол эле маалда Кыргызстан дунгандарынын ассоциация кеңешинин төрагасы (мендей эле) катары өзү деле маяна албайт. Андыктан, менин коомдук уюмдан айлык албасымды ал жакшы билет. Болгону ал провокация кылуу менен саясый упай топтоону көздөдү окшойт. Депутат Сулеймановдун «суу сөздөрүнө» теригип, унчукпаганымдын себеби, мен чет өлкөнүн жарандарына эч убакта отчет бербейм. Анткени, Бахадыр Сулейманов чет өлкөнүн жараны. Анын чет өлкөнүн жарандыгын тастыктаган бул боюнча документтери менин колумда турат. Документтердин көчүрмөсүн силерге да бергенге даярмын. 2010-жылы парламентке 5-чакырылыштын депутаты болуп келгенде дал ушул Сулейманов менен фракция лидери Камчыбек Ташиевдин ортосундагы жаңжал – анын жарандуулугунан улам келип чыккан.

– Борбордук шайлоо комиссиясы анын чет элдик жарандыгын билбей калып, каттого алышканбы? Же алардын көздөрүн будамайлатууга жетишкенби?

– Алар деле билишкен. Сулеймановдун чет өлкөнүн жарандуулугуна БШКнын 7 мүчөсү каршы чыкканы менен бир добуш жетпей калган. Эрежеге ылайык 8 киши каршы чыгышы зарыл эле. БШК өкүлдөрү да өздөрүнүн добушу Сулеймановдун астында «суу кечпей» калган соң, колундагы шек жараткан жарандуулугу боюнча документтерин укук коргоо органдарына бериши керек болчу. Бирок, алар андайга барышкан эмес. Чатактын башы ошого барып такалат. Таңгаласың, Бахадыр иним чет өлкөнүн жараны болуп туруп, Кыргызстанга келип, 2013-жылы дунган ассоциациясынын башына келип, өзү төрага болуп шайланып алган. Анын мындай өзүмбилемдигине нааразы болгон ассоциация мүчөлөрү Казакстанга Сулеймановдун жарандыгынын чын-бышыгын тактоо боюнча суроо-талап жөнөтүшсө, алардан «2013-жылдын апрель айына карата Бахадыр Искакович Казакстандын жараны» деген тастыктама келип жатат. Ал башка өлкөнүн жараны болуп туруп, кыргыз парламентинин депутаты катары мамлекеттик сырга кантип мумкүнчүлүк алды? Депутат болгон соң мамлекеттик сырларга катыштыгы болуп, андай мээнети үчүн маянасына 20% кошумча төлөм кошулат. Ошол үстөк төлөмдү бул кантип алып жүрдү? Башка өлкөнүн жаранын мамлекеттик сырга катыштырганга болбойт. Сыйлуу өлкө буга эч качан жол бербейт. Бул эми чыккынчылык да, туурабы?

– Чекистсиз да, генерал башыңыз менен мунун баарын кургак сөз кыла желге айлантпай, мыйзамдуулугун текшертпейсизби анда?

– Анын жарандыгы боюнча документтер менин колума жакында эле келип тийди да. Тийиштүү тастыктамасы бар андай документтерди Бахадыр Сулейманов төрагалык кылган дунган ассоциясынын, мүчөлөрү өздөрү алып келип беришти. Көрсө, алар да өзүмбилемдик менен төрага болуп алган Сулеймановдун жарандыгынан шек санашып, Казакстанга суроо-талап жөнөтүшсө Кордай РИИБинен 2013-жылдын 19-апрелине карата анын кошуна өлкөнүн жарандыгы бар экендигин тастыктаган атайын документ келген. 2010-жылдан 2013-жылга чейин үч жыл ал кантип депутат болуп жүргөн? Үч жыл бою парламенттен атайын жашырылган мамлекеттик сырларга мүмкүнчүлүк алып, кантип маяна алып жүрдү? Буга жооп бербейби? Азыр Сулейманов менен биздин ассамблеянын ортосунда соттошуу жараяныбыз башталды. Ал бизди сотко берди. Ошол соттук процесстерде мен анын Казакстандын жарандыгын тастыктаган документтерин алдына жайып берем. Өкмөт да Сулеймановдун мен тууралуу каккан коңгуроосуна «Ассамблея өлкө казынасынан каржыланбайт, бул коомдук уюм» деп жооп берди. Азыр Бахадыр иним «2010-жылдын декабрь айында Казакстандын жарандыгынан чыктым» деп айтып жатат. Жарандыктан чыкканда өлкө президентинин указынын атайын номери болот. Кана ошол указдын номери? Анысы да жок. Ал жактан чыккандан кийин Кыргызстандын президентинин жарандыкты алуу боюнча указы чыгышы керек. Кана ал указ? Бул аны да көрсөтүп бере албайт. Сулейманов 2010-жылы октябрь айында парламенттик шайлоого «Ата Журт» партиясы менен аттанып жатат. Башка өлкөнүн жарандыгынан чыкпай туруп шайлоо тизмесине талапкер катары кантип катталды? Биздин Башмыйзамыбызда да кош жарандуулукка жол берилбейт. Менин жогорудагыдай суроолорумдан соң укук коргоо органдары эл өкүлү Бахадыр Сулейманов тууралуу жогорудагыдай фактыларга олуттуу көңүл бурат деп ойлойм.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия ньюс”

1 ой-пикир

  • Бекзат says:

    Токтокучук, суттон ак боло бербечи. Атамбаевдин бир чон артыкчылыгы ушу сени бир жерине киргизбей койгондугу болду, Кулов, сен ондонгондордун саясаттан алыстаганы коом учун эбегейсиз пайда.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *