Токон Мамытов, Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын төрагасы: «Түштүктөгү Барак анклавына байланышкан маселе боюнча айрым жетекчилер ал жакка баргандан качып жүрүшкөндө, Сооронбай Шарипович өзү барып жатты»

— Токон мырза, буга чейин кыргыз-казак чек арасында кездешкен жагымсыз окуялардан кийин Токмоктун тушундагы азыр да талашка түшүп жаткан узундугу 800 метр аралыкты түзгөн жер тууралуу маалыматтар ачыкка чыкты. Сиз учурунда мамлекеттик Чек ара кызматын жетектеп калбадыңызбы. Ал жер качан казактарга өтүп кеткен?

— Токмоктун тушундагы узундугу 800 метр жер 2001–2003-жылдары эле чечилип калыптыр. Ал жерге байланыштуу маалыматты ошол кездеги комиссиянын төрагасынан, мүчөлөрүнөн жана эскперттерден сураш керек. Эмне үчүн чечилип калганын мен деле билбейм. Мындан тышкары дагы эки чоң маселе чечилбей калган экен. Таласта “Большой клин”, “Малый клин” деген жер бар. Бул дагы тескери чечилип калыптыр. Биздин айылдын маңдайында эле жайгашкан айылдын жашоочуларынын мал жайылган жайыттары коңшу мамлекетке өтүп кеткендиктен, анын дагы кандай чечилгени белгисиз. Бул болсо 2001–2003-жылдары чечилип, 2008-жылы ратификациядан өтүп кеткен. Эмне үчүн минтип чечилип калгандыгын ошол кездеги комиссиядан тактап, билүү керек. “Малый клин” дегенибиз Аманбаев айылынын жанында болсо, ал эми “Большой клин” Көк-Сай айылынын жанында жайгашкан.

— Эми мамлекет үчүн чыккынчылыкка тете мындай иштер үчүн кимдер жоопкерчиликке тартылышы керек?

— Маселени комиссиянын төрагасы чечет деп баары эле ойлошот. Бирок эч качан комиссиянын төрагасы чечпейт. Мындай маселени чечиш үчүн комиссиянын мүчөлөрүнөн тышкары эксперттик топ да болот. Бул топтун курамына губернатор, же анын орунбасары, аким, айыл өкмөт кирет. Мисалы, губернатордун орун басары, же акимдин орун басары эксперттик топко кирсе, анда губернатор, же аким өкмөттүк комиссиянын курамына кирет. Ошондуктан “Эмне үчүн бул маселе Чүй облусунда ушинтип чечилип калды?” анан “Талас облусунда эмнеге минтип чечилип калды?” деп ошол кездеги комиссиядан сураш керек. Демек, бул маселе чечилип калгандан кийин ратификациядан өтүп, парламент дагы колдоду да. Ошон үчүн азыр эң биринчи иретте эксперттер жооп бериши керек. Эмне үчүн эксперттик топ ушундай сүйлөшүү жүргүзүп, ушундай чек араны тактап, анан төрагаларга ушундай кол койгула деп туруп, өзүлөрү кол кол коюп, башкача айтканда макулдугун берген? Азыр көбүнчө эле комиссиянын төрагасын күнөөлөп жатышпайбы. Ал туура эмес. Эң биринчи эксперттерди, комиссиянын мүчөлөрүн, андан соң комиссиянын төрагасын жоопкерчиликке тартуу керек. Эми мен эмне үчүн эксперттерди, комиссиянын мүчөлөрүн биринчи жоопкерчиликке тартыш керек деп жатам? Себеби алар жанагы келишимге биринчи кол коёт. Биздин Улуттук коопсуздук кызматынын, Чек ара кызматынын жана башка 10–15 министрликтин өкүлдөрү, же болбосо министрлер өзүлөрү кол коёт. Анан баары эле аягында Саламат Аламановго болгон күнөөнү оодарып коюшат. Ал киши болгону комиссиянын төрагасы эмеспи. Ал киши маселени өзү чечпейт. Кол коёрдон мурун баардыгынын пикирин угат. Алар кол койгондон кийин гана айласы жок төрага өзү кол коёт. Андыктан бир эле комиссиянын төрагасына жалаа жаап күнөөлөгөн болбойт. Себеби, баары ошентип турса комиссиянын төрагасы колго салганда деле ал жалгыз каршы болуп калып жатпайбы. Ал өзү жалгыз каршы болгондо дагы милдеттүү түрдө протоколго кол коюшу керек. Акырында “кылгылыкты” беркилер кылышканы менен баары бир төрага эле жаман көрүнөрүн баса белгилеп кетмекчимин.

— Сиз чоң саясатка көптөн бери аралашып келе жатасыз. Азыркы баленин баары Бабановдун элбасыга барып колдоо сураганынын кесепети болууда деген тыянак чыгып жатпайбы. Сиз дагы ушул тыянак менен макулсузбу??

— Мамлекетти башкарам деген адам коңшу мамлекеттин ажосунун эшигин сагалап, колдоп коюшун суранганы негизи туура эмес. Мындай көрүнүш кыргызда болобу, оруста болобу, түрктө болобу деги эле туура эмес иш болуп эсептелет. Ажо боло турган адам коңшу мамлекеттин ажосунун эшигин каккылап, босогосун сүзгүлөп жүргөнү эмне деген жорук? Ажо боло турган адам өзүнүн элинен колдоо сурабай коңшу мамлекеттен колдоо сураганы одоно чоң ката эмеспи. Ушундай саясатчыларды таптакыр саясатка жолотпош керек. Андай адам өз элине эч качан жакшылык кылбайт. Бүгүн бөлөк мамлекеттен колдоо издеген талапкер демек өзүнүн эли тургай өзүнө да ишенбейт. Анан ал мамлекетти жыргатып жибермек беле?! Ошон үчүн шайлоочулар ушундай терс көрүнүштөргө өзгөчө көңүл бурушу керек. Эмнеге дегенде андай талапкер коңшу мамлекеттин колдоосуна ээ болгон учурда дагы кийин “бересени” бериши керек болот. Демек, анда ал талапкер эл душманына айланып калат. Элдин кызыкчылыгын коңшу мамлекетке сатат. Экономика, саясатта же башка бир маселеде талаш-тартыш болуп калса, анда туруштук бере албай өзүнүн элинин кызыкчылыгын аттап басып кетет. Президенттикке талапкер болуп чыккан соң өзүңдүн элиңе кайрылышың керек. Бүгүн барып бирөө Кремлден, экинчиси Астанадан, дагы бири Ташкенттен колдоо сурап турса, анда Кыргызстандын президенттигине эмес БУУнун башкы катчысы болом деген кызматка бара жаткандай болуп калып жатпайбы. Эгер андай адам БУУнун жетекчилигине шайлангысы келип жатса, анда 196 мамлекетти кыдырып “Ошолор мени БУУнун жетекчиси кылып шайлайт” деп анда Москвага, Пекинге, Берлинге, Стамбулга барышы керек.

— Сиз кыргыз калкынын Ассамблеясын жетектейт эмессизби. Бабановго Оштогу Он-Адыр аймаганда өзбек тилдүү шайлоочулар менен жолукканда этностор аралык кагылышууга чакырык таштаган сөздү айтты деп кылмыш иш козголду. Көп улутту бириктирген ассамблеянын төрагасы катары Бабановдун айтканын угуп, кандай жыйынтык чыгара алдыңыз?

— Мен деле эл катары ал кишинин Он-Адырда сүйлөгөн видеосун көрдүм. “Тизелеп жашагыча тик туруп өлгөн артык” деген сөзү туура эмес. Азыр биздин мамлекетте кыргыз элинин кең пейилдигинен, башка элди сыйлагандыгынан бизде бүгүн башка улуттан беш кишиси болобу, же миллион кишиси болобу кыргыз эли баарына тең бирдей мамиле кылат. Ошон үчүн биздин Кыргызстанда чөгөлөп жашаган этнос жок. Конституция боюнча кыргыз жаранына кандай укуктар, милдеттер жүктөлсө, ошол укук, милдеттерге улутуна, динине, жынысына карабай бизде жашаган башка этностор дагы кыргыз жараны болгондон кийин баарына ээ. Ошон үчүн саясатчылар жогорудагыдай сөздөрдү сүйлөгөндөн абайлашы керек. Албетте, тигил же бул этностун добушуна ээ болобуз деп айрым учурда ушундай жолдорго барган туура эмес. Мындай көрүнүш бөлөк мамлекеттин босогосун сагалаганга эле барабар. “Силер кыргыз жаранысыңар. Кыргыз жери батир, же жатакана эмес. Убактылуу жашап эртең башка жакка көчүп кетем дегидей. Кыргызстандын жараны болгондон кийин улутуңа, диниңе, саясий көз карашыңа карабай сенин милдетиң, укугуң бар экенин эстен чыгарбай баарына жооп бересиң” деп саясатчы баарына түз айтышы керек. Биз муну сыймыктануу менен айтышыбыз зарыл. Себеби, буга чейин биздин мамлекетте 80 улуттун өкүлдөрү жашайт экен деп жүрсөк, азыркы кезде чехтерди, афгандарды, цыгандарды, хакастардан тышкары жана башка улуттарды эсептесек 121 улут жашайт экен. Демек 121 улуттун укугу тең. Милдети да бирдей. Ошон үчүн президентикке талапкер болобу, же жөнөкөй жаран болобу Кыргызстан баарыбыздын үйүбүз экендигин эсибизден чыгарбашы керек.

— Сиз жетектеген Ассамблея мурда президенттик шайлоо учурунда бийликтин камчысын чапчу эмес беле. Бул жолу жогору жактан силерге тапшырма берилген жокпу?

— Чынын айтканда мурдагы президенттердин учурунда Ассамблеяны камчы катары, саясий демилгечи катары көп эле пайдаланып, жолдун ортосуна сүйрөп келип, акырында тыштап салчу эмес беле. Кудайга шүгүр, азыр болсо Ассамблеянын колдоосун күтүп бирөө да мага тапшырма берген жок. Мага парламент да, өкмөт да, президент да байланышка чыкпады. Ошон үчүн биздин Ассамблеянын кызматкерлери өз каалоосу менен Кыргызстандын жараны катары өзүнүн укугун пайдаланып шайлоого активдүү катышып, өзү каалаган талапкерге добуштарын беришти. Бул жердеги этникалык биримдиктердин жетекчилеринин бирөөсү дагы саясий өнөктүккө аралашкан жок.

— Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков жакында өзүнүн кызматына расмий түрдө киришкени жатат. Ал киши өкмөт башчы болуп турган кезде сиз ага кеңешчи элеңиз. Дегеле ал кишинин жетекчи катары ишмердүүлүгүнө кандай баа берээр элеңиз?

— Азыркы жаңы шайланган президент чынын айтканда чоң саясатта көп убакыттан бери жүрбөйбү. Андыктан мен ал киши менен депутат болуп шайлангандан бери таанычумун. Ал кезде мен Улуттук коопсуздук кызматында иштечүмүн. Кийинчерээк мамлекеттик башка жетекчилик кызматтарды аркалап Ак үй, Көк үйдө иштеп жүрдүм. Ошол учурда айрым бир парламенттик, өкмөттүк жыйындарда мамлекеттин тышкы маселесинен ички маселесине чейин бул киши менен пикир алышып кызматташып калдым. А мен өзүм орган жагында иштесем дагы бул киши парламентте депутат, кийин министр болуп жүрдү да. Бирок биздин укук коргоо органдары баары бир парламентке, өкмөткө баш ийет эмеспи. Бул киши менен айрыкча чек ара маселелери боюнча тыгыз иштешип кызматташып калдым. Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеп турган учурумда бул киши Ошто губернатор эле. Түштүктөгү Барак анклавына байланышкан маселе боюнча айрым жетекчилер ал жакка баргандан качып жүрүшкөндө, Сооронбай Шарипович өзү барып жатты. “Комиссияга мени да кошуп койгула” деп биз менен да барган учурларын баса белгилеп кетмекчимин. “Сизге ырахмат! Губернатор болсоңуз да өзүңүз келип жатасыз” деп барактыктар ыраазы болуп жатышканына да күбө болдум. Бул киши элдин турмушун жакшы билгенден тышкары көйгөйлүү маселелерди кантип чечүүнүн жолун дагы билет экен. Өзү мамлекеттик Чек ара кызматында, Тышкы иштер министрлигинде иштебесе дагы ал жактагы элдин маселесин аталган тармактардын кызматкеринен кем эмес чечип жатты.

 Экөөңөрдүн жолуңар дагы кайсы жерден кесилишти?

— Биз июнь окуясында да чогуу болуп калдык. Анда мен парламенттик комиссияны жетектеп Ошко барганда элден бул киши тууралуу жакшы пикирлерин уктум. Ошто ызы-чуу башталган учурга чейин өзүнүн аппаратындагыларга, шаардагы ички иштер башкармалыгына тапшырма берип алдын ала студенттерди кооптуу аймактан чыгарып кеткен экен. Мындан тышкары Ошко туш тараптан келе жаткан элди тостуруу үчүн постторду уюштуруп ар бир райондун акимине “Элиңди шаарга киргизбей кайра ушул жерден кайра артка алып кет. Алар шаарга каптап кирип кетсе кан көп төгүлөт!” деп көрсөтмө берип, кыргыз-өзбек экенине карабай көптөгөн үй-бүлөлөрдү сактап калыптыр. Мен ошол учурдагы парламенттик комиссиянын жетекчиси катары муну ачык айта алам. Эми жашырганда эмне. Бул киши артынан жаман сөз ээрчиткен жок. Коррупцияга эч тиешеси жок таза иштеген мамлекеттик жетекчи. Демек, бул киши иштин көзүн билгендиктен коңшу мамлекеттер менен болгон дипломатиялык мамилелерди жөнгө салып Кыргызстан үчүн жемиштүү иштеп берет деп ойлойм.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *