Токон Мамытовдо кандай бомба бар эле?

Токон Мамытов кызматсыз калып, урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай жүргөн убагында “менде Кумтөр боюнча бомба бар, мен билген фактыны эч ким билбейт, ал өтө коркунучтуу” – деп жатты эле. Көрсө бомбасын кызматка алмаштырып иймек тура. Бул генералды чыныгы элдик генерал деп жүрсөк кызматтын генералы экен. Бомбасынан дайын жок. Өзү Ысык-Көлдүн кулуну болгондон кийин бомбасын кызмат менен соодалашпай эле Кумтөрдүн бетин  ачып берсе чоң ишке жарайт эле. Ансыз ал маселе бийликтин да, карапайым элдин да баш оорусуна айланды.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *