Токтогул райондук соту ремонттолуп колдонууга берилди

Жалал-Абад  облусунун  Токтогул райондук  сотунун  имараты  капиталдык  ремонттон өткөрүлүп,   колдонууга берилди.  Сот  тутумун материалдык-техникалык жактан  камсыздоону  жогорулатуу жана  сот  адилеттигин сапаттуу  жүзөгө ашыруу үчүн  ыңгайлуу шарттарды  түзүү бул  Сот  реформасынын багыттарынын   бири  болуп  саналат. Бул туралуу Жогорку Сотттун басма сөз кызматы маалымдады.

Айта  кетсек,  2015-жылдын  ноябрь жана  декабрь  айларында  Кыргыз  Республикасынын Жогорку  сотунун  төрайымы  Айнаш  Токбаева  өлкөнү  түрө кыдырып  соттордун  абалдарын көрүп  чыккан.  Ошол  учурда  Токтогул  райондук  сотунда  да  болуп, имарат    талапка  жооп  бербей турган  деңгээлде  экендиги эске  алынып,  маселе Соттор  кеңешинде  каралып, капиталдык  ремонтко  макулдук  алынган.

Имараттын расмий  ачылышына  катышкан Жогорку  соттун төрайымы, “Максат  оңдоп-түзөө десе эле актап сырдоо эмес, сот имараттарын иш алып барууга ыңгайлаштырып, эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү”- деп  белгиледи. Айта  кетсек,  ушул тапта баардык  аймактарда сот имарттары ремонттолуп, имараты жок жерлерге жаңылары курулууда. Токтогул  райондук  сотунун имаратында  сот   ишмердүүлүгүн  жүргүзүүгө  бардык шарттар  түзүлдү. Өзгөчө эл  үчүн.  Эми, келген  тараптар  жылуу  жерде процессти  күтүп, сот  залдарында ишти кароого катышууга мүмкүнчүлүк  алышты. Белгилей  кетүүчү  жагдай иш  кагаздары  бирдиктүү  терезеге  киргизилип  ыңгайлаштырылды.  Мындан  сырткары судьяларга,  алардын  жардамчыларына,  сот  отурумдарынын  катчыларына  байланыш   жана аларга  кирүү да чектелди.

Иш чаранын  жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун сот аткаруучусу Кумарбек Торогелдиевге президеттин энчилүү сааты  тапшырылды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *