Токтогул районундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болду

Бүгүн Токтогул районундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болду. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ачылуу аземине Жалал-Абад ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги А. Мамасейитов, Токтогул РИИБнүн өздүк курамы, Токтогул районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундары катышышты.
Аталган райондо буга чейин жол коопсуздук кызматкерлеринин атайын өзүнчө имараты болгон эмес.
2017-жылдын жаз айларынан тартып Токтогул РИИБнин демилгеси менен мамлекеттик казынадан акча кетирбей ашар ыкмасы менен райондук администрация, айыл өкмөттөрү, мекеме- ишканалардын, жергиликтүү элдин колдоосу астында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын имараты толук бүтүп ишке берилди.

Токтогул районунда 6000ге жакын автоунаа каттоодо турат. Ошондой эле, “Бишкек-Ош” автожолунун 137 чакырымын тейлейт. Учурда райондо 7 кызматкер, 2 кызматтык автоунаа менен жумуш алып барууда. Жалал-Абад ОИИБнин башчысы белгилегендей, жаңы ачылган имарат кызматкерлердин шартынын жакшырышы менен жол коопсуздугун камсыздоо багытында тез чара көрүүчү жери болуп саналып, жол транспорт кырсыктарын алдын алууда жана болтурбоодо бирден бир таяныч пункт болооруна ишеничин билдирди. Ошондой эле, Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги Токтогул районунун Чычкан капчыгайында курулган Токтогул стацианардык постунда болду. Эске салсак, бул пост 2017-жылдын 15-ноябрынан бери Ички иштер министринин демилгеси менен “Ош-Бишкек” автожолуна коюлуп, ар кандай кырдаалдарда өз жумушун жүргүзө алат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *