Токтогулда 2 жашар кыз ажатканага түшүп каза болду

2017-жылдын 14-июнь күнү саат 10:50 чамасында Токтогул шаарынын Ак-Чи көчөсүнүн 16-үйүнүн жашоочусу 2015-жылы туулган кыз короодо ойноп жүрүп ажаатканага түшүп кетип, каза болгон. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.

Окуя болгон жерде КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 өрткө каршы кызматынан куткаруучулары каза болгон кыздын сөөгүн чыгарышып ата-энесине өткөрүп беришкен.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *