Токтомат Мүсүралиев, пенсионер: 96 жашка чыкканыма карабай өзүмдүн эмгегим үчүн күйүп жүрөм

Редакциянын эшигин каккылап, таягын таянган аксакал киши кирип келиптир. Жаны кашайып, бир маселеге жини келип жүргөнү ачуу сөздөрүнөн эле билинди. Өзүн Токтомат Мүсүралиевмин деп тааныштырды. Быйыл 96 жашка чыгат экен. Ноокен районунан келиптир. Жетекчилердин кылык-жоругу аксакалды жүдөтүп бүтүптүр. 96 жашка чыккан атаны жаш баладай кылып ойноткон Ноокен районунун акиминин, аксакал нааразы болгон айыл өкмөттүн жоругун жогор жак угуп, тартипке чакырып койбосо уят иш.

— Токтомат ата, канча жашка чыктыңыз?

— Быйыл 96 жашка чыгам. Кызыл-Алма сельсоветинде 1922-жылы 5-майда төрөлгөм.

— Балдар, неберелер барбы?

– 5 уул, 3 кызым бар эле, кыздардын бирөө кайтыш болуп калды. 75 небере бар. Неберенин алды 5 балалуу болуп калды.

– 96 жашка чыгып үйдө келиндердин ысык чайын ичип, неберени эркелетип олтура турган кезде борборго кайсыл маселе менен келдиңиз?

— Айта турган эки маселем бар. Мен бирөөдөн тыйын сурап келгеним жок. Өзүмдүн мээнетиме жана бизге таандык мыйзамдуу жерге ээ боло албай жатканымды айтайын деп сага келдим. Мен согушка барбай калдым. Атам, эжем оорукчан болчу. Согуш учурунда талаа жумушунда иштедим. Көп жыл пахтада жүрдүм. Ошол жылдары ат мингенге бала жок, өзүм жалгыз ат менен кош айдагам. Андан кийин трактор менен эки колхоздун жерин айдап жүрдүм. Эми балам, пенсияга чыкканымда эмгек китепчеме иштеген жылдарымды тактап жазып бералбай адамды кыйнап жатышат. Аким соцфондго барың, Эшенкулов жазып берет деп жиберди. Ага барсам, аким өзү жазып берет деп акимге жиберет. Кайра акимге келсем “Кызык адам экенсиз, ошол жазып берет” деп айтты. Эшенкуловго барсам, ал дагы “Сиз кызык аксакал экенсиз, аким өзү жазып берсин” деди. Келсем архивдеги бала “Барган жериңизде ар кимди күнөөлөй бересизби” дейт. Ушул да сөзбү?! Аксакал адамды дагы ошентеби?! Ачуум келди, эй эшек десе, сенде турбайбы эмгек китепчем, бербейсиңби!- деп катуу айттым. “Менде жок” деп олтурат да. Кимде?- деп сурасам, “билбейм” дейт. Жалал-Абадда пенсиялык башкармалыкка бардым. Жаш бала олтуруптур. 3 өзбек улутундагы кишилер кезекте туруптур. Ээ балам, сага Кудай бериптир. Бул үчөөсүнөн миң сомдон алсаң 3 миң, мен миң сом берсем 4 миң болот. Пулду алгын да эмгек китепчени бергин. Сенде экен го?- десем, “Ава, 10–15 күн менде туруп турсун, өзүм жөнөтүп жеберем” деген. Жибергенде иштеген жылдардын көбүн кыркып салыптыр. Бир-эки ай мурун Жалал-Абадга барып, телевидениеге кирдим. Жетекчисин сурасам Бишкекке кеткен дешти. Мен арыз жазып берейин, ушул ишти териштирип бергиле десем, жетекчи келгенде айтабыз, ошол киши жөнөтсө барабыз деген. Өзбекстан менен биздин өкмөт бири-бирин чакырып, той кылышкан. Тойго биз да бардык. Ошол жерде телевидениеден баргандар “Ава сиздин ишиңизди териштиргени келдик” дешип, мени сүйлөтүп тартып алышты. Мен акимдин алдында арызымды айтайын, ошол жерде тарткыла десем, акимдин адамдары акимди жок деп коюшту. Аким ошол жерде эле жүргөн. Тойдо менин аркамда олтурган. Эми муну эмне десе болот? Бишкекке келип Соцфондго, Социалдык коргоо министрлигине, Башкы прокуратурага чейин кирдим. Бул жактан да текшерүү жүрдү. Бирок, менин иштеген жылдарымды кошпой жатышпайбы.

— Азыр канча пенсия аласыз?

– 5900 сом. Балам, кеп акчада деле эмес. Менин эмгегим жок болуп жатпайбы.

— Бул жакта жогорку адамдардын баарына эле кирип чыгыптырсыз да. Андан кийин да жергиликтүү жетекчилер маселеңизди чечип берген жокпу?

— Башкы прокуратурага киргенден кийин Жалал-Абаддын прокуроруна бардым. Кичинекей кыз бар экен, “Арыз жазыңыз” деди. Жазып бердим. “Бүгүн сиз үчүн чогулуш болот. Чогулушта бар же жок экени билинет” деп айтты. Бир баланы жаныма коюп койду. Бир саат, эки саат өттү. Жанагы баласы “Аксакал олтуруңуз” деп мени эч жакка жылдырбай кармап олтурат. Чогулуш болот деди го десем, “Сиз жок чогулуш өтпөйт” деп коёт. Прокурорго телефон чалды. Ал “аксакалга тамак алып бергиле” деди окшойт. Мага ашканага алып барып тамак алып берди. Барайлы десем, “Аксакал кызык экенсиз, келсе сизди чакырат” деп жылдырбайт. Ал жерде дагы 3 сааттай олтуруп, анан бардык. Ал күнү деле эч нерсе чечилбеди. Бишкектен барган адамдарга мени жолотпой, өздөрү билгендей иш кылып атышат да.

— Бул биринчи маселеңиз экен. Экинчи маселеңиз кандай?

— Экинчи маселем мындан да кызык. Ар бир жаранга үй салууга жер берилген эмеспи. Менин балама да жер берилсин деген айыл өкмөттөн токтом чыккан. Бирок, жерди ушул күнгө чейин беришпейт. Башка бирөөгө сатып жиберишсе керек. Башкы прокуратурадан чечим чыгыптыр, ошол чечимди аткаргыла деп кат жолдосо да айыл өкмөт аткарбай келет. Болбосо айыл өкмөттүн башчысы Замир өзүмдүн жээним болот. Бул жактан баргандан кийин райондун прокуратурасы жээними, жер адистерин чакырып “Бул кишинин баласына жер берилсин деген токтомду аткарып, жер берилсин” деп айтты. Жээним ушул күнгө чейин жерди карап да коё элек. “Сизге жер берсем, элдер тагасына жер берип койду деп айтат” дейт. Ушул да сөзбү? 96 жашка чыкканда баламдын жерин алып бере албай жүрөм. Үнүмдү жогор жак угуп калса, жерди бергиле деп айтса керек. Же биздин жетекчилер пул менен гана сүйлөшүп калганбы? 96га чыккан атаны эки жакка чуркатпай, мээнетими такташып, баламдын мыйзамдуу жерин берип, батамды алса өздөрүнө эле жакшы болмок.

Булак: Жаны Ордо

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *