Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” китебинин жаралуу тарыхы

Али калың журтка аты белгисиз жаш жазуучу Төлөгөн Камымбековдун “Сынган кылыч” аталыштагы китебинин биринчи бөлүгү алгач “Ала-Тоо” журналында сандан санга уланып, ошол 1966- жылы кыргыз окурмандарын катуу дүрбөтүп салды. Кыргыз эли өз тарыхына суусап турганы ушул китеп чыгаары менен билинди. Дүрбөлөң ушунчалык болгонун мындан билсе болот. “Сынган кылычтын” кийинки саны менен чыккан “Ала-Тоо” журналы тез арада сатылып кетти.
Буга чейин, илгери жаш акын Алыкул Осмоновдун “Жолборс терисин жамынган баатыр” котормосу менен, Касымаалы Жантөшевдин детективдүү “Каныбек” романы талашып окулган китептер эле.
А бирок, “Сынган кылыч” китебинин үзүндүлөрү жарыяланган “Ала-Тоо” журналы бир күн ичинде сатылып бүтүп, эртеси кечигип барган окурмандардын таппай калышы, кыргыз адабият тарыхында биринчи жолу болду. Кийин китептин өзү басмадан чыгаары менен тез арада сатылып кетти. Сатып алганга үлгүрбөгөндөр китепканаларга агылды. Бара- бара китепканалардан да ал китептер уурдалып жок болуп кетти.
Бул окуя, аты мурда белгилүү болгон бир топ жазуучулардын абройлоруна шек келтирбей койгон жок. Болгону 35 жашка эми толгон Төлөгөн, “Сынган кылыч” китебинин биринчи бөлүгү менен авторитеттүү эсептелген калемдештеринин арасынан ичи күйгөн душмандарды жаратып алганын билди. Калемдештери мындай турсун, Компартиянын идеологдоруна кооптонуу жаратты. Анткени Төлөгөн тарыхты ачык жазып таштаган. Алдыда китептин экинчи бөлүгүн жазып бүтүрүү максаты турган эле.
Бут тозуп, китептин экинчи бөлүгүн чыгартпаш үчүн айрым адамдар бир топ жазуучуларды уюштуруп, тымызын аракеттер жасала баштаганын көргөн Т. Касымбеков сактанып;- “Экинчи китебиң кандай окуялар менен коштолот, мазмууну кандай? Качан жазып бүтүрөсүң? Баштадыңбы?” – деген суроолоруна, азыр даяр эмесмин, материалдар жетиштүү эмес, качан баштаарым белгисиз, деген ишенимсиз жоопторду берип, алардын чабуулун үч- төрт жылга токтото алды.
Ал эч кимге билгизбей, айтпай жашыруун түрдө жазып чыгууга мажбур болду. Чындыгында “Сынган кылычтын” экинчи бөлүгү жазылып жатканын санаалаш жазуучулар эмес, сырдаш достору да билген жок. Бекинип алып жазды. Шарт оор эле. Билип калышса каршылаштары китепти чыгартпай, өзүн басмырлап коюшу толук мүмкүн эле.
Арадан үч жыл өтүп, экинчи бөлүк жазылып бүтүп басмага даяр болгондо гана билишти. Муну кеч билип калган каршылаштары кайра биригип эми китепти чыгартпаштын жолун издешет. Төлөгөндүн жердеши болгон аксакал Темиркул Үмөталиевди даярдашат. Муну уккан Төлөгөн ойлонот, анан жолун табат.
Белгилүү акын Аалы Токомбаев менен Т. Үмөталиевдин бири-бирине өч экени калың журтка белгилүү эле. 1937-жылдары Аалы акын жалган жалаа менен түрмөгө отуруп чыккан. Бир колдосо Аалы Токомбаев колдошу мүмкүн, деп ойлогон жаш жазуучу Аалынын алдына барат. Болгонун болгондой кылып, өзүнө каршы Т. Үмөталиевди сүйлөткөнү жатканын айтып берет.
Аалы аксакал кол жазмага көз жүгүртүп таанышат да жактырып жазуучулар жыйынына барып катышууга макулдугун берет.
Ошетип 1969-жылкы “Сынган кылычтын” экинчи китебин басмага чыгаруу боюнча жазуучулардын чоң жыйыны өткөрүлөт.
Берегилер Токомбаевди жыйынга келип катышат деп ойлошкон эмес. Себеби ал киши көптөн бери жыйынга катышпай жүргөн.
Жыйын башталайын деп калганда күтүүсүздөн Аалыке кирип келип орто жерден орун алат. Жыйын башталып, төргө, президиумга келип отуруңуз деген сунушка болбойт, “ушул эле жерге отуруп калдым, ракмат сунушуңарга” деп жазуучулардын арасындагы ордунда кала берет. Бирин экин маселеден кийин “Сынган кылычты” басып чыгаруу боюнча талкуу башталат. Трибунага Т. Үмөталиев чыгып сөз сүйлөйт. Китепти жамандап келип аягында: -“Т. Касымбеков молдонун, башкача айтканда эзүүчү таптын баласы, биринчи бөлүгүндө элди эзген хандыкты көтөрмөлөп жазган. Мен экинчи бөлүгүн окуган жокмун, бирок мындай китепти чыгарууга болбойт!” – деген бүтүм чыгарат.
Ошондо А. Токомбаев сөз алып трибунага чыгып катуу сүйлөйт:
-Эй Темиркул! 37-жылдагы мени каматкан сенин канкорлугуң кайра кармап калса керек! Биз кайсы заманда жашап жатабыз! Кол жазманы мына мен окудум, сен окубасаң! Жакшы жазган. Мындай китепти дагы жүз жыл бою сен Темиркул, башкалары дагы жаза албайт! Бул китепти чыгарбай койсоңор, баарыңар уят болосуңар. Чыгарыш керек! – деп баса-баса сүйлөм менен бүтүрөт.
Ошондогу Жазуучулар Союзунун секретары Токтоболот Абдымомунов:
-Чын эле окубаган китепти кантип талкуулайбыз? Китепти чыгарыш керек, андан кийин талкуулайлы – деген жыйынтыкты өзү чыгарып, добушка салбай жыйынды жаап койот.
Башка эч ким сүйлөй албай калган. Эгерде добушка салса, жыйын экиге бөлүнүп, чоң ызы-чуу чыгып кетмек.
Ушундай талаш тартыш менен “Сынган кылычтын” экинчи китеби добушу жок басмакананын планына кирип калган.
Китеп 1970-жылы басылып чыгып, кийин автору Төлөгөн Касымбековко аябагандай зор сыймыкка ээ кылган. Бул китеп, дүйнөнүн бир топ тилдерине которулуп, өзүбүздө 39 жолу кайра басылып чыккан!

Акыркы сөз. Китептин “Сынган кылыч” аталышы Союз убагында Кокон хандыгынын сынышы деп айтылган эле. Чындыгында Россия империясы Кыргыз жерин басып алганда – кыргыз элинин сынганын каймана айтып жар салган биринчи китеп эле.

Эр Таргын
10.03.2018-жыл.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *