Төлөгөнов менен Текебаев бир түрмөдө олтурат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов жаза мөөнөтүн №47абакта өтөйт. Бул тууралуу«24.кg» агенттигине анын жубайы Чолпон Кошоева билдирди. Анын айтымында, Райкан Төлөгөновдун жаза өтөө ордун аныктоодо ден соолугу боюнча өтүнүчтөр эске алынды. Бул туурасында Чолпон Кошоева:

«№ 47 түрмөдө эки бөлүк бар экен. Менин түшүнгөнүмө караганда, Райкан Төлөгөнов ачык бөлүгүнө которулат. Ал эми Өмүрбек Текебаев жабык бөлүгүндө олтурат. Эми аны № 1 тергөө абагынан № 47ге которушу керек», – деп айтты.

Эскерте кетсек, Райкан Төлөгөнов ден соолугуна байланыштуу, Биринчи май райондук сотуна арызданып, шаардык сотко кайрылуудан баш тартты. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги мародерлук иши боюнча айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Ага карата сот үч мунапыс колдонуп, жаза өтөө мөөнөтү 5 жыл, үч айга кыскартылган.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *