Төлөн Абдыров, экономика илиминин доктору, профессор: “Тышкы карыздан кутулуу 2018-жылдан башталат”

Экономика илиминин доктору, прфессор АБДЫРОВ Төлөн агай КР эл аралык университетинде эмгектенет. Бул университетте ачылган мамлекетти башкаруу жогорку мектебинин мүдүрү. Андан тышкары экономика жана башкаруу кафедрасынын башчысы катары экономика жана мамлекетти башкаруу системасына, бизнести башкарууга студенттерди окутуп, мамлекетте иштеген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстарында иш алып барып, биздин экономикабыздын өсүшүнө салым кошо турган жакшы пикирлерин коомчулук менен бөлүшүп келет.

— Биздин экономикалык серепчилер “өлкө экономикасында өткөн жылы өсүш болду” деп белгилешүүдө. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков бул жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп белгиледи. Аймактарыбыздын акыбалы кандай? Өсүш болдубу?

— Ооба, өсүш болду. 3,5%дан жогорураак өсүш болду. Өсүш негизи айыл чарба азыктарын өндүрүп, жеңил өнөр жай боюнча кийим тигип, экспортко жибергенибизден жылыштар болууда. Андан тышкары, анча-мынча болсо дагы тоо кен байлыгын, алтын кенин иштетип чыгып жаткан кендерден жылыштарды көрүп жатабыз. Ошонун негизинде жалпы дүң продукциясында да өсүштөр байкалат. Президентибиз айтып кеткендей, “Аймактарды өнүктүрүү жылы” болуп жарыяланды. Өзүңүздөр билгендей Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде аймактарды өнүктүрүү концепциясын иштеп чыккан. Ал концепцияда тандалган 20 аймак камтылып, ошол аймактарда кайсы өнөр жайды кайсы багыттарды алып баруу боюнча аныкташкан. Эми президент болгондон кийин ошонун уландысы катары аймактарды өнүктүрүүгө белсенгени абдан жакшы. Анткени, баардык өнүгүү айылдан башталат.

Эми айылдын акыбалы оор эле. Бизде деле жер-жерлерде кээ бир айылдарда  жашоолору тың болуп, иш аракеттерин жүргүзүп жаткандары жок эмес. Эми мамлекет тарабынан көмөк көрсөтүлсө, айылдар жакшы нукка түшөт.

— Бюджетибизде тартыштык, тышкы карызыбыз болсо жыл санап өсүүдө. Тышкы карыздын кандай кооптуулугун баса белгилеп айта аласыз?

— Туура, бюджетте тартыштыгыбыз бар. Тышкы карызыбыз болсо көлөмү 4 миллиард доллардан ашык болуп калды. Тышкы карыздын кыйынчылыктары да көп. Эгерде баса белгилесек, бул карызды алгандан кийин качандыр бир убакта кайтарып бериш керек. Кайтарганда да жөн кайтарбай үстөк пайызын кошуубуз зарыл. Биз эгемендүүлүк алган жылдардан тарта эле кредиттер алына баштаган. Алардан кутулуу мезгилибиз 2018-жылдан башталып жатат. 2022-23-жылдар азыркыдан да оорураак болот. Анткени үстөк пайызыбызды кошуп бере башташыбыз керек. Эң кем дегенде 350-400 миллион доллардын тегерегинде болот. Ошол долларларды биздин өлкө төлөп турушу керек. Көп мамлекеттердин тарыхын карап көрсөк, алар деле алышат, бирок алар натыйжалуу иштетип, максатына жүгүртүп, жакшы иш аракеттерге жетишет. Биздики болсо канча жылдан бери жыйынтыгы, натыйжалуулугу жок. Ошол эле билим тармагына 380 млн. доллардын тегерегинде кредит, гранттарды алдык. Ошонун ичинде 120 млн. доллары грант, калганы кредит. Карап көрсөк, ошол билим берүү тармагын жогорулатуу, билим процессин жөнгө салуу ири долбоорлору башында аталып кетти эле, а бирок бүгүнкү күндө эл аралык рейтингдерди карап көрсөк, биздин өсүшүбүз болбой эле тескерисинче төмөндөп баратабыз. Андан тышкары, көп эле инфраструктуралык долбоолор, энергетика, жол маселелери болобу, аябай көп суроолор бар. 2010-жылдан бери кичине жакшы жыйынтыктар болууда. Кредиттер алынып, “Датка-Кемин” электр тармагына жумшалды. Ошол иш көзгө көрүнөт. Өзүбүздүн коопсуздугубузду энергетика жагынан бекемдеп, Өзбекстан, Казакстанга көз каранды болбой калдык. Кээ бир долбоорлордун жакшы жыйынтыгы болсо ушинтип көрүнүп калат. Дагы бир эске сала турган нерсе, бир эле мамлекеттен көп өлчөмдө кредит ала берүүнүн кооптуулугу бар. Биз акыркы убакта Кытайга тышкы карызыбыз кескин көбөйдү.

— “Экономикабызда экспорт өсүүдө” деп белгилеп жатабыз. Бирок жыргап иштеп кеткен деле завод-фабрикаларыбыз жок. Импорт өтө басымдуулук кылат. Импорттун экономикабыздын өсүшүнө кандай коркунучу бар?

— Жогоруда белгилегендей, биринчиден, айыл чарба продукциябыз, жеңил өнөр жай жана алтын кендерибиздеги кирешелерди белгилесек болот. Экспорт жагынан саясатыбызды өзгөртүп, мамлекеттин жаңы долбоорлорун иштеп чыгышыбыз керек.

Биздин экономикабызда импорт өтө басымдуулук кылат. “Кандай коркунучу бар?” дегениңизге азык-түлүк боюнча айтсак болот. Айрыкча тогуз белгиленген азык-түлүк продукциясы бар. Биз алардын үчөөсүндө гана сактанып келе жатабыз. Калганы импорттолуп чет жерден келет. Ал кандай даярдалып келет? Бизге белгисиз. Эң негизги коркунуч мамлекет тарабынан качан жаралат? Экономикабызда 35%дан көп импорт болсо, ошол мамлекетке коркунуч жаратат. Кошуна өлкөлөрүбүз деле өндүрүштөрүнө көңүл буруп, жакшы шарттарды түзүп жатышат. Жеңилдетилген кредиттерди берип, каржылап жатышат. Биз дагы ошонун баарын эске алышыбыз шарт. Аракетибизди көрүшүбүз керек.

ЕАЭБдин жыргалчылыгын мигранттарыбыз көрүп жатабы? Кандай оң-терс жактарын белгилей аласыз?

— ЕАЭБдин алкагындагы турмушубузду карасак, жакшы жактары да, терс жактары да бар. Жакшы жагы – кыргыз өлкөсү үчүн абдан чоң рынок ачылды. 180 млн. калктуу чоң рынок биз үчүн ачылды. Биздин мигрант балдарыбызга жакшы шарттар түзүлүп жатат. Алар иштеп жатканда Казакстанда болобу, Орусияда болобу, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жатышат. Биздин айыл чарба азыктарыбыз да ЕАЭБдин алкагына кетип жатат. Бирок, акыркы убактарда атайын техрегламенттер кирди. Ошол техрегламенттин негизинде иштерди жүргүзүп, лабораторияларды ачалы. Өндүргөн азыктарыбызды ошол стандарттарга тиешелүү кылып жасашыбыз зарыл. Болбосо, “чек араларда фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл” деп биздин азыктар өтпөй калып жатат. Техрегламеттердеги стандарттар менен иштешибиз керек. Бул жолду жакшылап өздөштүрүп алсак, продукциябызды жалаң эле ЕАЭБге эмес, ВТОнун мамлекеттерине да жөнөтүп калабыз. Бул стандарттар бири-бири менен шайкеш келет. Андан тышкары, В+ деп туруп Евросоюздарга да продукциябызды жөнөтсөк болот. Мүмкүнчүлүктөр көп. Биз түшүнөлү, ошол эле Орусия өз айыл чарбасына 4 млрд. доллар жардам берет. Казакстан болсо 1 млрд. доллардын тегерегинде жардам берет. Бизге болсо эч ким жардам бербей эле айыл чарбадагы дыйкандар өз аракеттерин көрүп келет. Мамлекет тарабынан жок дегенде жогоруда белгилеген стандарттарды киргизип, лабораторияларды ачып, лицензияларды берип, көмөк көрсөтүүлөрү шарт.

— Бизде экономикабызды алдыга жылдыра турган, эртеңкиден үмүттөндүргөн жаш экономисттер мууну барбы?

— Өзүм билим берүү тармагында иштеп жаткандыктан айта кетчү нерсем бар. Биздин сабаттуу, экономиканы жакшы түшүнгөн жаңы муун бар. Көп жаштарыбыз чет өлкөлөрдө билим алып жатышат. Көпчүлүгү ошол өлкөлөрдө калып, иштеп жатышат. Алар түздөн-түз жакшы тажрыйба топтошту. “Кыргызстанда шарт түзүп берсек келе алышат” деген ишеничим бар. Алар келип өз билимин, тажрыйбасын бул жакка бөлүшкөнгө даяр. Бирок, билим системасы ойдогудай болбой жатат. Бүгүнкү күндө кандай адистерге муктажбыз? Кандай тармактарды өнүктүрөбүз? Кайсы жол менен кетебиз? Ошого байланыштуу адистерди даярдашыбыз зарыл.

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *