Тоңдо жол кырсык болуп, бир адам көз жумган

Ысык-Көл областынын Тоң районунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Тоң районунун Кара-Коо менен Коңур-Өлөң айылдарынын ортосунда “Форд Фокус” жана “Фольксваген Пассат” унаалары сүзүшүп, натыйжасында “Пассаттын” айдоочусу көз жумган. Андан сырткары беш адам жабыркаган.

Жабырлануучулар жакынкы ооруканага жеткирилген.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *