Тоо-Кен тармагы КРда өнөр-жай өндүрүшүнүн локомотивы

Кийинки күндөрү ММКда тоо-кен тармагы боюнча кызыгуулар пайда болуп, жылуу сөздөр айтыла баштады. Мага, бул тармактын адис-профессионалы катары телефон аркылуу жана айрым адамдар менен жолукканда да бул маселе боюнча түшүндүрмө берүүнү суранышууда. Бул тармактын адам баласынын тарыхындагы, ошондой эле КРнын экономикалык өнүгүүсүндөгү ордун жана ролун эске алып, сиздердин гезит аркылуу кыскача баяндама берүүнү туура таптым.

Бул тармак дүйнөлүк практикада татаал өндүрүштүн эсебине кирет, бул тармактын продукциясын колдонбогон бир дагы өндүрүш жана өлкө жок. Кыргызстанда кен байлыктарга жетиштүү өлчөмдө бар экендигин билингенден кийин, Советтик доордо бул тармакка өзгөчө мамлекеттик көңүл бурулуп, өлкөбүз тарыхый кыска мөөнөттө айыл-чарбасы өнүккөн, өнөр-жайлуу өлкөгө айланган. Мындай жетишкендикте тоо-кен тармагы «локомотив» катары бааланган. Кейиштүүсү, Советтер Союзу тарап, өлкөнү эгемендүү башкарууга өткөндө, элдин кызыкчылыгын ойлобогон мамлекет жетекчилери улуттук адистердин сунуштарын укпай, чет элдик аферисттердин сунуштарын ишке ашырып, жер казынасын кен байлыктарынын талап тоноочулукка дуушар кылган. Жалпы эле өнөр-жай өндүрүшү, айрыкча тоо-кен тармагы бүгүнкү күндө талапка жооп бербейт.

Өткөн жылдын башында, КРнын Президентинин демилгеси менен КРнын 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясын иштеп чыгуусу сунушталган.

2017-жылдын апрель айында өткөзүлгөн Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин жыйынынан кийин ассоциациянын адистери бир нече жолу кеңешүүлөрдү өткөзүшүп, «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн 2040-жылга чейинки» программасын түзүү сунушун толук колдоо менен бул программанын элдик талкууга даярдалып жаткан долбооруна тоо-кен тармагы боюнча эң керектүү жана негизги төмөнкү иш-чараларды кошуп коюуларын суранганбыз. Алар төмөнкүлөр:

1) тоо-кен тармагында негизги болуп эсептелген КРнын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына кыргыз элинин кызыкчылыгын коргогон, коррупцияланган элементтерден тазаланган өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жаңыча түзүп чыгуу, бүгүнкү күндүн кечиктирилгис талабы. Бул мыйзамды түзүүдө тоо-кен тармагында иштеген адистердин катышуусу керек.

2) тоо-кен тармагынын өзгөчөлүгүн, татаалдыгын эске алып, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуп, КРнын Конституциясынын талабын (п.5 ст.12) ишке ашыруу максатында, бул тармакты бирдиктүү башкаруу структурасын түзүп чыгуу зарыл. Бул иш-чараны ишке ашыруу менен капиталдарды жана интеллектуалдык күчтөрдү топтоштуруу (концентрациялоо) маселеси чечилет, көп өлкөлөрдө (айрыкча мурдагы социалисттик өлкөлөрдө) колдонулуп жаткан мамлекеттик жана жеке менчиктердин биригүү (партнерство) методдорун кенен колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы эң татаал суроо кен казуу менен геологиялык изилдөөлөрдүн, чалгындоочулардын ортосундагы карама-каршылыктар жоюлуп, сырьелук ресурстарды камдоо маселеси өз убагында чечилет.

3) илим жана өндүрүштүн интеграциясына кенен жол ачып, биргелешип иштөөгө шарт түзүү. Тоо-кен тармагы илимдин жетишкендиктерин колдонуп, инженерлик расчетсуз алдыга жыла албайт. Эске салып коёлук, Кыргыз илимдер академиясы Кыргызстандагы Г еология илим изилдөө институттунун негизинде (базасында) түзүлгөн, Кыргыз тоо-кен илим изилдөө институту эң алдыңкы илимий уюмдардын бири болгон.

4)кадрларды тандоо, тарбиялоо маселесин чечүү. Тоо-кен тармагында бүткүл дүйнөдө жетектөө органдарында бул тармактын такшалган адис-профессионалдары иштешет. Кыргызстанда өлкөбүздү эгемендүү башкарууга өткөндөн баштап бул маселеге эч кандай көңүл бурулган эмес, эмнегедир чет элдик тоо-кен тармагы боюнча сабатсыз адамдарга башкартууга жол берилген. Жыйынтыгын мына бүгүн биз көрүп жатабыз. Кыргыздын жакшы сөзү бар: «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дейт.

Биз сунуштаган тоо-кен тармагын уюштуруудагы негизги иш-чаралар экендигин дүйнөлүк практика далилдеп жатат, Ассоциациянын адистери ар бир пунктту боюнча кенен түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Маалымат катары айтып коёлук: III съездде (2014-жылы) шайланган жетектөөчү орган -кеңеш 35 адамдан турат. Алардын төрт мүчөсү Кыргыз илимдер академиясынын академиктери, он мүчөсү илимдин докторлору, 17 мүчөсү «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген кызматкери» деген наамын алышкан инсандар.

Кийинки мезгилдерде КРнын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков, Улуттук Советинин секретары Н.М.Ахмедованы, андан кийин КРнын өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу мамлекеттик комитеттинин төрагасы У.Д.Рыскуловду кабыл алгандан кийин маалымат каражаттарында тоо-кен тармагынын өнөр-жай өндүрүшүндөгү орду жана аны өнүктүрүүдөгү жылуу сөздөр пайда болду. Бул сунуштар бул тармакка мамлекеттик көңүл бурулуп, өнүгүүсүнө шарт түзүлө тургандыгы боюнча ишеничтин негизи экендигин эл арасында кызуу кабыл алынууда.

Дүйнөлүк өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү практикасы көрсөткөндөй, байлык өндүрүштө пайда болот. Бүгүнкү шайланган Кыргыз Республикасынын Президента мурдагылардан айырмаланып эл арасында, өндүрүштө өскөн, такшалган адам катары, бул маселени колго алып, республикада экономиканы өстүрүүгө айрыкча көңүл бураарын эске алсак, тоо-кен тармагында мамлекеттик саясатты өзгөртүп, элдин пайдасына иштетээрине шек жок экендигин далилдейт. Коомдун базиси экономика экендигин эч ким тана албайт. Ассоциация сунуштаган төрт пункттан турган иш-чаралар терең чечмелөөнү жана түшүндүрмөнү талап кьшат. Бул макалада биринчи берене боюнча ой бөлүшөлү деген чечимге келдик.

Тоо-кен тармагында КРнын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамы чечүүчү ролду ойнойт. Бул мыйзам менен кен байлыктарын изилдөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө жолдомолор (лицензиялар) берилет. Өлкөбүз эгемендүү башкарууга өткөндөн кийин чет элдик айрым «консультанттар» кыргыз элинин энчиси жана мамлекеттик менчик болуп эсептелген табигый байлыктарды өзүлөрүнүн кызыкчылыгына пайдалануу максатында бул мыйзамды айрыкча либералдаштыруу жолу менен тоо-кен тармагына башаламандыкты киргизип, арамзаа ойлорун ишке ашырууга аракеттенишкен. Кыргызстанда 1997-жылы бекитилген КРнын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү аракеттери 2003-2005 жылдарда башталган. Бул иш-чаранын башында Максим Бакиев турган, чет элдик «консультанттар» жана К.Курманалиев (экс-министр), В.Богдецкийге (өз убагында «Кыргызалтын» жетекчисинин, андан кийин жогорку бийликтегилердин кеңешчиси) окшогон адамдар жүргүзүшкөн. Булардын түзгөн закондун долбоору 2009-жылдын 9-февралында КРнын Жогорку Кеңеши уюштурган тегерек столдо талкууга алынган. Талкууга катышкандардан 25 киши өзүлөрүнүн сунуштарын киргизишип, жыйынтыгында бул долбоорду бекитпөө сунушталган (бул жыйындын стенографиялык жазуусун окуңуз).

2010-жылдын апрель айындагы элдик революциянын жеңиши менен жаңы бийлик тоо-кен тармагындагы башаламандыкты тактоо максатында, 2010-жылдын ноябрь айында Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева кол койгон өкмөттүк комиссия түзүлүп, анын курамына улуттук адис-профессионалдар болушкан. Бул комиссия өлкөбүздө тоо-кен тармагындагы лицензияларды берүүдөгү башаламандыктардын бетин ачып, кетирилип жаткан каталыктарды жоюунун жолдорун көрсөткөн сунуштар менен аткаруу бийлигине жөнөтүлгөн. Кейиштүүсү, аткаруу бийлигинин курамында тоо-кен тармагынын адис-профессионалдар болбогондуктан чечкиндүү иш-чаралар көрүлгөн жок. Тоо-кен тармагынын көп жылдык тажрыйбасы бар улуттук адистер жаңы бийликке чакырылган жок. Жыйынтыгында 2011-2012 жылдары жүргүзүлгөн тоо-кен тармагын реформалоо бул тармакка тескери таасирин тийгизди, массалык жоопкерсиздикти пайда кылды. 2012-жылдын апрель айында аткаруу бийлигинин жетекчилеринин (вице-премьер министр Ж.Оторбаев, экономика министри Т.Сариев) демилгеси менен КРнын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакцияланган долбоору кабыл алынды. Бул мыйзамды түзүү чет элдиктер тарабынан каржыланып, улуттук адис-профессионалдардын сунуштарын кабыл албагандыкган, эл арасында айрыкча либералдашкан, тоо-кен тармагын мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгарууга багыталган мыйзам катары кабыл алынды. Бул баа иш жүзүндө далилденди. 2013-жылы бул мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди, бирок негизи өзгөргөн жок.

Кээ бир каталыктарга токтоло кетели:

  1. Лицензиялар максатсыз, эч кандай изилдөөсүз, тоо-кен тармагы боюнча түшүнүгү жок адамдарга бериле баштагандыктан, мамлекеттик менчик, элдин байлыгы талоончулукка айланды. Документте көрсөтүлгөндөй, 2003-жылдан 2017-жылдын ичинде 6 миңден ашык лицензия берилген. Бүгүнкү күндө колдогусу эки минден ашат. Булардын канчасы ишке кирип, элге пайдасы тийгизгени канча бул чоң суроо?
  2.   Лицензияларды берүүдө конкурстук жана башка комиссиялар түзүлөт. Алардын курамында адис-профессионалдар кирбейт, анткени мыйзамда комиссиянын курамында кимдер болуш керектиги көрсөтүлгөн, алар: чиновниктер, бийлик тарабынан көрсөтүлгөн коррупцияланган адамдар болуп эсептелет. Жыйынтыгында конкурс менен берилген лицензиялар элдин кызыкчылыгын коргобогон чечимдер болуп калууда. Буга мисал катары «Жерүй» алтын кени, «Бел-Алма» көмүр кендериң айтсак болот.
  3. Лицензияны бергенден кийин контракт (мамлекеттик деңгээлдеги келишим) түзүлбөйт. Баасы миллиардаган сумманы түзгөн мамлекттик байлыкты берип жатып бул проектти аткарууга катышкан уюмдардын, жеке адамдардын милдеттерин, жоопкерчилигин тактаган мамлекеттик документ түзүлбөйт. Ушундай жоопкерчиликтүүлүктү аныктай турган юридикалык документ мыйзамга киргизилбей калган. Мындай сунушка тоо-кен тармагынын өзгөчөлүгүн түшүнбөгөн айрым бийликтин өкүлдөрү карты турушкан. Тоо-кен тармагында дагы бир өзгөчөлүк – ар бир кендердин айырмасы өтө чоң, бүткүл өлкөдөгү кендердин өзгөчөлүгүн мыйзамга жазууга мүмкүн эмес, ал өзгөчөлүктөр контрактта жазылууга тийиш.
  4. Дүйнөлүк практикада өндүрүштү башкарууда корпоративдүү – демократиялык башкаруу калыптанган. Өндүрүштүн уставдык капиталындагы үлүшүнө байланыштуу өндүрүштү башкаруунун кеңеши түзүлөт. Кыргызстанда табигый байлыктар элдин энчиси, мамлекеттик менчик экендиги КРнын конституциясында так жана даана жазылган. Демек, Кыргызстанда кендерди иштеткен фирмалардын уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү болууга тийиш, кен байлыктардын запасы (кору)-элдин энчиси уставдык капиталдын негизи экендигин түшүнүүгө убакыт келди. Уставдык капиталда Кыргызстандын үлүшү болбогондуктан, өндүрүштү башкарууга катышууга укугу жок жана түшкөн таза кирешеден дивиденд Кыргызстанга түшпөйт. Маселен: инвестордун эсептөөсү боюнча «Жерүй» кенин иштетүүдөн бир миллиард 533 миллион доллар таза киреше түшөт, Кыргызстанга бир да цент бюджетке түшпөйт, анткени уставдык капиталда Кыргызстандын үлүшү жок.

Буга окшогон каталыктарды эсептесек ондоп саналат, бул жөнүндө ассоциациянын адистери системалык түрдө айтып келебиз. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтери бул маселеге көңүл бурушпайт. Жыйынтыгында кыргыз элине таза кирешеден бюджетке акча түшпөйт жана Кыргыз Республиканын Конституциясынын талабын аткарбай жаткандыгы далилденүүдө. Ошондуктан 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамын оңдоп чыгуу чечими кабыл алынган. Өткөн жылы КРнын ЖКши адис-профессионалдардын сунуштарын кабыл албай, үч окуудан өткөзүп, КРнын Президентине кол койдурууга жетишишти.

Ошентип эки жылдан ашык талкууланып (2016-2017-ж.ж.) кабыл алынган мыйзамда коптогон кемчиликтер кетирилгендиги жөнүндө тоо-кен адистери кейүү менен айтышууда. Ассоциациянын адистери тоо-кен тармагындагы акыбалды изилдөөнүн негизинде өлкөбүздүн жетекчилерине мурдагы төрт сунушка дагы эки пункт сунушту кошуп кайрылуу кабыл алышты. Бул кайрылуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланды («Азия news» №32 (268) 2018-жыл, 16-август).

Биз бул макалада Кайрылууда сунушталган иш-чаралардын биринчи пунктуна кенен түшүндүрмө бердик. Тоо-кен тармагынын адистери калган бөлүмдөрүн толук баяндама берүүгө даяр экендигин билгизишет. Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациянын бийликтин жетекчелерине жөнөтүлгөн кайрьшуунун негизги максаты: бул тармактын адис-профессионалдарынын сунуштарын көңүл коюп угуп, табигый байлыктарды эффективдүү пайдалануу жолун таап, элдин, өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштетүү бүгүнкү күндүн кечиктирилгис талабы экендигин эскертип коюу болуп эсептелет. Адис-профессионалдардын эсептөөлөрүнө караганда, табигый байлыктарды башкаруудагы саясатты өзгөртүп, элдин кызыкчылыгына иштетүү менен бул тармакты республиканынын экономикасынын өсүшүндөгү «локомотив» ролун аткарууга толук шарттар бар.

О.Дүйшеев, тоо-кен инженери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген кызматкери

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *